Got a TV Licence?

You need one to watch live TV on any channel or device, and BBC programmes on iPlayer. It’s the law.

Find out more
I don’t have a TV Licence.

Корутунду

  1. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү Көк-Таш айлында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
  2. Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынын жергиликтүү тургундары кичи автобустар менен Баткен шаарына жеткирилди.
  3. Кечээ кечинде кырдаал куручуп кетти. Бир кыргызстандык милиция кызматкери октон жаракат алган.
  4. Чек арадагы чырды иликтөө үчүн Кыргызстан менен Тажикстан биргелешкен тергөө тобун түзмөк болду.
  5. Жаңжалда жаракат алган үч кыргызстандык ооруканада

Түз алып баруу

Британиянын убактысы боюнча көрсөтүлгөн

  1. Баткен: Үйлөрүнөн убактылуу чыгып кеткен тургундар

    Чек ара чатагы катталган аймактан балдар жана аялдар чыгарылып, мектеп убактылуу жабылган. Журналист Аскар Баймуратовго тургундар азыркы абалы тууралуу айтып беришкен.

    View more on facebook
  2. Мамат Айбалаев: Мүмкүнчүлүк бар учурда бийлик чек араны чечүүгө кызыкдар болгон эмес

    Баткендин алгачкы губернатору Мамат Айбалаев кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча Би-Би-Сиге маек курду.

    Мамат Айбалаев: Кыргыз-тажик чек ара маселесин эгемендик алган алгачкы жылдары чечип алсак жеңил болмок. Ал кезде мүмкүнчүлүктөр дагы көп эле. Бирок ошол кезде Аскар Акаев президент болдум деп күпүлдөп, асманда учуп жүрүп убакытты өткөрүп жиберди. Анын үстүнө, Акаевдин эрки жок эле. Чек араны тактоого кызыккан жок. Ал эйфорияда гана жүрүп алды. Убакыттын өтүшү менен болсо чек ара маселеси оорлошо баштады. Чек ара көйгөйү мурдагы бийликтен, азыркы бийликке чоң белек болуп калды.

    Би-Би-Си: Чек ара маселесин өкмөттөр аралык комиссия карап, бирок чече албай келет. Буга чейин деле кыргыз-өзбек чек арасында чыр-чатактар көп катталып, бирок саясий деңгээлдеги колдоодон улам маселе жөнгө салынды да. Ал эми кыргыз-тажик чек ара маселсин жогорку деңгээлде кароого эмне тоскоол болуп жатат?

    Мамат Айбалаев: Бул көйгөйдү өкмөт аракет кылып чечиши керек. Компромисстик жол менен сүйлөшүү жүргүзсө болот. Эгер ошол өкмөттөр аралык комиссиянын иши илгерилебей жатса, анын курамын кесипкөй адистер менен толуктоо керек. Комиссия алгылыктуу иш алып бара албай жатса, анын курамындагыларды эмнеге кармап отурабыз?

    Би-Би-Си: Мамлекеттер аралык кандай гана маселе болбосун компромисстик жол менен чечилиши керек деп жатасыз. Ушундай жол менен чечүүгө эмнеге дипломатиялык дарамет жетиштүү болбой жатат?

    Мамат Айбалаев: Чек ара маселесин жөнгө салуу биринчи кезекте Тышкы иштер министрлигинин, элчиликтин милдети. Ал эми биздин элчилер кандай иштеп жатат? Эки-үч күндөн бери Баткенде ызы-чуу болуп жатат. Биздин элчи болсо Дүйшөмбү шаарында мейман болуп отурат. Маселени кыргыз-өзбек чек арасы сыяктуу эле жогорку саясий деңгээлде чечип алсак болот. Ага азыркы мамлекет башчынын тажрыйбасы дагы, мүмкүнчүлүгү дагы жетиштүү. Ал Кыргызстандын саясий, экономикалык жана социалдык абалын жакшы талдап билет. Бирок кыргыз-тажик чек арасын тактоодо сөзсүз түрдө Кыргызстандын кызыкчылыгы корголушу керек.

    Мамат Айбалаев
  3. Ак-Сай тургундары жергиликтүү бийликке нааразылыгын айтты

    Ак-Сай тургундары өкмөт жана парламент өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда жергиликтүү бийликке нааразылыгын билдирди.

    View more on facebook
  4. Карамат Орозова: Теңата сүйлөшүүлөр керек

    Баткендеги чек ара чатагы катталган Ак-Сай аймагына барган Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова теңата сүйлөшүүлөр жүрмөйүн бул көйгөйдү чечүүгө болбойт деди.

    View more on facebook
  5. Камчыбек Ташиев: Чек ара конуштарында элдин бийликке ишеними түгөнгөн

    “Баткендеги чатак чыккан Ак-Сай, Көк-Таш айылдарында болдук. Ак-Сайда кырдаал оор. Жергиликтүү элдин өзүнүн абалы жакшы эмес. Коңшу өлкөнүн айылдары менен чатакташуудан кооптонуп, тынчы кетип турат. Жергиликтүү бийликке, Бишкектен барган жетекчилерге ишенич жок экенин айтып, өз көйгөйүн өзүбүз чечбиз дегендей ойдо болуп жатышыптыр”,-деди белгилүү саясатчы Камчыбек Ташиев Би-Би-Сиге берген маегинде.

    “Мына азыр, Лейлекке өтө турган жолду тажик тарап жаап алган. Ушундай эдле көрүнүш кыргыз тарапта – Ворухтун жолун жаап салган. Бул көйгөйдү убактылуу баспай, толук чечүү керек. Болбосо улам кайра козголо берет”.

    Ташиев
  6. Аксайлыктар чек ара такталганча жолду ачпайбыз дейт

    "Ак-Сай айылында парламент депутаттары, ИИМ жетекчиси жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл менен жолугушууда",- деп билдирди журналист Аскар Баймуратов. Аксайлыктар чек ара конушундагы көйгөйлөрүн айтып, чек араны тактаганга чейин жолду ачпайбыз деген талабын билдиришкен.

    Баткен
  7. Таабалды Тиллаев: Чек арада абал курч бойдон

    “Ак-Сайда журөбүз, учурда чек арада турабыз. Маанай оор, кооптонууга негиз бар. Эки өлкө ортосунда вице-премьер деңгээлинде сүйлөшүүлөрдун биринчи айлампасы жыйынтыкталып, экинчиси азыр уланып жатат. Жыйынтыгы чыга элек, акыбал азырынча тынч”, - деди жеринде жүргөн парламент депутаты Таабалды Тиллаев.

    Парламент депутаттры 13-мартта жарадар болгон кыргызстандыктардын акыбалы менен да таанышты.

    “Жаракат алган үч адамдын бирөөсүнүн абалы оор экен, калганы дурус”, - деди Тиллаев.

    Batken
  8. Камчыбек Ташиев элди сабырдуулукка чакырды

    Баткендеги чек ара чатагы катталган жерге барган белгилүү саясатчы Камчыбек Ташиевдин эл менен жолугушуусу.

    View more on facebook
  9. ЖК депутаттары Баткенде жарадар болгон атуулдардын абалын сурашты

    "ЖК депутаттары Баткенде жарадар болгон атуулдардын абалын сурашты. Мындан ары Ак-Сайга барып, тургундар менен жолугушат",-деп билдирди ЖКнын басма сөз кызматы.

    Чек арадагы жаңжалда үч кыргызстандык жаракат алганы белгилүү болгон.

    “13-март күнү кечки сат 20:00 чамасында Самаркандек дарылоо борборунун тез жардам бөлүмүнө чакыруу келип түшкөн. Ал жерге он беш мүнөт аралыгында барган тез жардам бригадасы жарат алган жаранга медициналык жардам көрсөткөн. Ал Баткен облустук оруканасына алынып келип, операция жасалды. Учурда анын абалы оор, кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Кечээ болсо эки жаран жаракат алган. Бирөөнүн санына экинчисинин ийнине ок тийген. Алардын абалы туруктуу. Керектүү дары-дармектер менен камсыз болууда”,-деп билдирген эле Би-Би-Сиге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова.

    Баткен
    Баткен
  10. Баткен: ИИМ жетекчилери жолугушту

    “Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кашкар Джунушалиев менен Тажикстан Республикасынын ички иштер министри Рамазон Рахимзода менен да өзүнчө жолугушуу болду. Эки ички иштер министринин жолугушусуунун жүрүшүндө курч маселелер талкууланып, аларды чечүүнүн жолдору белгиленип жана тез арада колго алына турган маселелер аныкталды.

    Биринчиден, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда жаралган окуя боюнча таза жана калыс тергөө иштерин жүргүзүү боюнча биргелешкен ыкчам иликтөө топторун түзүү.

    Экинчиден, чегара тилкелеринде жашаган жарандардын коопсуздугун, чегаранын бекемдигин сактоо ар кандай мыйзам бузууларга жол бербөө максатында биргелешкен кыргыз-тажик милиция күчтөрүнөн турган патруль топторун түзүү менен бирге күнү-түнү патруль жүргүзүүнү тез арада колго алуу.

    Үчүнчүдөн, биргелешкен ыкчам иликтөөлөрду жүргүзүү менен бирдикте аталган окуянын негизги күнөөлөрүн аныктоо жана ага карата адилет чечимдерди кабыл алуу.

    Мына ушул жогоруда аталган макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу боюнча эки тараптуу иш чаралар башталды. Ошол эле мезгилде эки тараптын Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик органдары биргелешип эл арасында аткарылып жаткан маселелер боюнча түшүндүрүү иштер тынымсыз жүргүзүү иш-аракеттер көрүлүүдө”,-деп кабарлады ИИМдин басма сөз кызматы

    ИИМ министрлери
  11. Тажикстандын коопсуздук кызматынын билдирүүсү

    Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча билдирүү таратты:

    “14-мартта болжолдуу саат 15:30да Ак-Сай айылынын тургундары Ворух анклавынын территориясында топтолуп, жолду бууп, тажик жарандарына таш жаадырышкан. Тажикстандын жарандары Баткен облусунун тургундарына жооп кайтарууга аргасыз болушкан. Андан кийин Кыргызстандын жарандары жана чек арачылары куралсыз тажик жарандарына ок чыгарышты. Натыйжада, Тажикстандын жараны, Ворух анклавынын тургуну 1982-жылы туулган Расулиддин Имомбоевич жарадар болуп, каза тапты. Ошондой эле Тажикстандын жараны, Ворух анклавынын тургуну 2003-жылкы Хайдаров Ансориддиндин сол колуна ок тийип, ооруканага жеткирилди.”

    Буга чейин Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жаңжалда 1976-жылы туулган Хакимов Хусейн каза тапканын билдирген.

    тажик чек арачылары
  12. Чек арада кырдаал турукташа баштады

    Кыргызстандын чек ара кызматы чыр чыккан аймакта кырдаал турукташа баштады деп кабарлады.

    Коопсуздук кызматтары жаңжал катталган аймактагы конуштарды кайтарууга алууда.

    Жоокерлер
    Чек ара
  13. Биргелешкен тергөө топтору түзүлөт

    Чек арадагы чырды иликтөө үчүн Кыргызстан менен Тажикстан биргелешкен тергөө тобун түзмөк болду. Чыр чыккан аймактагы тургундар маселе чечилмейинче жолду ачпай турганын айтууда. Тажик тарап дагы, кыргыз тарап дагы Ош-Исфана жолунун бир тилкесин бөгөп алган. Тажикстандын Ворух анклавына барган жол жабылып, кыргызстандыктар Лейлек тарапка өтө албай турат.

    “Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим баштаган тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдүн эки раунду өткөрүлдү. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өзгөчө белгилегендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар орун алган бардык маселелерди четтетүү жөнүндө эки жактуу ниеттерин билдиришти жана өз ара шарттарды талкуулашты. Ал баса белгилегендей, тажик тарап да жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. «Эки тараптан жабыркагандар боюнча биз биргелешкен тергөө топторун түзүүнү сунуштадык, ага эки өлкөнүн Башкы прокуратура жана Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү киришет», – деп белгиледи Жеңиш Разаков. Ал кошумчалагандай, кыргыз жана тажик тараптан калк арасында радикалдуу ниеттегилер жок.

    «Бардык чечимдер биздин өз ара кызыкчылыктарга дал келүүгө тийиш. Бул маселе бүгүн чыгып жаткан жок жана биз жагдайды курчутпашыбыз керек», – деди вице-премьер-министр.Белгилей кетсек, мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөр улантылат”,-деп кабарлады өкмөттүн расмий сайты.

    Сүйлөшүүлөр
  14. Чырга себеп болгон жол

    Баткендеги Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу мындан беш жыл мурун башталган. Бир катар кыргыз айылдарын жайлоосу, жайыттары менен байланыштырган жолдун курулушу башынан эле тажик тараптын нааразылыгын жаратып келүүдө.

    Биз Баткен районунун мурдагы акими, чек ара маселелесин жеринен билген адис Хаит Айкыновго кайрылып, чек ара жаңжалынын себеби тууралуу сурады.

    Хаит Айкынов: Кыргызстан өзүнүн айылдарынан жайлоого бара турган жол куруп баштаганы ушундай жаңжалдар орун алып келүүдө. Былтыр жолду куруу аракеттери жанданып, тоскоолдуктардан улам токтоп калган. Быйыл дагы, мына жаздын келиши менен жайытка мал айдаганга даярдык көрүп, жолду кайра куруп баштаганда ушундай жаңжал болуп кетти.

    Би-Би-Си: Эсиңизде болсо Ак-Сай-Тамдык жолу боюнча 2014-жылы катуу жаңжал чыкты. Эки тараптын чек арачылары атыша кеткен. Кыргыз бийлиги Дүйшөмбүгө кескин нааразылык билдирип, жаңжалды баштады деп айыптаган эле. Андан кийин кыргыз бийлиги бул жолду баары бир сала турганын айтып келүүдө. Тажик тарап эмнеге көөшөрө бул жолдун курулушуна каршы болуп жатат?

    Хаит Айкынов: Ошол аймакта Тажикстандын Ворух анклавы жайгашкан. Эл абдан жыш отурукташкан. Чакан эле аймакта кырк миңдей эл жашайт. Союз учурунда чек арага анчалык маани берилбей, тажик айылдары толугу менен Кыргызстанга таандык жайыттарды кеңири пайдаланып келген. Кийин чек ара жаңжалдары күчөгөндө, буга чара көрүлө баштады. Жайыттарды пайдаланууга чектөө коюлду. Кыргыз тарап атайын тосмолорду коюп, коңшу өлкөнүн жайыттарды пайдалануусуна жол бербей калды. Тажик айылдары улам кеңейип, жайыт маселеси өтө курч. Биздин пикирибизде, карталар боюнча деле бул жол - Кыргызстандын эле аймагында салынып жатат. Мурун Баткендин айылдары жайлоого, жайыттарга мал айдап барыш үчүн Ворух анклавы аркылуу өтүп келишкен. Ушундан жергиликтүү эл абдан жүдөгөн. Малы жоголуп, тажик тарап ыдык көрсөтүп, таш ыргытып дегендей. Кыскасы кыргызстандыктар тажик айылдарына көз каранды болуп келди. Ушундан улам кыргыз өкмөтү жолду куруу чечимин кабыл алган эле.

    Би-Би-Си: Баары бир өздөрү кыргыз жайытына өтө албаса, тажик тарап жолду курдурбай койгондон эмне утат?

    Хаит Айкынов: Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айыл өкмөттөрүнүн мал-жандыгы жайытка, жайлоого чыгуу үчүн бир эле жол - Ворухту аралап өтөт. Ак-Сай-Тамдык жолу Кыргызстан үчүн стратегиялык маанидеги жол болуп эсептелет. Жол курулуп калса, мурдакыдай тажик тарапка көз каранды болбойт. Тажик тарап болсо өздөрүнө көз каранды болуп турганда, аны рычаг катары колдонгусу келет.

    Би-Би-Си: Демек, тажик өкмөтүнүн позициясынын өзү ушундай болгону үчүн жаңжал кайталанып келе жатат деп айтууга негиз барбы?

    Хаит Айкынов: Ооба, кандайдыр бир деңгээлде айтууга негиз бар. Себеби, 2014-жылдан бери эле жаңжал токтобой жатат. Тажик өкмөтү кааласа, элин тынчытып коет эле да. Кыргызстан жолдун курулушун жандантайын дегенде эле, бир-эки күн алдын жаңжал чыгып кетип жатпайбы.

    Айкынов
  15. Чек ара маселеси кадр саясатына болгон сындарды күчөттү

    “Баткендеги окуяга баарыбыз тынчсызданып турабыз, бирок маселени терең алып караганда, мунун баары кадр саясатынын натыйжасы”,-деп жазды ЖК депутаты Жанар Акаев.

    View more on facebook
    View more on facebook
  16. Жаңжалда жаракат алган үч кыргызстандык ооруканада

    “13-март күнү кечки сат 20:00 чамасында Самаркандек дарылоо борборунун тез жардам бөлүмүнө чакыруу келип түшкөн. Ал жерге он беш мүнөт аралыгында барган тез жардам бригадасы жарат алган жаранга медициналык жардам көрсөткөн. Ал Баткен облустук оруканасына алынып келип, операция жасалды. Учурда анын абалы оор, кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Кечээ болсо эки жаран жаракат алган. Бирөөнүн санына экинчисинин ийнине ок тийген. Алардын абалы туруктуу. Керектүү дары-дармектер менен камсыз болууда”,-деп билдирди Би-Би-Сиге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова.

    Тез жардам унаасы
  17. Интернеттеги кайрылуулар

    Коомдук сайттарда чек арадагы кырдаалга кооптонгон пикирлер жазылып, элди сабырдуулукка үндөп жатышат.

    View more on twitter
    View more on facebook
  18. Президенттердин сүйлөшүүсү

    Кечээ кечинде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен чек арадагы кырдаалды жайгаруу боюнча телефон аркылуу сүйлөштү.

    "Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды талкуулашты. Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон объективдүү иликтөө жүргүзүү жана келечекте мындай абалды болтурбоо үчүн биргелешкен комиссия түзүү керектигин жана ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитация процессин аяктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү зарылдыгын белгилешти. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон кылымдардан берки жылуу коңшу мамиледеги эки өлкөнүн эли тынчтыкта жана достукта гана жашашы керек деген бирдиктүү пикирин билдиришти",-деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

    Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков
  19. Жогорку Кеңештин депутаттары чек арадагы кырдаал менен жеринде таанышуу үчүн Баткенге жөнөп кетти

    Бүгүн, 15-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун тапшырмасы менен депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Таабалды Тиллаев, Карамат Орозова, Курманкул Зулушев жана Айнуру Алтыбаева кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал жана түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен жеринен кабар алуу үчүн Баткен облусуна жөнөп кетти. Бул жөнүндө ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

    Төрага Дастанбек Жумабеков Баткенге сапар алган депутаттар менен сүйлөшүп, эзелтен эриш-аркак, достук мамиледе жашаган эки коңшу мамлекеттин ынтымагы маанилүү экенин билдирип, түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын белгиледи.

    Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде болгон жаңжалды 14-март күнү Жогорку Кеңештин жыйынында тиешелүү мекеме жетекчилери менен бирге жабык эшик артында талкуулаган эле.

  20. Сүйлөшүүлөр уланат

    Кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүндө алды менен чек ара тилкесиндеги жаңжалдашып жаткан тургундарды тынчтандыруу тууралуу сөз болгон.

    Разаков Жеңиш