Got a TV Licence?

You need one to watch live TV on any channel or device, and BBC programmes on iPlayer. It’s the law.

Find out more
I don’t have a TV Licence.

Түз алып баруу

Британиянын убактысы боюнча көрсөтүлгөн

  1. Милиция Атамбаевдин тарапкерлерин Ала-Тоо аянтынан таркатууда

    Милиция күчтөрү Ала-Тоо аянтынан мурдагы президент Атамбаевдин тарапкерлерин таркатууга аракеттенүүдө. Үч жүзгө чукул милиция үн күчөткүч гранаталарды жана гөздөн жаш агызган гранаталарды колдонууда.

    Бүгүн кечке маал мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алып келинген.

    Кой-Таш
  2. Бишкектин негизги аянтында бир нече киши чогулганы кабарланды

    Бишкектин негизги аянтында бир нече киши чогулганы кабарланды. Көпчүлүгү жаштар экени айтылып жатат. Аянтта милиция кызматкерлери жок.

    Ага чейин милициянын күчтөрү Кой-Таш айылындагы Атамабаевдин тарапташтарын тараткан эле.

    Бүгүн кечке маал мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алып келинди.

    митинг
    милициялар
  3. Бишкектин негизги аянтында бир нече киши чогулганы кабарланды

    Бишкектин негизги аянтында бир нече киши чогулганы кабарланды. Көпчүлүгү жаштар экени айтылып жатат. Аянтта милиция кызматкерлери жок.

    Ага чейин милициянын күчтөрү Кой-Таш айылындагы Атамабаевдин тарапташтарын тараткан эле.

    Бүгүн кечке маал мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алып келинди.

  4. Атамбаев УКМКга жеткирилдиби?

    Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев учурда УКМКда экенин анын жакын тарапкери Кундуз Жолдубаева билдирди.

    КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын өзүн ИИМдин имаратына алып киришти.

    Буга чейин КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов Кой-Таш айылынан Атамбаевдин миңден ашуун тарапкери ИИМдин имараты көздөй жылганын айткан.

    View more on facebook
  5. Атамбаевдин кармалышынын чоо-жайы

    Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев ИИМдин жетекчилиги менен бир нече саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин колго түшүп берди,- деп жазды "Интерфакс" агенттиги.

    Айрым маалыматтарга ылайык, мурдагы президент милиция кызматкерлерине өзү чыккан. Атамбаев менен кошо кеңешчиси Фарид Ниязовду менен КСДПнын төрага орун басары Кундуз Жолдубаева дагы кармалган.

    "Интерфакс" агенттиги камакка алынгандар жабыркаган жок деп маалымдады. Атамбаевди алып бара жаткан унаалар кортежи ИИМдин имаратын көздөй багыт алды деп айтылууда.

    Атамбаевди кармоо операциясы учурунда коопсуздук кызматкерлер көздөн жаш агызган газ, үн күчөткүч граната колдонгону айтылууда.

    View more on facebook
  6. Коопсуздук кызматкерлери Атамбаевдин тарапкерлерин таратууга аракеттенүүдө

    Би-Би-Синин аймактагы кабарчысы Кой-Ташта коопсуздук кызматкерлери үн күчөткүч граната колдонуп, Атамбаевдин миңден ашуун тарапкерлерин таратууга аракеттенип жатканын кабарлады. Милиция Кой-Таш айылын жээктеп басып, элди таратып жатат.

  7. Казакстандын премьер-министри Кыргызстанга келди

    Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Ысык-Көлдүн Тамчы эл аралык аэропортуна конду. Казакстандын премьери Евразия Экономикалык Биримдигинин өкмөттөр аралык жыйына катышат. Буга чейин өкмөт мурдагы президенттин айланасындагы окуяларга карабастан Чолпон-Атада өтө турган эл аралык жыйынды артка жылдырган жок.

  8. Кой-Ташта кырдаал курчуду

    Би-Би-Синин аймактагы кабарчысы Кой-Ташта абал курчуп жатканын маалымдады.

    Атамбаевдин үйүн коопсуздук кызматкерлери курчоого алып, учурда мурдагы президенттин тарапкерлери милиция кордонун бузуп өтүүгө аракеттенүүдө. Би-Би-Синин кабарчысы коопсуздук кызматкерлер үн күчөткүч граната колдонуп жатканын дагы айтты.

    Кой-Таш
  9. Бишкек Травматология борборуна беш киши жарадар болуп түштү

    Бишкек Травматология жана жана ортопедия борборуна беш киши жарадар болуп түштү.

    Алардын төртөө күч орган кызматкерлери, бирөө жайкын тургуну экенин Саламаттыкты сактоо министрлиги Би-Би-Сиге ырастады. Аскерлерге ок тийип, ал эми жергиликтүү тургун үн чыгаруучу гранатадан жарадар болгон.

    Саламаттыкты сактоо министрлиги Кой-Ташта дагы жарадар адамдар болушу мүмкүн экенин айтууда. Бирок Атамбаевдин тарапкерлеринин карышылык аракеттеринен улам тез жардам унаасы мурдагы президенттин үйүнө кире албай атат.

    скорый
  10. Адил Турдукулов: Атамбаев кармалды делген маалыматка ишенбейм

    КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов мурдагы президент Атамбаевдин кармалганы боюнча маалыматка 100 пайызга ишенбейм деп билдирди.

    “Кечээ эле ММКлар ал камакка алынды деп кабарлашкан. Бирок ал маалымат чындыкка дал келген эмес. Азыр Кой-Ташта интернет менен телефон байланышы жок. Ошондой эле маалымат согушу жүрүп жатат. Атамбаевдин тарапкерлеринин шаабайын сууту үчүн жалган жаңылыктар таратылышы ыктымал",-деди Турдукулов.

    Турдукулов
  11. Атамбаев кармалганы тууралуу маалымат тарап жатат

    Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди камакка алганын кабарлап жатышат.

    Бүгүн саат 16.00дөн кийин Атамбаевди кармоо боюнча экинчи аракет башталган. Операцияга эки миңге чукул коопсуздук кызматкерлери катышканы айтылууда.

    Атамбаевдин жанында КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева жана жакын тарапкери Фарид Ниязов бар экендиги маалымдалды, бирок тастыктала элек.

    Айрым маалыматтар боюнча Атамабаев сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында өзү колго түшүп берүүгө макул болгону дагы айтылууда.

    Атамбаев
  12. Генерал-майор Артур Медетбеков: Мындай операцияларды өткөрүүдө, саясий жана стратегиялык изилдөөлөр жасалыш керек болчу

    “Мындай операцияларды өткөрүүдө, албетте, күндүз, кечке маал өткөрүүнүн зарылчылыгы жок болчу. Дегеле мындай операцияларды адам жашаган жерде, жергиликтүү айылда болобу же аларды коргой турган жактоочулар көбүрөөк жерде өткөрүүдөн мурун саясий жактан, стратегиялык жактан изилдөөлөрдү жасаш керек болчу”,-деди генерал Артур Медетбеков.

    “Кыргызстандын ар кайсы аймактарында соңку убакта курч жаңжалдар орун алды. Мунун себеби мыйзамдуулуктун сакталбаганы. Буга чейин болгон эки жолку бийлик алмашуунун синдрому көпчүлүктүн мээсине сиңип калган. Алар бийликке каршы митинг өткөрүү жолу менен өздөрүнүн ар кандай талаптарын койгусу келет. Баарыбыз ошенте берсек, ар кандай топтор саясий оюндарды жасай берсе, мамлекеттүүлүккө доо кетет. Өтө оор абал жаралышы мүмкүн.Кече Атамбаевдин жактоочулары эмоцияга алдырып, балким спирттик ичимдик ичкен адамдар атайын даярдыктагы аскерлерге каршылык көрсөтүп, сабап, курал көтөргөнү -мыйзамды одоно бузгандык.Алмазбек Атамбаев өзү курал колдоном деген билдирүүлөрдү жасабадыбы. Менде эле курал бар болчу, мен аткам деди. Кандай гана болбосун атайын аскердин өлүмү, айрымдарынын барымтага алынганы, укук коргоо органдарына каршылык көрсөтүү боюнча кылмыш иши козголуп, Атамбаев жана анын тегерегиндеги адамдар күбө катары эмес, айыпталуучу катары суракка тартылыш мүмкүн. Атамбаев өзүнө оор кылмышты тагып алды. Эртеби, кечпи аскерди атып өлтүргөн адам жоопкерчиликке тартылат. Мындай окуя башыбыздан өткөн. Ошондуктан жоокерге ок чыгарган адам өзү келип, укук коргоо органдарына барышы керек”,-дейт генерал.

    Артур Медетбеков
  13. Кой-Таштын жолу бөгөлдү

    Күч түзүмдөрү А.Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн курчоого алганы белгилүү болду. Анын тарапташтарын таратуу аракети жүрүп жатат.

    Ала-Тоо айылына бурулуштан жол бөгөлдү деди кабарчыбыз. Милиция муну убактылуу чара катары түшүндүргөн.

    митинг
    милиция
    митингчилер
  14. Президент Жээнбеков: Бул эки адамдын тиреши эмес, бул мыйзамдуулук менен өзүм билемдиктин тиреши

    Президент Жээнбеков Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында сөз сүйлөп, Атамбаев мыйзам талаасынан чыгып кеткенин белгиледи.

    "Эми өлкөдө мыйзамдуулукту, тынчтыкты, коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чаралар аткарылат",-деди президент. Андан тышкары көйгөйдү жайгаруу үчүн мамлекеттин күчү жана саясий эрки жетиштүү экенин кошумчалады.

    "Бул эки адамдын тиреши эмес. Бул коррупциянын туу чокусу болгон бардык кылмыштуу иштерди ачууга, тергөөнүн мыйзам чегинде таза жүрүшүнө, соттук процесстердин адилеттигин камсыз кылууга каршы жасалып жаткан күрөш",-деди президент Жээнбеков.

    Жээнбеков
  15. Атамбаевдин тарапкерлери “Медиа-Форум” ишканасындагы демонстрациясын токтотту

    Атамбаевдин тарапкерлери “Медиа-Форум” ишканасындагы демонстрациясын токтотуп, Кой-Таш айылыны көздөй жөнөдү.

    Учурда мурдагы президент Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө көздөн жаш агызган каражаттар колдонулуп, коопсуздук кызматкерлери менен мурдагы президенттип тарапкерлери тирешүүдө.

    ИИМ менен УКМК бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

    Кой-Таш
  16. Баш прокурор: Атамбаев күнөөсүн мойнуна алып жатат

    Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов 7-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча тергөө иштери жүрүп, тийиштүү экспертиза дайындалганын билдирди.

    Жогорку Кеңеш күч түзүмдөрүнүн Атамбаевге байланыштуу кырдаал боюнча баяндамасын угуп жатат.

    "Алты аскер дагы деле барымтада кала берүүдө. Кылмыш курамы көрүнүп турат. Каза таап, жараат алгандар бар. "Мен аттым деп өзү айтып жатат, бул түздөн-түз күнөөсүн мойнуна алуу. Аскер кызматкерин мен өлтүрдүм деген сөз. Жооп бериши керек",- деди баш прокурор.

    Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө журналисттерге сүйлөп жатып, түндөгү операция учурунда өзүндө гана курал болгонун айткан.

    "Үчүнчү кабатта туруп алып, өзүм туруштук берип жаттым", -деген Атамбаев.

    Баш прокурор Атамбаевге карата мурда коюлган айыптар боюнча да жетиштүү далилдер аныкталганын билдирди.

    Өткүрбек Жамшитов
  17. Президент Жээнбеков: Атамбаев оор кылмыштар боюнча чакырылат

    Президент Жээнбеков Жогорку Кеңеште кайрылуу жасап Атамбаев мыйзам талаасынан чыгып кеткенин айтты. Ошондой эле президент кечээ операция учурунда каза тапкан аскердин жакындарына көңүл айтты.

    “Аскер күчтөр аягына чейин ок чыгарган жок. Кан төгүлбөсүн деп желим ок колдонду. Айтылган фактылар боюнча кылмыш иши козголду, күнөлүүлөр жоопко тартылат. Атамбаев мурда күбө катары чакырылса, эми оор кылмыштар боюнча чакырылат”,-деди Жээнбеков.

    Жээнбеков
  18. УКМК жетекчиси: атайын кызматтын алты аскеринин абалы оор

    Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев атайын кызмат Кой-Ташка аскердик операция өткөрүү үчүн эмес, Атамбаевди тергөөгө күчтөп алып келүүгө гана барган деп билдирди. Бул себептүү аскерлер жанына ок атуучу куралдарын алышкан эмес.

    УКМК төрагасы Атамбаевди суракка күчтөп алып келүү үчүн жетиштүү аскер бөлүнгөнүн, алар негизинен желим ок, үн чыгаруучу граната жана союлдар менен гана куралданганын баса белгиледи.

    "Бирок Атамбаев баш ийбей, чебинде, бункеринде жашынып алды. Куралдуу каршылык көрсөттү. Атамбаев аскерлерге снайпердик "Драгунов" үлгүсүндөгү куралдан ок чыгарган",- деди Опумбаев.

    Анын айтымында азыркы учурда атайын кызматтын алты аскеринин абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатышат.

    7-августтагы окуяда Атамбаевдин тарапкерлери "Альфа" кызматкерлеринен 26 помповая курал, 14 автомат АК-74У жана 15 тапанча тартылып алынганын ачыктады.

    Орузбек Опумбаев
  19. Токон Мамытов: Акыйкатчы институту Атамбаевге аянтча түзүүгө даяр

    Акыйкатчы Токон Мамытов мурдагы президент Атамбаевдин көрсөтмө берүүсү үчүн аянт түзүп берүүгө даяр экенин билдирди. Ал Атамбаевдин коопсуздугуна кепилдик бере алам деп белгиледи.

    “Мурдагы президент Атамбаевге кайрылып, эгерде ал коопсуздук органдарына ишенбей, ИИМ имаратында көрсөтмө бергиси келбесе, Акыйкатчы институту аянтча түзүп берүүгө даяр. Анын коопсуздугуна кепилдик бере аларыбыз деп айткым келет”,-деди Мамытов.

    Токон Мамытов
  20. Парламенттин кезексиз жыйыны башталды

    Кыргызстандын Жогорку Кеңеши кезексиз жыйынга чогулду. Ага 120 депутаттын жарымынан көбү катышып жатат.

    Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев жыйынга президентти, өкмөттү жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин чакырып, кырдаалды талкууга алууну сунуштады. Парламент жыйынына өкмөт башчы келе турганы белгилүү болду.

    7-август күнү кечинде Кыргызстандын атайын кызматы Бишкектен 20 чакырымдай аралыктагы Кой-Таш айылындагы үйүнөн А.Атамбаевдин кармап кетүү үчүн атайын операция өткөргөн. Бирок анын тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, кырдаал курчуп, атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн бир кызматкери каза тапты. 52 киши жаракат алган.

    View more on youtube