Got a TV Licence?

You need one to watch live TV on any channel or device, and BBC programmes on iPlayer. It’s the law.

Find out more
I don’t have a TV Licence.

Корутунду

  1. Дональд Трамп АКШнын 45-президенти катары ант берип, кызматка киришти.
  2. АКШнын 45-президенти америкалыктар обочодо калбайт жана бирге АКШны дөө-шаа мамлекетке айлатабыз деп билдирди.
  3. Дональд Трамп терроризмге каршы дүйнөлүк коомчулукту бириктирип, терроризмди жок кылам деп убада кылды.
  4. Президент Дональд Трамп атактуу, өзгөчө мүнөзү бар миллиардер катары көптөн бери Америкада белгилүү болчу.

Түз алып баруу

Британиянын убактысы боюнча көрсөтүлгөн

Президент Трамптын үй-бүлөсү

Трамп ким?

Трамп миллиардер жана саясий ишмер, Республикалык партиянын мүчөсү, медиамагнат, жазуучу. Ал ошондой эле «Кандидат» реалити-шоусунун аткаруучу продюсери жана алып баруучусу катары да белгилүү. Ал оюндагысын жашырбай, ачык сүйлөгөнү менен да таанымал.

Дональд Трамп 1946-жылы 14-июнда Куинсте (Нью-Йорк штаты) туулган. Анын атасы Фред Крист Трамп курулуш тармагында иштеген. Дональд Трамп 13 жашында аскер академиясына кирип, эң алдыңкы окуучу болгон.

Трамп биринчи Фордхем университетинде окуган. Бирок жакпай калып, болочок миллиардер Пенсильвания университетиндеги Уортон мектебине которулуп, аны окуп бүткөн. Андан кийин Дональд атасынын компаниясында иштеп, 1975-жылы компаниянын президенти болот. Анын курулуштагы эң биринчи долбоорлорунун бири Манхэттендин батыш жагындагы бизнес-борбордун курулушу эле.

Дональд Трамп АКШнын президенттиги кызматы үчүн ат салышарын 2015-жылы 16-июнда жарыя кылган. 2015-жылы май айында праймеризде башка талапкерлерди артка таштап, Республикалык партиянын атынан талапкер болуп калган. 18-21-июлда Республикалык партиянын курултайы аны АКШ президенттигине расмий талапкер деп жарыялаган.

Трамп
Getty Images

АКШдагы нааразылык акциялар

АКШнын медиасы Вашингтон шаарында полиция менен демонстранттар кагылыша кетип, 90дон ашуун адам камакка алынганын кабарлашууда.

Protests continue on #InaugurationDay as Donald Trump becomes the 45th president of the United States… twitter.com/i/web/status/8…

Трамп Кыргызстанга түздөн-түз кандай таасир этиши мүмкүн?

"Чу дегенде эле мыйзамсыз мигранттарды чыгарам деди. Бул жагынан алганда Америкада жашырынып, статусу жок жүргөн кыргыздын улан, кыздары абдан көп. Азыр виза берилбей жатат. Себеби алар да статистиканы карап көрүп атат. Эптеп жетип алган эле кыргызстандыктар ал жактан чыкпай коюп жатпайбы. 

Ал эми эң чоң саясий жагы АКШ менен Орусия келише турган болсо Крым, Сирия ушуга окшогон чоң-чоң маселелер козголот. АКШ геосаясий кызыкчылыктарын коё турган болсо анда кудай билет, Орусия КМШ өлкөлөрүнө таасирибизге жол ачкыла деши толук мүмкүн. Эгер андай болсо жаңы империялык амбициялардын өңүтүндө калабызбы дейм", -деди Америкада жашап келген Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Кубатбек Байболов.

Трамп
Getty Images

Британиянын тышкы иштер министри Трампты куттуктады

"Президент Дональд Трампты дүйнөдөгү эң маанилүү саясий кызматка келиши менен куттуктайм. Миллиарддаган тургундар алдыдагы ай жана жылдарда Трампка ийгилик каалап жатканын билем. Ал көп кыйынчылыктарга туш болот", деди Борис Жонсон.

Жонсон
AFP

Орусия менен АКШнын мамилеси кандай болот?

АКШнын президенти Дональд Трамп бийликти өткөрүп алды. Эми АКШнын Орусия менен мамилеси кандай болот деген суроолор чыгууда.

Президент Барак Обама Орусия менен тыгыз мамиле түзүү АКШ жана дүйнөлүк коомчулугунун кызыкчылыгында деп айтып келген. Бирок Трамп менен Путиндин мамилеси жылуу болобу?

Трамп ким?

Трамп миллиардер жана саясий ишмер, Республикалык партиянын мүчөсү, медиамагнат, жазуучу. Ал ошондой эле «Кандидат» реалити-шоусунун аткаруучу продюсери жана алып баруучусу катары да белгилүү. Ал оюндагысын жашырбай, ачык сүйлөгөнү менен да таанымал.

Дональд Трамп 1946-жылы 14-июнда Куинсте (Нью-Йорк штаты) туулган. Анын атасы Фред Крист Трамп курулуш тармагында иштеген. Дональд Трамп 13 жашында аскер академиясына кирип, эң алдыңкы окуучу болгон.

Трамп биринчи Фордхем университетинде окуган. Бирок жакпай калып, болочок миллиардер Пенсильвания университетиндеги Уортон мектебине которулуп, аны окуп бүткөн. Андан кийин Дональд атасынын компаниясында иштеп, 1975-жылы компаниянын президенти болот. Анын курулуштагы эң биринчи долбоорлорунун бири Манхэттендин батыш жагындагы бизнес-борбордун курулушу эле.

Дональд Трамп АКШнын президенттиги кызматы үчүн ат салышарын 2015-жылы 16-июнда жарыя кылган. 2015-жылы май айында праймеризде башка талапкерлерди артка таштап, Республикалык партиянын атынан талапкер болуп калган. 18-21-июлда Республикалык партиянын курултайы аны АКШ президенттигине расмий талапкер деп жарыялаган.

Трамп
Getty Images

АКШнын геосаясий ролу күчөйбү?

Кыргызстандагы аналитиктер Дональд Трамптын тушунда АКШнын геосаясий ролу да күчөйт деп болжоп жатышат.

Кыргыз талдоочусу Папан Дүйшөнбаев:

«Обаманын тушунда АКШда салыштырмалуу тынч болду. Айрым учурларда Американын ролу төмөндөп кеткени да чын. Обама бир жагынан пассивдүү, ошол эле учурда толеранттуу мамиле жасаган жетекчи болду. Бирок буга америкалыктардын көбү макул болгон жок. Трампты ошол үчүн шайлашты. Америка азуусун көрсөтүп турсун деп шайлашты. Трамп бир нерсени айтып коюшу мүмкүн. Бирок анын артында турган чоң күчтөр башканы көрсөтүп, башканы талап кылышы мүмкүн. Ал себептен Трамптын тушунда АКШда геосаясий маселелерге көбүрөөк басым жасалат. Биз үчүн позитивдүү да, белгилүү деңгээлде бизге жакпай турган да нерселер болушу мүмкүн»,-деди Папан Дүйшөнбаев.  

Трамп
Getty Images

Голливуд актерлорунун Дональд Трампка каршы акциясы

АКШнын 45-президенти болуп шайланган Дональд Трамптын инаугурациясынын босогосундагы Нью-Йоркто өткөн каршылык акциясына Голливуд актерлору, Роберт де Ниро жана Жулиана Мур сыяктуу атактуулары катышты.  

Де ниро
Reuters

АКШнын элитасы экиге бөлүнөбү?

"Американын тарыхында көп жылдардан бери билинбей келе жаткан элитанын арасында бөлүнүү болду. Трамп жеңишке жеткенден кийин америкалык саясатчылардын, таасирдүү адамдардын арасында эми кандай болот деп кооптонуп каршы чыгып жатат", деди Америкада жашап келген кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Кубатбек Байболов.

Бул макаланы окуңуз: Кубатбек Байболов: Трамптын саясатындагы кызыктар али алдыда

Кубатбек Байболов
BBC

Обама: биз бириктик

Президент Обама Ак үйдөн кетип жатып, тарапкерлерине ыраазычылыгын билдирди.

"Баарыңыздар бириктиңер. Чакан шаарчалардан баштап чоң калаалар, жаш жана карылар мага биригип, мага ишендиңиздер", -деди Барак Обама.

Барак жана Трамп
Getty Images

АКШ чек арасында дубал курабы?

Трамп ант берүү кайрылуусунда Мексика менен чек арада дубал куруу боюнча сөз айткан жок, бирок, чек араны бекемдейм деп убада кылды. Бул тууралуу Би-Би-Синин кабарчысы Энтони Зуркер жазып чыкты.

Missing from Trump's inauguration address: any mention of the Mexican wall, although he did talk about wanting to "bring back our borders"

Айырмасы көрүнөбү?

Washington Post "Твиттер" баракчасына 8 жыл мурда Обаманын ант берүү аземи менен азыр болуп жаткан Трамптын ант берүү аземинен сүрөттөрдү жарыялады.

Here is a side-by-side of Obama's 2009 inauguration crowd with today's for Trump wapo.st/2jgoaVC

Here is a side-by-side of Obama's 2009 inauguration crowd with today's for Trump wapo.st/2jgoaVC

Обама Вашингтондон учуп кетүүдө

Дүйнө жүзү боюнча көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Обама коштошууда. 

Obama bye
BBC

АКШ климаттык өзгөрүү боюнча Париж келишиминен чыгабы?

Ак үйдүн интернет баракчасында Обаманын саясаты боюнча маалыматтар толугу менен өчүрүлдү. Анын ичинде климаттык өзгөрүү боюнча маалыматтар дагы өчүрүлдү.

АКШнын климаттык өзгөрүү боюнча атайын өкүлү Доктор Першинг Трамптын бийликке келиши климат боюнча Париж келишимине тоскоолдук жаратпайт деп билдирген. 

Дональд Трапмтын АКШ бул келишимден чыгып кетиши мүмкүн экенин айтканы катуу талкууга алынган.  

Бул макаланы окуңуз - Климат боюнча келишимге Трамп тоскоол боло албайт

Трамп
Getty Images

Орусиянын пикири

“Трамп ант бергенден кийин, анын президент Путин менен жолугушуусу дүйнөлүк саясаттагы эң маанилүү окуя болот. Тарыхтагы маанилүү окуя болот”, деп жазды Орусиянын мамлекеттик думанын өкүлү Алексей Пушков.

Аfter Mr.Trump inauguration his meeting with President Putin will be the most important event in world politics.A defining moment in history

АКШдагы ашынган оңчулдар түзгөн коркунуч

“Биз ишке ашырдык”- деп Трамптын президент болушуна байланыштуу Ку-клукс-кландын мурдагы башчысы жазып чыкты.

Ку-Клукс Клан актар рассасы артыкчылыктары бар деп ишенет.

Мурдагы президен Барак Обама унаасын дагы өткөрүп берди

Changing the license plates on presidential limo is apparently part of the transfer of power.

Changing the license plates on presidential limo is apparently part of the transfer of power.

АКШнын мурдагы президенти Обама ант берүү аземи өткөн Капитолий имаратынан кетүүдө

Капитолий
Getty Images

Радикалдуу исламга каршы күрөшүү

Президент Доналд Трамп терроризмге каршы өнүккөн мамлекеттер менен биргелешип күрөшүп, терроризмди жок кылабыз деп белгиледи.

Трамп
Getty Images

@FLOTUS твиттер баракчасы жаңы биринчи айымга өткөрүлдү

Мишел Обама @FLOTUS "Твиттердеги" баракчаны Мелания Трампка өткөрүп берди.

Мишел Обама эми @FLOTUS44 "Твиттер" баракчасы аркылуу жазып жатат.

Твиттер
BBC

АКШнын президенти Ак үйдү көздөй жылууда

Президент Дональд Трамп атактуу, өзгөчө мүнөзү бар миллиардер катары көптөн бери Америкада белгилүү болчу. Трамп президент болобу деген ишенбөөчүлүккө анын миграция маселесиндеги позициясы менен адаттан тышкары өнөктүгү гана эмес, анын буга чейинки атактуу таржымалы да жем таштап келген.    

Трамп
Getty Images

Дональд Трамп жумушсуздук менен күрөшөт

Трамп иш оорун түзүп  жана билим берүү тармагына көңүл буруп, аны туура багытка өзгөртөөрүн маалымдады.

“Биз башка өлкөлөрдүн чек арасын өзүбүздүн аскердик күчүбүздүн эсеби менен коргоп келдик. Заводдор бири артынан бири жабылып, жумушсуздук күчөдү. Бирок мунун бары эми артта калды. Эми биз алдыга карай басабыз”, -деди Трамп.

Trump sworn in
BBC

Дональд Трамп: Америкалыктар обочодо калбайт

АКШнын 45-президенти Америкалыктар обочодо калбайт жана бирге АКШны дөө-шаа мамлекетке айлатабыз деп билдирди.

Адистер Трамп кайрылуусунда улутчулдук сезимдерди козгогонун маалымдашууда.

Трамп
Getty Images

Дональд Трама: Дүйнөлүк коомчулукту терроризмге каршы бириктирем

АКШнын президенти Дональд Трамп радикал ислам жана терроризмге каршы дүйнөлүк коомчулукту бириктирип, терроризмди жок кылам деп убада кылды.

Трамп
Getty Images

Дональд Трамп: АКШны биринчи орунга коём

АКШнын президенти Дональд Трамп ант берүү аземинде сөз сүйлөп, АКШны биринчи орунга коюуп, өлкөнүн чек араны бекемдеп, иш орундарды түзөөрүн айтты.

Трамп
Getty Images

Трамп АКШнын мусулман дүйнөсүнө мамилесин өзгөртөбү?

Дональд Трамп АКШнын 45чи президенти катары ант берди

Дональд Трамп АКШнын 45чи президенти катары ант берди!

Трамп
Getty Images

Ант берүү аземи

АКШнын Президенти Доналд Трамп тандаган жаңы вице-президенти Майк Пенс ант берүүдө

mike pence
BBC

"Дубал эмес - көпүрө куруу" керек

Британияда жана Австралияда нааразылык акциялар болуп, тургундар "дубал эмес - көпүрө куруу" керек экенин айтышты. 

Товер
PA

Трамптын инаугурациянын алдындагы убадасы

АКШнын жаңы шайланган Президенти Дональд Трамп инаугурацияны утурлай өткөрүлгөн концерт учурунда шайлоочуларына Американы бириктирүү убадасын берди.    

"Биз өлкөнү бириктирүү максатындабыз…Биз бүткүл эл үчүн Американы улуу өлкө кылабыз", -деди Трамп  

Трамп жана Обама
Getty Images