Ван Гогдон Обамага чейин: Лондондогу көргөзмө селфи сүрөттөрүн сунуштайт

селфи Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Оскар-2014" аземиндеги белгилүүлөрдүн бул селфиси "Твиттерде" эң көп бөлүшүлгөн фото болуп калган.

Лондондогу Саатчи галереясы 31-мартта «Селфиден өзүңдү даңазалоого» деген сүрөт көргөзмөсүн өткөрүүнү пландап жатат.

Көргөзмөгө Ван Гогдун белгилүү сүрөттөрү, кыл калем менен тартылган көркөм автопортреттерден тартып, өздөрүнүн смартфондору аркылуу тартылган белгилүү кишилердин фотолору да сунушталмакчы.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2013-жылы "селфи" сөзү Оксфорд сөздүгү боюнча жылдын сөзү деп табылган.

Ошондой эле музейдин кызматкерлери көргөзмөгө келе турган кишилерге дагы селфи кылып, сүрөттөрүн жөнөтсө, көргөзмөгө коюла турганын убада кылды. Бул үчүн социалдык тармактарга #SaatchiSelfie хэштеги сунушталып, мыкты тартылган автопортреттерге сынак жүрүүдө.

Мобилдик телефону аркылуу өзүн өзү сүрөткө тарткан көрүнүш социалдык тармактарда абдан популярдуу болуп кетти. 2013-жылы "селфи" сөзү Оксфорд сөздүгү боюнча жылдын сөзү деп табылган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Британиянын жана Даниянын өкмөт башчылары Дэвид Кэмерон менен Торнинг-Шмидттин АКШнын экс-президенти Бараком Обама менен түшкөн чуулгандуу фотосу. Бул фото түштүк африкалык мамлекеттик ишмер Нельсон Манделанын тажыясында тартылган эле.

Ошону менен бирге жыл сайын мындай абалда сүрөткө түшөм деп кырсыкка учурап, каза тапкан же денесине оор залака тийгизгендер көп болуп жатат. Музей бул маселеге дагы көңүл бурдурууга аракет кылууда.

Музейдин иш башкармалыгынын жетекчиси Найджел Хёрст смартфондор аркылуу тартылган автопортреттер абдан тездик менен "цифралык доордогу" өзүн даңазалоонун белгиси болуп калды деди.

Сүрөттүн автордук укугу PA
Image caption Көргөзмөгө Ван Гогдун, Рубенстин белгилүү сүрөттөрү, кыл калем менен тартылган көркөм автопортреттер сунушталат.

Көргөзмөгө келгендер интернетте топ жарган америкалык атактуулардын фото сүрөттөрүн көрө алышат. Алардын арасында Ким Кардашьяндын жана учурунда чуулгандуу болуп калган Британиянын жана Даниянын өкмөт башчылары Дэвид Кэмерон менен Торнинг-Шмидттин АКШнын экс-президенти Бараком Обама менен түшкөн фотопортрети бар. Бул фото түштүк африкалык мамлекеттик ишмер Нельсон Манделанын тажыясында тартылган эле.

Сүрөттүн автордук укугу KYLIE JENNER/KIM KARDASHIAN
Image caption Көргөзмөгө келгендер интернетте топ жарган америкалык атактуулардын фото сүрөттөрүн көрө алышат.

Британиялык жаш фотографтар креативдүү фотоработтор үчүн музейден буюрутма да алышты.