Ыйлаган ден-соолукка пайдабы же зыянбы?
- Жейсон Голдман
- BBC Future

Сүрөттүн булагы, iStock
Адатта жакшылап ыйлап алсаң стресстен арылууга жардам берет деген пикирлер үстөмдү кылат эмеспи. Ал эми илимий жактан алганда чыны менен ушундайбы же башкача түшүндүрмөсү барбы? BBC Future баяндамачылары бул суроого жооп издеп көрүшөт.
Абалтан бери карай эле көз жаштын пайда зыяны боюнча окумуштуулар менен жазуучулардын айткандары кайчы келип калган мисалдар арбын.
Шекспир өзүнүн "Генрих VI" пьесасында: "Ыйлоо кайгы капаны бөксөртөт» деп жазса, америкалык жазуучу Лемони Сникет: «Кырдаал эч кандай өзгөрбөгөн күндө да, эгерде узакка өпкөлөп ыйлап алсаң, өзүндү жакшы сезип каласың» деп жазат.
Экинчи тарабынан алганда, Чарльз Дарвин көз жаш чыккан учурду - көздүн айланасындагы булчуңдардын иштешине тескери эффект берген пайдасыз нерсе деп эсептеген. Деген менен Дарвин ымыркайлардын ыйлаганы ата-эненин көңүлүн бурууга жардам берерин моюнга алган.
Азыркы учурда ыйлоо (чоңдордун ыйлаганы) эмоционалдык абалды аныктаган татаал физиологиялык реакция деп айтылып жүрөт. Болжолу ыйлоо - бул башкаларды өзүңө көңүл бурдуруунун, досторуңдан, жакындарыңдан көмөк, жардам алуунун жолу.
Ыйлоонун эң негизги белгиси көздөн жаш агуу. Бирок ал жүзүңдөгү өзгөрүүнү жаратып жана дем алуу абалыңды дагы өзгөртөт эмеспи. Маселен, ыйлап жатканда тез-тез энтигип дем алып калабыз.
Илимий жактан алганда ыйлоо менен көздөн жаш чыгып кеткен көрүнүштүн (пияз аарчып жатып же ачуу жеп алганда көздөн жаш чыккан) чоң айырмасы бар. Булар эки башка нерсе.

Сүрөттүн булагы, iStock
Көз жаш дагы бири-биринен айырмаланат. 1981-жылы миннесоталык психиатр Уильям Х. Фрей II кайгылуу кино көргөндө чыккан көз жашта пияз аарчыганда чыккан жашка караганда белок көп экенин аныктаган.
Көздөн чыккан жаш бир гана кайгыдан улам эмес экенин баарыбыз эле билебиз. Балким муну юмордук шоуго баргандар же үйлөнүү үлпөтү учурунда нике шакегин алмашып жаткандагы көрүнүшкө күбө болгондор ырасташат го дейм. Биз баарбыз кайгыдан да кубанычтан да чыккан жаштарды өз башыбыздан өткөргөнбүз. Бирок биз эр жеткен учурда эмнеге ыйлай турганыбыздын так себеби ачык эмес. Окумуштуулардын бул тууралуу көптөгөн гипотезалары бар.
Алардын биринде чоңдордун ыйлаганы чынында балдардыкынан көп деле айрымаланбайт деп айтылат. Бул албетте социалдык аспектиден караганда.
Башкача айтканда, ыйлоо башкалардын көңүлүн өзүнө бурдуруу. Ыйлоо менен биз өзүбүздүн жакындарыбызга сөз менен айтууга мүмкүн болбогон сезимдерибизди айтып беребиз.
Балким бул айрым гана ыйлоонун түрү жөнүндөгү сөз болсо керек. Себеби чоң кишилер өзүнчө жалгыз олтуруп алып да ыйлашат. Окумуштуулар балким бул адамды өзүнүн сезимдерин түшүнүүгө жардам берген каражат болушу мүмкүн деп болжошот. Бул тоерия дагы карама-каршылыктуу.
Мындай учурда, демек ыйлоо бизди оор эмоционалдык жүк басып турган учурда кырдаалды жеңүүгө жардам берет деген түшүнүктөн алыс кетүүгө да болбойт.
Бул идея бир гана Шекспирдин сөзү менен айтылган эмес, римдик акын Овидийдин «кайгы көз жаш менен ээрийт» деп дагы айтканы бар. Грек философу Аристотель ыйды «акыл-эсти тазалайт» деп жазган.
1986-жылдагы америкалык популярдуу басылмалардагы бул тууралуу иликтөөлөрдө макалалардын 94 пайызынын авторлору ыйлоо эмоционалдык жүктү алып салат деп белгилешкен. Жакшылап ыйлап алуу балким чындап эле ден соолукка пайдалуу болор. Бирок бул үчүн ыйлап жаткан кишиге колдоо көрсөтүү зарыл го.
2008-жылы 30 өлкөдөн 4300 жаштардын өкүлдөрү катышкан иликтөө жыйынтыгы жарыяланган. Алардын дээрлик көпчүлүгү ыйлагандан кийин физикалык жактан да, эмоционалдык жактан да өздөрүн жакшы сезип калышканын айтышкан.
Ошол эле учурда айрымдары эч кандай өзгөрүү болбогонун, кайра кайгысы эки эселенген сезимде болушканын айтып беришкен.
Көрүнүп тургандай маселенин баары социалдык контекстте: эгер киши көпчүлүктүн алдында ыйлоодон айбыгып турса, ал жакын кишисинин алдында же жалгыз олтуруп ыйлаганга караганда көпчүлүктүн алдында ыйлагандан көп деле жеңилдөө сезбейт.
Окумуштуулар кишилер көз жашын жашырып же карманган учурда алардын эмоционалдык абалы жакшырбаганын байкашкан.
Ошондуктан шолоктоп ыйлап алуу чыны менен эле ден соолукка пайдалуу болушу мүмкүн экен. Бирок бул үчүн ыйлап жаткан кишиге колдоо сөзсүз керек.
Демек жыйынтыгында чоңдор деле балдар сыяктуу жакындарын жардамга чакыруу үчүн ыйлашат турабайбы деп айтууга болот.
Макала BBC Future сайтынан которулду. Түп нускасын бул жерден таап окусаңыз болот.