Освенцимдин ийне сүрөтчүсү жана анын сырдуу махабаты

Лале Соколов өзүнүн өтүмүшүндөгү өксүк сырды 50 жыл бою жашырып келген. Жашы 87ге таяганда гана Освенцим лагеринде эмне менен алектенгенин айтып берген.

Отбор узников Аушвица Сүрөттүн автордук укугу Alamy

Лале өмүрүнүн соңунда Австралиянын Мельбурн шаарынын чет жакасында жашап өтүп, 2006-жылы көз жумган. Анын айтып бергендери боюнча жазылган китеп Британияда жаңы эле жарык көрдү.

Лале Освенцим лагеринде ийне менен сүрөт тартып (татуировка жасап) иштеген.

"Белгилүү нацисттик концлагерде ийне сүрөтчү (татуировка жасап) болуп иштеген бул киши сырымды ачыкка чыгарбашым керек деген жаңылыш ой менен, аны жашырып келген",-дейт жазуучу Хезер Моррис.

Лале Соколов

Жазуучу бул окуяны Лаленин өз оозунан үч жыл бою угуп, ал көз жумганга чейин жазып жүргөн. Кийин бул аңгемелешүүнү "Освенцимдин ийне сүрөтчүсү" деген аталыш менен китеп кылып окурмандарга сунуштады.

Китепте нацисттик концлагердеги туткундардын колуна номерлерди ийне менен чегерип жазып жүргөн Лаленин окуясы баяндалат.

Окуянын каарманы узак жылдар бул сырды ичине катып, өзүн дагы нацисттердин жалчысы катары эсептешет деп корккон. Үй бүлөсүн коргоо үмүтү менен үстүнөн баскан оор жүккө чыдап, бир да жолу бул тууралуу ооз ачкан эмес.

Качан гана жубайы Гита дүйнө салгандан кийин ичтеги сырын төктү.

Окуяда жалаң гана аман калуу аргасы тууралуу эмес, улуу махабаттын да баяны бар.

Жазуучу анын ишенимине кирип, сырын угуу бир топ татаал болгонун белгилейт.

32407 номерлүү туткун

Лале 1916-жылы Людвиг Эйзенберг деген ысым менен Словакияда жөөт үй бүлөдө төрөлгөн.

1942-жылдын апрелинде 26 жаш курагында нацисттердин Освенцим концлагерине келген.

Часть нацистского документа с номером, присвоенным Лейлу в лагере

Ал туулуп өскөн шаарды нацисттер басып киргенде, жакындарын сактап калуу аргасы менен жумушчу катары өзүн нацисттерге сунуштаган. Бир туугандарынан айырмаланып, Лале ал учурда бойдок эле.

Немистер оккупациялап алган Польшадагы концлагердин төбө чачты тик тургузган ырайымсыздыгы али алдыда болчу.

Лагерге келгенден кийин 32407 деген номер анын ысымына алмашты.

Башында Лалени көпчүлүк туткундар сыяктуу барак үйлөргө жайгаштырышкан.

Мүмкүн болушунча күзөтчүлөрдүн көзүнө чалдыкпоого аракет кылып, иштеп жүргөн. Эс-Эс (СС) күзөтчүлөрүнүн мыкаачылыгында чек жок эле.

Кийин Лале ич келте илдетине кабылат.

Ооруп калган мезгилинде мурун колуна номер чегерген француз окумуштуусу Пепан ага кам көргөн. Ич келтеден бутуна тургандан кийин, Пепан ийне менен денеге сүрөт чегергенди үйрөтүп, тилиңди тишиңе катып жүр деп айтат.

Татуировка процедурасы адамдын адамдыгын тебелеген, өтө ырайымсыз эле. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Татуировка процедурасы адамдын адамдыгын тебелеген, өтө ырайымсыз эле.

Кийин Пепандын дайыны чыкпай калып, эмне болгонун Лале да билбеген бойдон кала берген.

Лале бир нече тил билген - словак, орус, немис, француз, венгер тилдеринде эркин сүйлөп, поляк тилин бир аз түшүнгөн. Мына ушул артыкчылыгы аны Освенцимдин негизги "ийне сүрөтчүсү" кылган.

Ага татуировка түшүрүүчү аспаптарды жана "Саясый бөлүм" деген жазуусу бар справка беришкен. Ошентип Лале ССтин саясый бөлүмүндө иштеп калат.

Лалени көзөмөлдөй турган атайын офицер бөлүшкөн, бул ага берилген сакчы катары көрүнгөн.

Жаңы кызматы менен Лале башка туткундарга салыштырганда өлүмдөн бир кадам алыс эле.

Лагердин администрациясынан тамактанып, кошумча дагы азык-түлүк алып баштаган. Жумушу жок учурда ал өз иштери менен алектенүүгө да мүмкүнчүлүгү бар эле.

Йозеф Менгеле (солдо) СС офицерлери менен. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Йозеф Менгеле (солдо) СС офицерлери менен.

"Ал өзүн эч качан өз ыктыяры менен нацисттерге иштеген жумушчу катары эсептеген эмес",-дейт Хезер Моррис.

Согуштан кийин көптөр концлагердин администрациясында иштеген туткундарды нацисттердин жардамчысы катары эсептешкен.

"Ал буга кара жанын сактап калуу үчүн барган. Анын жумуш тандоо укугу жок эле,-деп кебин улайт Моррис. - Лагерде эмне жумуш болсо да аткарууга туура келчү, анткени эрте менен күндүн көзүн көрүү үмүтү бар эле деп айтып берди Лале".

Башка туткундардан кызматы менен артыкчылыкка ээ болгонуна карабастан, өлүмдүн көлөкөсү дайыма маңдайынан кеткен эмес. Ал Йозеф Менгелени такай көрчү. Анткени жаңы келген туткундардан өзүнө "пациенттерди" тандап алып, аларды Лалеге номер койгонго жөнөтүп турган.

Кээде Менгеле: "Сүрөтчү, бир күнү сени да алып кетем" деп Лаленин жүрөгүнөн сары суу агызчу.

Эки жыл ичинде Лале жүздөгөн туткундардын колдоруна номер түшүргөн.

Бул татуировкалар илмейген колдордогу Холокостун жана ырайымсыз концлагердин эң таанымал эн белгиси болуп калды. Татуировкаларды Освенцимдин жана анын Биркенау менен Моновицадагы туткундарына гана басышкан.

Освенцимде балдар колундагы татуировкаларын көрсөтүп жатышат. Сүрөттүн автордук укугу Alamy
Image caption Освенцимде балдар колундагы татуировкаларын көрсөтүп жатышат.

Освенцимге туткундар келген учурда аларды тандап алышкан. Кара жумушка жарамдууларды бөлүп алып, физикалык оор жумушка жарабагандарды өлүмгө буйрушкан.

Освенцимге келген туткундар. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Освенцимге келген туткундар.
White line 10 pixels
Освенцимдеги кара жумушка тандап алган аял туткундар, 1944-жыл. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Освенцимдеги кара жумушка тандап алган аял туткундар, 1944-жыл.

Алардын сакал-мурутун алып, кийимдеринин баарын чечип, лагердин формасын беришкен. Ушундан кийин гана алар колдоруна номер жаздыруу үчүн катарга тизилишкен. Бул каттоого алуунун финалдык баскычы болгон дейт Освенцим музейинин изилдөө борборунун жетекчиси доктор Петр Сеткевиц.

Татуировка процедурасы адамдын адамдыгын тебелеген, өтө ырайымсыз эле. Мындай адамдыкка жатпаган кемсинтүүнү бардык туткундар башынан өткөргөн.

"Биринчиден, катуу ооруну сезишкен,- дейт доктор Сеткевиц. - Экинчиден, ушул учурда туткундар өзүнүн ысымы унутула турганын түшүнүшкөн. Алардын ысымдарынын ордун эми номерлер алмаштырмак".

Barbed wire at Auschwitz

34902 номерлүү туткун

1942-жылдын июль айы. Лалеге кагазга жазылган кезектеги туткундун номерин беришти: 3 4 9 0 2.

Эркек кишинин колуна сандарды чегерүү башка, бирок бул ирет Лале иймейген арык кыздын колун кармап, дендароо абалда туруп калган.

Өлүмдүн кылычы башында салаңдап турганда, эр болсоң номерди чегербей баш тартып көр!

Көп жылдардан кийин Лале бул окуяларды Хезер Морриске айтып берип жатып, кыздын сол колуна сандарды чегергенче, ал менин жүрөгүмө өзүнүн сандарын ийне менен жазып кеткен деп айтып берген.

Гита Фурманнова

Кыздын ысымы Гита экен. Ал Биркенаудагы аялдар лагериндеги туткундардын бири болгон. Лале бөлүнгөн СС сакчысы аркылуу кызга кат берип, жашыруун жолугуша баштаган.

Лале кызга кам көрүп, өзүнө бөлүнгөн тамак-аштан бөлүп, анын жеңил жумушка чегерилишине көмөк көрсөткөн. Кызга үмүт бергиси келген.

"Гита өзүнүн келечегинен үмүт үзүп койгон,-дейт Хезер Моррис. -Лале болсо ички дүйнөсүндө аман калышына бекем ишенген. Ал оңдой берди болгон ийгилик арты менен, керек учурда керектүү жерде болуп калган зиректиги менен аман калган".

Мына ушул абалынан Гитага эле эмес, көп кишиге жардам берүүгө далбастаган. Туткундар арасындагы мурда өзү менен бирге олтургандарга, досторуна, концлагерде крамалып турган цыган үй бүлөгө тамак аштан жардам берип турган.

Освенцим советтик аскерлер тарабынан бошотулгандан кийин. 1945-жыл. Сүрөттүн автордук укугу Alamy
Image caption Освенцим советтик аскерлер тарабынан бошотулгандан кийин. 1945-жыл.

1945-жылы советтик аскерлер жакындап калганда, нацисттер Освенцимден туткундарды алып кете баштаган. Гита дагы алардын арасында болуп калды.

Лале сүйүп жүргөн кыз ошентип ың-жыңсыз кетти. Ал Гита Фурманнова деген ысымды гана эстеп калды. Анын кайсыл аймактан экенин дагы билчү эмес.

Көп өтпөй Лале дагы лагерди таштап чыгып, Чехословакиядагы Кромпахи шаарындагы үйүнө кайтып келген.

Анын эжеси Голди аман калыптыр. Атасынын үйү да сакталып калган.

Жүрөгүн тикенектей сайган санаасы Гита болду.

Чехословакиядагы жөөт үй бүлөлөрү АКШнын көзөмөлү менен Австрия аймагынан баратышат. 1946-жыл. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Чехословакиядагы жөөт үй бүлөлөрү АКШнын көзөмөлү менен Австрия аймагынан баратышат. 1946-жыл.

Лале Братиславага келип, концлагерден ушул аймак аркылуу үйлөрүнө кайтып жаткан чех туткундарынын арасынан Гитаны издеди.

Темир жол бектинде бир нече апта боюу келип жаткан жүргүнчүлөрдү аралап, Гитаны табуу үмүтү менен жүргөн. Станциянын жетекчиси Гитаны Кызыл-Чырым деген жерден издөө кеңешин берет.

Мына ушул аймакка барткан жолдо, ат арабанын алдынан ага тааныш көздөр чыкты. Гитаны таап алды.

Алар 1945-жылдын октябрь айында баш кошушкан. Социалисттик Чехословакиянын жашоосуна ыңгайлашып, фамилиясын Соколов деп өзгөртүшкөн.

Лале жана Гита, 1940-жылдардын экинчи жарымы.
Image caption Лале жана Гита, 1940-жылдардын экинчи жарымы.

Лале кездеме дүкөн ачып, иши жүрүшүп баштаган. Ал тургай чет өлкөдөгү Израиль мамлекетин түзөбүз деген кыймылдарга акча жөнөтүп турган.

Бийлик бул тууралуу билип калып, Лалени түрмөгө камап, дүкөнүн улутташтырып салат.

Дем алыш күндөрдүн биринде Лалени жубайы менен көрүшүүгө үйүнө жөнөткөн учурда, Гитаны алып Чехословакиядан Батышты көздөй качып жөнөгөн.

А дегенде Венага, анан Парижге өтүп, кийин Европадан кеме аркылуу Сиднейди көздөй жөнөйт. Кемеде баратып мельбурндук түгөйлөр менен таанышып калып, жаңы жашоосун ошол шаардан баштоону чечишет. Лале Мельбурнга келип кайрадан кездеме дүкөнүн ачат. Гита болсо тигүүчүлүк менен алектенген. 1961-жылы уулу Гари жарык дүйнөгө келген.

Соколовдордун үй-бүлөлүк сүрөтү.
Image caption Соколовдордун үй-бүлөлүк сүрөтү.
White line 10 pixels
1955-жылдагы Мельбурндун көрүнүшү. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 1955-жылдагы Мельбурндун көрүнүшү.

Лале менен Гита калган өмүрүн Мельбурнда өткөрдү. Гита бир нече ирет Европага саякаттап келген. Лале болсо бир да ирет кайтып келген эмес.

Булардын Освенцимдеги таржымалын уулу Гари дагы билген эмес экен. Ага кийин гана айтып беришкен.

"Бул тарыхты мен издеп тапкан жокмун, ал мени тапты.",-дейт Моррис.

Гита жана Лале Соколовдор.
Image caption Гита жана Лале Соколовдор.

Гари ата-энесин башынан өткөргөндөрүн уккандан кийин, бул тарыхты дүйнөгө айтып бере турган киши издеп жүрүп Мориссти тапкан.

Моррис жөөттөрдөн эмес, дал ушунусу үчүн Лале аны тандап алды деп ойлойт.

Лале Соколов жана жазуучу Хезер Моррис.
Image caption Лале Соколов жана жазуучу Хезер Моррис.

Лале менен Гитанын сүйүү баянынан башка, китепте Моррис дагы бир бөлүмдү - Холокостун тарыхын байланышкан окуяларды жазгысы келген.

Бирок жазуучу Лаленин айтып бергендерин кайра текшерип, терең казып изилдеп чыгуусу керек эле.

Киийн документтерден Лале Освенцимге түшкөндөн бир ай алдын лагерде анын ата-энеси каза тапканы аныкталган. Бирок Лале бул маалыматты билбей, 2006-жылы оо дүйнөгө узап кеткен болчу.

Людвиг Эйзенбергдин ысымына жазылган концлагердин саясый бюросунун төлөм кагазы.
Image caption Людвиг Эйзенбергдин ысымына жазылган концлагердин саясый бюросунун төлөм кагазы.

Башында Лаленин тарыхын кино сценарий кылып жазуу идеясы болгон.

Австралиялык мамлекеттик Film Victoria кинокомпаниясы эл аралык иликтөө үчүн каражат да бөлгөн.

"Профессионалдуу иликтөөчүлөр дагы кириген бул топ Лаленин айтып бергендерин тастыктаган таң калыштуу документтерди табышты",-дейт Моррис.

Лаленин өзү тууралуу концлагердеги документтер табылган. Бул тарых көптөгөн иликтөөчүлөрдү таң калтырды.

Аушвиц, наши дни

"Освенцимдин ийне сүрөтчүсү" деген китеп Улуу Британияда Bonnier Zaffre басылмасынан 2018-жылдын 11-январь күнү жарыкка чыкты.

Сүрөттөрдүн автордук укугу Хезер Моррис жана Соколовдордун үй бүлөсүнө таандык. (AbA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар