Airbus көлөмдүү жүргүнчү учагын чыгарууну токтотот

Airbus компаниясы дүйнөдөгү эң көлөмдүү A380 Superjumbo жүргүнчү учагын чыгарууну токтото турганын жарыялады.

Сүрөттүн автордук укугу EPA

Airbus өзүнүн эң ири буюртмачысы Emirates авиакомпаниясы A380 учактарын сатып алууну кескин азайткандан кийин, ушундай чечим кабыл алган.

A380 - Emirates авиакомпаниясынын флагманы деп эсептелчү. Эми авиакомпания чаканыраак көлөмдөгү учактарды колдонууну ылайык көрүүдө.

Emirates A380 учагына мурда берген буюртмаларын кайтарып алып, отуз А350-900 жана кырк A330-900 үлгүсүндөгү учагын алууга келишим түзгөн.

Башка авиакомпанияларга мындай үлгүдөгү учактарды сатуу аракети ийгилик алып келген жок. Ошондуктан өндүрүштү кармап туруунун зарылчылыгы жок деп билдирди компаниянын башкы директору Том Эндерс.

"Жүргүнчүлөрдүн көбү мындай үлгүдөгү учак менен жүрүүнү жактырышат. Ошондуктан бүгүнкү чечим оңой болгон жок",-деди Эндерс.

Көп жылдык атаандаштык

Дүйнөлүк эки ири учак куруучу компаниянын атаандаштыгы көп жылдан бери уланып келе жатат. Ар бир компаниянын өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар.

Сүрөттүн автордук укугу Airbus
Image caption Airbus 2017-жылы жаңы үлгүсүн чыгарып баштады.

Негизинен эки корпорация тең граждандык авиацияда айрым сейрек учурларын эске албаганда, бирдей үлгүдөгү учактарды чыгарат.

Маселен, Airbus дүйнөдөгү эң ири А380 лайнерин иштеп чыккан эле. Boeing болсо азырга чейин Boeing 747 үлгүсүндөгү учак чыгарууну улантып келе жатат. Бул үлгү өткөн кылымдын 60-жылдарында пайда болгон.

Америкалык корпорациянын башка "фишкасы" бар. Анын Boeing 777-8 учагы алыска учуулар боюнча рекорд жартып, 16 миң километрге чейин уча алат. Airbus A350 15 миң километрге чейин учуп, америкалык рекордсменден бир аз артта. 2017-жылы эки компания тең кардарлары үчун жаңы учактарды сунуштады. Булар Boeing 737MAX жана Airbus А321NEO.

Дөөлөрдүн кагылышы: Boeing жана Airbus

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Популярдуу Boeing учагынын негизинде MAX сериясындагы жаңы үлгүсү сунушталды.

Учак куруучу эки ири корпорация авиалайнерлерди дүйнөлүк рынокко чыгаруу боюнча көп жылдык атаандаштыгын улантып келет. 2017-жылы Boeing учактарды сатуу боюнча атаандашы Airbus компаниясын озуп өтүп, бирок жаңы буюртмалардын саны боюнча утулуп калган.

Концерн Airbus 2017-жылы 85 кардарына 718 жүргүнчү учагын жеткирген. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырганда 4 пайызга көп деп айтылат компаниянын жылдык отчетунда. Документте учактарды сатуу 15 жыл катар өскөнү айтылып, бүгүнкү күнгө 22 пайызга көбөйгөн деп көрсөтүлгөн. Airbus бул көрсөткүчтөн алганда, америкалык атаандашына 45 учакка артка кеткен.

Кийин Boeing 2017-жылдагы сатуулар жана 2018-жылдагы учактарды сатыкка чыгаруу боюнча жыйынтыгын чыгарды. Бир жыл ичинде компания 763 коммерциялык авиалайнер саткан. Демек башка өндүрүшчүлөрдүн баарын артка калтырды.

Бирок Airbus башка көрсөткүч менен Boeing компаниясынан озду. Бул туруктуу буюртмалар. Корпорация 44 кардарынан 1109 буюртма алды. Ал эми Boeing 71 сатып алуучу үчүн 912 буюртма алган. Жалпы буюртмалардын саны 2017-жылдын 31-декабрына карата 7265 учакты түзүп, баасы 1 трлн долларга жетти. Бул учак куруу индустриясындагы дүйнөлүк рекорд.

Boeing 2017-жылы 71 кардарынан 912 учак үчүн буюртма алды. Жалпы баасы 134,8 млрд долларга барабар болот. Мындан сырткары алдыдагы жылдарга жалпысы болуп компания 5864 учак үчүн буюртма алган. Бул деген завод болжолу жети жыл боюу тынымсыз иштөөсү керек дегинди түшүндүрөт. (AbA)