Кышкы Олимпиада келечекте кар жана музга зар болобу?

Жума күнү Корей жарым аралында кышкы Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылышы болот. Албетте, бул оюндардын ийгиликтүү болоорунан күмөн санабаса деле болот. Бирок барган сайын кышкы Олимпиада оюндарын уюштуруу чоң мүшкүлгө айланат деген кооптонуу бар.

Окумуштуулар келечектеги кышкы Олимпиада оюндарында кар жок болуп калыш мүмкүн дейт. Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Окумуштуулар келечектеги кышкы Олимпиада оюндарында кар жок болуп калыш мүмкүн дейт.

Кышкы Олимпиаданын келечегин бүдөмүккө кептеген сегиз себепти айтып берели.


1. Дүйнөдө кар жана муз аз болот

Америкалык НАСА агенттигинин маалыматына караганда, байкоого алынган (1880-жыл) жылдар ичиндеги эң ысык учур 2017-жылы болду.

Окумуштуулар глобалдык жылуулук узакка созулган тенденция дейт. Индустриалдык доор башталгандан бери Жер шары орточо 1 градус жылыды.

Скво-Вэлли Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 1960-жылы кышкы Олимпиада оюндары өткөн Скво-Вэллиде (АКШ) соңку жылдары лыжа тебүүгө ылайыктуу кар жаабай жатат.

Дүйнөдөгү тоолуу аймактарда жылуулануунун илеби сезилерлик болду. Маселен, Альп тоолорунда абанын температурасы орточо 2 градуска жогорулаган. Европалык геология илими боюнча бирикме 2099-жылга барып чөлкөмдөгү кар 30 пайызга кыскарат деп тыянак чыгарат.

Кышкы Олимпиада карсыз өтүп калабы?

Канададагы Ватерлоо университетинин окумуштуулары кышкы Олимпиада өткөрүү укугун алган шаарлар менен өлкөлөр тууралуу анализди сунуштаган. Алардын болжолунда, 2050-жылга чейин 21 олимпиадалык шаардын 13ү гана кышкы оюндар үчүн ыңгайлуу болот. Ал эми 2080-жылы сегиз гана шаар.

Келечегинде кышкы оюндарды өткөрүү чоң мүшкүл болуп калат деп болжойт окумуштуулар.

Кыскасы божомолдор көңүл жылытпайт. Бирок позитивдүү жагын дагы тапса болот. Эгерде 2015-жылы кабыл алынган Париж макулдашуусуна ылайык атмосфераны булгаган зыяндуу заттарды азайтууга мүмкүн болсо, кырдаал бир аз өзгөрүшү мүмкүн.

2. Тоо лыжасы боюнча эс алуу жайларындагы абал

Климаттын өзгөрүшү лыжа тээп, эс алган бир нече жайлардын кыскарышына алып келди. Маселен, 1950-жылдан бери АКШда 600гө чукул лыжа тээп эс алган жайлар кыскарып кеткен. Мунун себеби эле кардын жок болуп калганы. Муз тепкен мезгил болсо орточо бир аптага кыскарган.

Түштүк Кореядагы ташталып калган лыжа базасы. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Түштүк Кореядагы ташталып калган лыжа базасы.

Түштүк Кореядагы кышкы оюндардын алдында чет элдик ММКлар ташталып кеткен Косон лыжа базасынын сүрөттөрүн жарыялашты. Бул база Олимпиада шаарынан 100 чакырым аралыкта турат. Бул курорт 2006-жылы жабылып калган.

2007-жылы жарыяланган Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун анализинде, барган сайын Альп тоолорундагы лыжа базалары дагы ушундай маселе менен бет келет. Альп тоолоруна жыл сайын тоо лыжасын сүйүүчүлөрдүн 44 пайызы барат.

Иликтөөгө ылайык, эгерде температура дагы 2 градуска жогоруласа, аймактагы курорттордун 40 пайызы жабылып калышы мүмкүн.

3. Кышкы оюндары өткөрүүнү каалагандар саны азайды

2022-жылы кышкы оюндарды Пекин өткөрөт. Муну менен жайкы жана кышкы Олимпиада оюндарын өткөргөн экинчи шаар катары тарыхта калмакчы.

Пекин 2020 Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2022-жылы кышкы оюндарды Пекин өткөрөт.

Пекин 2008-жылкы жайкы Олимпиаданы өткөрүү үчүн катуу атаандаштыкка кабылган эле. Ал эми 2022-жылы өтө турган кышкы Олимпиада өткөрүү укугун оңой эле алды.

Кышкы оюндарды өткөрүүгө башында алты шаар арыз берип, кийин төртөө финалга чыккан. Бирок Осло, Краков, Львов жана Стокгольм арызынан баш тартты.

Бул шаарлардын баарында кышкы оюндарды өткөрүүгө каршы нааразылык акциялары өттү. Нааразылыктар мамлекеттик акчанын сарпталышына, көп чыгымдар кетишине байланыштуу болгон.

Мына ушундан кийин кышкы оюндарды өткөрүүгө ат салышкан эки гана шаар - Пекин менен Алматы калды. Кийин добуш берүүдө төрт гана ашыкча добуш алып утуп чыкты.

4. Кышкы оюндарды өткөрүү барган сайын кымбатка түшүүдө

Игры Сочи-2014 Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Kышкы оюндарды өткөрүүгө эң көп каражат 2014-жылдагы Сочи Олимпиадасында кетти.

Барган сайын кышкы Олимпиадага сарпталган каражаттар көбөйүүдө. Маалыматтарга караганда, Түштүк Кореядагы кышкы оюндардын жалпы бюджети 13 миллиард долларга барат. Бул сумма 2010-жылы Ванкуверде өткөн оюндардан эки эсе көп.

Аналитиктердин болжолунда, кышкы оюндарды өткөрүүгө эң көп каражат 2014-жылдагы Сочи Олимпиадасында кетти.

Мындай спорттук иш-чаралардын экономикалык пайдасы бар деп айтылат. Бирок эксперттер сезилерлик болбой турганын айтып келе жатышат.

"Мисалы, туристтердин агымы көбөйөт дегенге далил жок. Олимпиада өткөн Лондон менен Пекинде туристтердин саны азайганы байкалган. Анткени оюндар учурунда тамак-аш, батирлер кымбатташынан коркуп, келбей коюшкан",- дейт америкалык экономист Эндрю Цимбалист.

5. Кышкы спорт түрү менен алектенүү азайып жатабы?

Кышкы туризм боюнча эл аралык докладда соңку алты жыл ичинде дүйнөдөгү лыжа тээп эс алуучу жайларга баргандар саны 10 пайызга кыскарды.

лыжник Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption АКШда барган сайын бул спорт менен алектенгендер азайып бара жатат.

Бул эми, мурдатан калыптанып калган АКШ, Канада, Франция, Швейцария, Италия жана Япониядагы базаларга мүнөздүү тыянак.

Ал эми бул жылдар аралыгында Кытайда тоо лыжасына кызыккандар саны көбөйгөн. Тоо лыжасын сүйгөндөр эң көп деп эсептелген АКШда барган сайын бул спорт менен алектенгендер азайып бара жатат.

6. Жайкы оюндарды өткөрүүдө киреше барбы?

Closing Ceremony in Vancouver Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption NBC 2010-жылы өткөн кышкы Олимпиаданы чагылдыруу үчүн 2 млрд доллар төлөгөн экен.

Эл аралык олимпиада комитети жайкы жана кышкы оюндарды теледен чагылдыруу укугун берүү боюнча келишимдерди түзөт. Ушундан эле кайсыл оюндарда пайда көп экенин аңдаса болот. 2011-жылы америкалык NBC телекомпаниясы 2020-жылы Токиодо өтө турган оюндарды чагылдыруу үчүн 3,4 млрд доллар төлөгөн.

NBC 2010-жылы өткөн кышкы Олимпиаданы чагылдыруу үчүн 2 млрд доллар төлөгөн экен. Ушундай эле сумманы 2012-жылы Лондондо өткөн жайкы оюндарды көрсөтүү укугу үчүн төлөгөн. Бирок кышкы оюндарды чагылдыруудан 233 млн доллар зыян тартып, жайкы оюндардан 120 млн доллар пайда көргөн. Бул албетте, жарнактан тапкан пайдасы.

7. Анткени алар абдан популярдуу

Эл аралык олимпиада комитетинин маалыматына караганда, Риодо өткөн Олимпиада оюндарын 3,5 млрд киши жок эле дегенде бир минута көргөн. Ал эми Лондон оюндарында 3,6 млрд киши көргөн.

Салыштыруу үчүн кышкы оюндарды алалы: Сочи (2014) 2,1 млрд кишини өзүнө тарта алды. Ванкуверде (2010) - 1,8 млрд көрүүчү теледен аркылуу көргөн.

8. Кышкы оюндардын чемпиондору өтө деле белгилүү эмес

Уле-Эйнар Бьёрндален Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Легендага айланган Уле-Эйнар Бьёрндален.

Легендага айланган Уле-Эйнар Бьёрндаленди Скандинавиядан сырткары өлкөлөрдө көптөр тааныбаса деле керек. Коомдук жайларда аны таанып калып, кол тамга сурап, чуркаган күйөрмандары болушу күмөндүү.

Бул норвегиялык биатлончу - кышкы Олимпиада оюндарындагы эң көп медалды багындырган (13 медаль уткан, анын ичинде 8 алтын).

Эми жайкы оюндардын чемпиондору Усэйн Болт же Рафаэль Надалдын коомдук жайларда жүргөнүн элестете бергиле. (AbA)

.

Тектеш темалар