Кышкы Олимпиада тарыхынан

Бээжин

Сүрөттүн булагы, Beijing2022.cn

Кытайдын Бээжин шаарында 4-февралда XXIV кышкы Олимпиаданын оту жанат. 4-20-февраль күндөрү дүйнөнүн көңүлү Кытайда болмокчу.

Биз кышкы Олимпиада оюндарынын тарыхына токтоло кетели.

Мындан 94 жыл мурун, 1924-жылы 22-январда франциялык Шамони деп аталган тоо лыжалык курортто биринчи жолу кышкы Олимпиаданын оюндары өткөн. Алгач жөн гана "Кышкы оюндар" деп аталганы менен кантсе да бул оюндарды Эл аралык олимпиада комитети уюштуруп, аны Пьер де Кубертен өзү колдоого алган.

Ал учурда комитеттин көпчүлүк мүчөлөрү бул оюндардын кеңири алкакта өтөөрүнөн күмөн санашкан экен.

Эл аралык Олимпиада комитетинин 1991-жылдагы отурумунда жайкы жана кышкы олимпиада оюндарын өткөрүү мөөнөтүн 1994-жылдан тартып 2 жыл айырмачылык менен уюштуру чечими кабыл алынган.

Ошентип, 1994-жылдан тартып XVII кышкы олимпиада оюндары, 1998-жылдан тартып жайкы олимпиада оюндары өткөрүлүп турмай болгон.

Шамониде өткөн оюндарда 16 өлкөдөн 258 спортчу катышкан. Австрия, Бельгия, Канада, Чехословакия, Финляндия, Франция, Улуу Британия, Венгрия, Италия, Латвия, Норвегия, Польша, Швеция, Швейцария, АКШ жана Югославия өлкөлөрү катышкан.

Альпылык өлкөлөр Шамониге тоо лыжасын жана бобслейди, Улуу Британия - шотландиялык кёрлингди, ошондой эле жайкы Олимпиада оюндарындагы хоккей менен муз үстүндөгү бий кышкы оюндарга өткөн.

Алгачкы кышкы оюндардын түрлөрү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жалпы кышкы оюндардын тизмеги: альпинизм, бобслей, кёрлинг, хоккей, биатлон (алгач башкача аталган), муз үстүндөгү бий, коньки спорту, лыжалык кросс, трамплинден секирүү.

Бирок мелдештердин баары эле толук кандуу спорттук деп эсептелип, медалдар берилген эмес. Аталгандардын айрымдары жөн гана келгендердин көңүлүн ачуу үчүн көрсөтмө катары ойнотулган.

Кышкы спорттун урунттуу окуялары

Сүрөттүн булагы, Getty Images

1928-жылы швейцариянын Сент-Мориц шаарында өткөн кышкы оюндарга мурдагыдан бир нече эсе көп спортчулар келишкен.

1932-жылы Америкадагы Лейк-Плейсиде кышкы Олимпиадага көп өлкөлөрдөн спортчулар келе албай калышкан. Бул окуя Америка бийлигин бир топ кабатырланткан. Оюнчулардын көпчүлүгүн Америка менен Канададан баргандар түзгөн.

1932-жылы өткөн оюндардын тарыхында Эдди Игандын ысымы бекем жазылып калган. Анткени ал 1920-жылы жайкы оюндарда бокс боюнча алтын медал утуп алган, он эки жылдан кийин бобслей боюнча америкалык төрттүк менен алтын медал утуп алган. Ал тарыхка жайкы жана кышкы оюндардан алтын уткан спортчу катары кирген.

1936-жылы кышкы Олимпиада оюндары Германияда өткөн. Бул өлкө ушул эле жылы жайкы Олимпиаданы да кабыл алган. Бул оюндарда баарын таң калтырган британдыктардын хоккей командасы болуп, алар алтын медалды багындырышкан.

1940-44-жылдардагы кышкы оюндар Дүйнөлүк экинчи согушка байланыштуу өтпөй калган. 1948-жылы спортчулар швейцариялык Сент-Мориц шаарына кайра келишти. Көпчүлүктүн көңүл борбору хоккей чыкты. Анткени бул оюндарга Америкадан эки курама команда катышкан (бирөөсү олимпиадалык, экинчиси хоккей сүйүүчүлөрүнүн командасы). Бирок бул жолу алтын медал канадалыктарга тийген. (AbA)