Организм үчүн керектүү йодду кайдан алабыз?

Йод ден соолук үчүн өтө маанилүү. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Йод ден соолук үчүн өтө маанилүү.

Йоддун кишинин ден соолугу үчүн өтө маанилүү экенине айрымдарыбыз көп деле маани бербейбиз. Йодсуз организмдин өсүүсүнө доо кетет, организмде заттардын алмашуусунда (метаболизм) көйгөй жаралат.

Йод -организмде заттардын алмашуусун жөнгө салып турган калкан безинин гормондорунун негизги компоненти.

Керектүү деңгээлде йодду албай калган организмдин өсүүсүндө кемчиликтер болот. Муну билебиз, бирок йод кайдан келерин билбейбиз.

Суррей университети жана Маргарет Рейман өткөргөн иликтөө тыянагында, азыркы "сергек" диетада, айталы вегетариандык диеата абдан кооптуу. Анткени кош бойлуу аялдардагы йод жетишсиздигине алып келет деп айтылат.

Йод эмнеге керек?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Йод жогоруда белгилеп өткөндөй организмде заттардын алмашуусун жөнгө салып турган калкан безинин гормондорунун негизги компоненти. Өзгөчө эненин жатынындагы түйүлдүктүн өөрчүшү үчүн өтө маанилүү. Баланын өсүүсүнө, мээнин өнүгүшүнө, зат алмашууда негизги ролду ойнойт.

"Эгерде кош бойлуу аялдын организминде йод жетишсиз болсо, алардын балдары кабыл алууга жөндөмсүз болуп калышат жана тубаса гипотиреоз илдетинин белгилери менен төрөлөт. Мындай болгондо организмдин бардык функцияларында токтоп калуу болот. Муну тарыхта көп жылдар боюу "кретинизм" деп атап келишкен",-дейт профессор Рейман.

Башында "кретин" деген сөз Альпыда ушул синдром менен жашаган кишилерге карата колдонулган. Бул чөлкөмдө илгертен йод өтө таңкыс эсептелет. Дал ушул чөлкөмдөн богок оорусу менен жабыркаган кишилер көп болгон.

Сүрөттүн автордук укугу University of Surrey
Image caption Профессор Маргарет Рейман .

"Сергек" диетанын коркунучу

Болжолу, азык-түлүктөрдүн ичинен йоддун мыкты булагы - ак эттүү балыкта жана жумурткада бар. Көп өлкөлөр ашкана тузуна дагы йод кошуп коюшат.

Айрым өлкөлөрдө болсо, айталы Улуу Британияда сүт жана сүттөн жасалган азыктарга йод кошулат. Андан сырткары мал-жандыктардын тоютуна дагы йод кошушат.

Бирок өнүккөн өлкөлөрдө йод таңкыстыгы деген маселе кайра жаралды. Бул жолу йод кошулган азыктардын жоктугунан эмес, кишилер аң сезимдүү түрдө мындай тамактардан качып, диета кармап жаткандан улам. Булар вегандар жана вегетариандар арасында бар.

Сүрөттүн автордук укугу Getty/EugeneTomeev
Image caption Йодго бай азыктар.

Норвегиялык саламаттыкты сактоо институту жакында атайын иликтөө өткөрүп, өзгөчө вегандарда йод жетишсиздигине кабылуу коркунучу жогору экенин айтып чыкты.

Йод таңкысытыгы баланын ар тараптуу өсүшүнө чоң кесепетин тийгизет.

Иликтөөлөр

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Веган аялдарда богок болуп калуу коркунучу көп.

Профессор Рейман 1990-жылдары Англиянын батышындагы 14 миң кош бойлуу аялдардан алынган биологиялык үлгүлөрдү изилдеп чыккан. Андан кийин алардын балдарына байкоо салган.

Ал өзүнүн кесиптеши доктор Сара Бат менен бул балдардын ачык маалыматтарынын баарын карап чыккан. Алардын сабактарындагы жетишүүсү, акыл-эсинин өнүгүшү дегенге өзгөчө маани беришкен.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Иликтөөчүлөр энедеги йоддун жетишсиздиги канчалык көп болсо, алардын балдарынын өсүүсүндө ошончолук ооручулуктар болорун белгилешет.

Доктор Бат йод жетишсиз аялдардан төрөлгөн балдар сегиз жашынан баштап өзүнүн оюн айтып бере албай кыйналышарын, тогуз жашында китеп окуусу жана жазылгандарды түшүнүүсү кыйын болгон учурларды баштан кичирерине күбө болгон.

Иликтөөчүлөр энедеги йоддун жетишсиздиги канчалык көп болсо, алардын балдарынын өсүүсүндө ошончолук ооручулуктар болорун белгилешет.

Йод кайдан алынат?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Көп өлкөлөр ашкана тузуна дагы йод кошуп коюшат.

Йоддун негизги булагы - деңиз жана океандар.

Йоддун деңизден кургакка өтүп келген жолу жөнөкөй эмес. Иондор атмосферага көтөрүлүп, кийин жамгыр менен жерге түшөт. Аны өсүмдүктөр сиңирип, чөп менен азыктанган жаныбарлар аркылуу биздин азык-түлүктөрдө пайда болот.

Деңиз үстүнөн пайда болуп, кийин жамгыр алып келген булуттар бардык жерге эле жете бербейт. Ошондуктан көп чөлкөмдөрдө йод таңкыстыгы жаралган.

Альпыда, Пакистандын тоолуу аймактарында, Орусиянын көп аймактарында жана Борбордук Азияда, Африканын айрым аймактарында йод жетишсиз.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Деңизден алыс жайгашкан тоолуу аймактарда йод таңкыстыгы катуу байкалат.

Суу ташкындары болуп турган өлкөлөрдө дагы жердеги йодду суу жууп кеткен учурлар бар.

Адамга канча йод керек?

Аялдар күнүгө 150дөн 300 микрограммга чейин йод колдонушу керек. Ал эми эркектер 150 микрограмм. Бирок биз колдонгон азык-түлүктөрдө йоддун канча болорун так эсептеп чыгууга мүмкүн эмес. Майлуу балыкта ак этүү балыкка караганда йод азыраак болот.

Жакшысы көп түрдүүлүктөн качпаш керек. Эт, сүт азыктары, балык жегенге тыюу салбаш керек деп кеңеш берет иликтөөчүлөр. (AbA)