Кантип бактылуу болуш керек? Нейробиолог окумуштуунун кеңеши
Биздин мээбиз жаныбызда турган кишинин мээси менен сүйлөшө алабы? Болгону биз аны сезбейбизби?

Профессор Серф дээрлик он жыл чечим кабыл алуу процессин изилдеген.
Иллинойс штатындагы Түндүк-Батыш университетинин профессору Моран Серфдин мээнин нейроимпульстарындагы синхрондуулук тууралуу изилдөөсүнө ишенсек, анда толук ушундай болушу мүмкүн.
Профессор Серф дээрлик он жыл чечим кабыл алуу процессин изилдеген. Окумуштуу эгерде кишилер бири-бири менен көп убактысын өткөрсө, баш мээдеги нейрондордун активдүүлүгү бири-бирине окшош, кээде бирдей болуп калаарын таап чыккан.
"Эгерде сиз кимдир бирөө менен көпкө чейин бирге жүрсөңүз, эки мээ тең синхрондуу түрдө иштей баштайт",-деп белгилейт профессор Серф.
Окумуштуулар чечим кабыл алуу процессинде мээнин канча бөлүгү тартыларын компьютердин экранынан көрө алышат.
Синхрондуулук
Изилдөө учурунда эки кишиге бир эле видеороликти көрсөтүшкөн. Алардын мээсиндеги активдүүлүктүн мүнөзү өтө эле окшош болгон. Муну электр синхрондуулук деп атаса болот жана аны компьютердин экранынан көрүүгө мүмкүн.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бир адамдын мээсиндеги нейрондордун кыймылы эң жакын кишиси менен окшош болушу ыктымал.
"Болгону эки гана апта бир эле көркөм тасмаларды көрүп, бирдей мазмундагы китептерди окуп, бирдей абалда жашап, бири-бири менен гана сүйлөшсө, кишилердин оозеки кебиндеги колдонгон сөздөрү, эмоциялары, ал тургай көз караштары окшошуп калат",-дейт профессор Серф.
Бул деген - жашоодо сиз мыкты ийгилик жаратам десеңиз, ким менен убактыңызды өткөрүүнү астейдил таразалап алышыңыз керек дегендик дейт окумуштуу.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Айрымдар оор учурдун дагы жакшы жагын таба алышат.
"Жакын адамдарыңыз сиздин түшүнүктөргө кайсыл бир жол менен таасирин тийгизет. Болгондо да сиз аны сезүүңүз же түшүнүүңүз кыйын",-деди изилдөөчү.
"Сиз ылайык келбеген, начар өнөктөш тандап алган болсоңуз жана аны менен 10 жыл бирге жүргөн болсоңуз, анда бул факт сиздин жашооңузга олуттуу таасирин тийгизет".
Профессор Серф чечим кабыл алуу боюнча изилдөөлөрүндө да кызыктуу табылгаларын бөлүшөт. Айталы, туура чечим кабыл алуусуна ишенүү үчүн, өткөн учур боюнча эскерүүлөрдү ойдон чыгарууга жөндөмдүү кишилер көп дейт окумуштуу.
"Жашоосунда оор учурларды башынан кечирген кишилер бар. Бирок алар баары бир мээсин башкача түшүндүрүүгө аргасыз кылышат. Мындай жөндөм курчап турган чөйрөдөгү кайгыруу, кабатырланууну синтездөө",-деди профессор. (AbA)