Aлтын беткап жана Тутанхамондун каргышы: жомогу, чындыгы

  • Артем Кречетников
  • Би-би-си
Тутанхамондун алтын беткабы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Мындан 95 жыл илгери адамзат тарыхындагы укмуштуудай археологиялык ачылыш болгон.

Британдык иликтөөчү Говард Картер 1923-жылдын 16-февралында Тутанхамондун күмбөзүн ачып, фараондун алтын беткабын таап чыккан. Бул дүйнөлүк маданиятта Венера Милосская, Моно Лиза менен катарлаш турган негизги символдордун бири эсептелет.

Кийин экспедиция менен байланышы бар 13 киши ар кандай жагдайда оо дүйнөгө кете берди. Бул жагдай түрдүү мистикалык каңшаар кептердин, уламыштардын айтылышына себеп болуп калды.

Падышалар өрөөнү

Египтология боюнча илимдин башатына француздар из салышкан. Наполеон мысырлык жүрүшү учурунда илимпоздорду кошо ээрчитип алган экен. Император илим чөйрөсүндөгүлөрдү абдан баалаганы айтылат.

Бир жолу мамлүк атчандар кошууну кол салганда, Бонапарт аскерлерине кийин аңызга айланган буйругун берген: "Окумуштуулар менен эшектерди ортого алгыла!".

Байыркы Мысырды изилдөө ишин андан ары англиялыктар уланткан. Бул учурда немистер Вавилондун урандыларын казышкан. Анткени Ирак ошол учурда Осмон империясынын курамында Берлиндин союздашы болуп турган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Тутанхамондун күмбөзү.

Мысыр болсо 1882-жылдан британдыктардын коргоосунда болгон.

Археолог Картер менен анын демөөрчүсү Жорж Герберт (граф Карнарвон) 1907-жылдан кызматташа баштаган. Тутанхамондун күмбөзү Падышалар өрөөнүнөн табылган.

Биздин заманга чейинки XVI-XI кылымдарда байыркы Мысырдын борбору Фивы шаарынан (азыркы Луксор) анчейин алыс эмес Нилдин батыш жээгиндеги аскалуу капчыгай 63 башкаруучунун сөөгү коюлган жер. Бул жайда Тутмос Биринчиден баштап, Рамзес X чейинки башкаруучулардын сөөгү коюлганы айтылат.

Жакшы сакталган мумия акыркы жолу Падышалар өрөөнүнөн 2006-жылы табылган.

Учурунда Картер менен граф Карнарвон жөн эле убара тартууда, бул жай ийне-жибине чейин иликтенип бүттү деген пикир үстөмдүк кылган. Бирок 1922-жылы 3-ноябрда экспедиция казуу иштерин жүгүзүп жатып, төмөн көздөй алып түшкөн тепкичтерди таап алат. Андан кийин шыбалып, бекем бекитилген эшикти табышкан.

Картер бул тууралуу Лондондогу Карнарвонго чукул телеграмма жөнөтөт. Анысы 25-ноябрда кызы Эвелинди ээрчитип алып Мысырга жетип келет.

Изилдөөчүлөр эшиктин артынан жер алдына түшкөн эки жайдан баалуу асем буюмдарды жана тиричиликке керектелген буюмдарды көрүшкөн. Баалуу буюмдардын канчалык экенин мындан билиңиз, Картер чукул арада Каирге барып, мысырлык бийлик төбөлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

27-декабрда казуу иштери уланган. Археологдор шашылбай, жайбаракат, тыкан иштешип, жүздөгөн буюмдарды алып чыгышкан. Кайыштан жана кездемеден жасалган буюмдар чирип калган экен.

Казуу иштеринин жүрүшүндө дагы эки бөлмөгө жол табышкан. Алардын биринде узундугу 5,11, туурасы 3,35 жана бийиктиги 2,74 метр болгон, кооздолгон жыгач сандык табылат.

Сандыктын ичинен дагы матрешка сыяктуу үч куту чыккан. Акыры мумия жаткырылчу алтын табыт (саркофаг) табылат. Анын ичинен алтын бет кап тагынган мумияны алып чыгышты.

Табыттан 3,5 миңдей буюмдар болгон. Алтын зер буюмдардын салмагы 110,4 кг түзүп, алтын бет каптын өзү эле 11 кг болгон. Азыр ал Каирдин улуттук музейинде турат. Анын сүрөтү мысырлык 1 фунт акча бирдигине түшүрүлгөн.

Кайтаруусу чабал

Өтө куулук менен коюлган капкандар болгон деп айтылган уламыштарга карабастан фараондордун мүрзөлөрү дээрлик коргоого алынган эмес экен. Аларды кайтарып турган жоокерлерге ишенишкен. Бирок бул ар дайым эле иштей берген эмес. Жаңы башкаруучулар каржылык кыйынчылыктарга туш болгондо уялбастан туруп эле табыттардагы алтындарга кол салганы айтылып жүрөт.

Тутанхамондун күмбөзү - бүтүндөй турган турпаты менен бузулбай бизге жеткен жападан жалгыз күмбөз.

Картер жана анын кесиптештери күмбөздөгү ички эшикти бузууга аракеттер болгон деп айтышкан. Бирок аны ачып киришкени, эмне алышканы - табышмак.

Негизи эле бул иште сырдуу түйүндөр көп.

Жаш башкаруучу

Тутанхамон биздин заманга чейинки 1332-1323-жылдары башкаруучу болуп турган. Болжолдуу эсептегенде, Троян согушунан эки жүз жыл мурун, Рим негизделгенге чейин 600 жыл мурун такта он жыл олтурган жана 19 жашында көз жумган.

Башка деле башкаруучулар болгон, бирок дал ушул күмбөзүнөн улам анын ысымы баарына белгилүү болду. Тутанхамондун жаш кезинде эле оо дүйнө кете бергенине себеп болгон жагдай дагы белгисиз. Айрым булактарда аң уулап жүрүп арабадан кулаганы айтылат. Бирок мумияны изилдешкенде, оорунун же кандайдыр бир соккунун белгилерин таба алышкан эмес.

Ууландырган деген гипотеза дагы күмөндүү. Тутанхамон эч кимге тоскоолдук кылган эмес. Аскердик жана диний төбөлдөр ансыз деле каалагандай бийлик кылышкан.

Жаш падышанын артынан тукум калбаптыр. Династия ошону менен токтогон. Кийинки фараон биринчи министр Эйе болгон.

Күндүн небереси

Тутанхамондун атасы Аменхотеп IV сейрек учураган инсандардын бири болгон. Ал катаал жана бийликчил башкаруучу болуп, биздин заманга чейинки 1349-жылы ошол учурдагы Амон-Ра башында турган кудайлардын пантеонун (ибадаткана же кудайларга багышталган жай маанисинде) жоюп, кол алдындагыларды бир кудайга - Атонго сыйынууга буйруган.

Ал өзүн Атондун уулумун деп жарыялап, Эхнатон деген ысымды алат. Анын алсыз, жашы жетелек уулунун башкаруусу учурунда диний чөйрө өздөрүнө ыңгайлуу мурдагы культка кайра өтүп алышкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Нефертити - болжолу Тутанхамондун апасы болгону айтылат.

Мураскер туулганда эле Тутанхатон ("Атондун жердеги көрүнүшү") деген ысымды алган. Ал 14 жашында Тутанхамон деген атты чөйрөсүндөгүлөрдүн каалоосу менен кабыл алган.

Орусиялык жазуучу жана изилдөөчү Александр Никонов ошол учурдагы окуялардын табигый катаклизм менен байланышы болушу мүмкүн деп мүнөздөйт.

Жер Ортолук деңиздеги Санторин аралында вулкан ойгонгон. Мысырдын үстүн булут каптап, температура түшкөн. Фараон кырдаалдан пайдаланып, элди жаңы куйдайга сыйынууга мажбурлаган.

Ал каза тапкандан кийин экологиялык кырдаал мурдагы калыбына келген. Ошондуктан динчилдер үчүн кайра эски кудайга кайтуусу кыйынчылыкты жараткан эмес.

Өзүнүн масштабдуу иштерине карабастан бүгүн Эхнатон өзүнүн жубайы Нефертитиге караганда анчалык белгилүү эмес. Анткени анын белгилүү бюсту бизге чейин жетти.

Каргыш тийгенби?

Күмбөз ачылгандан бир жарым айдан кийин, тагыраагы 1923-жылы 5-апрелде Карнарвон 56 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.

Кийинки он жылдын ичинде экспедициянын 12 мүчөсү каза табат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Лорд Карнарвон (оңдо), Говард Картер жана лорда Карнарвондун кызы Эвелин күмбөздүн кире беришинде түшкөн сүрөт.

Сэр Артур Конан-Дойль күмбөздөгү табытта азыркы илимге белгисиз уу болгон деп божомолдойт. Мистикалык каргыш тууралуу каңшаар кепти өзгөчө Daily Mail басылмасы жана анын Мысырдагы кабарчысы Артур Уэйгалл катуу тараткан.

Өзгөчө Тутанхамондун саркофагы турган жайдагы дубал бетине жазылган сөз көптөрдү кооптондурган: "Өлгөн башкаруучунунун тынчын алууга батынган кишинин өзүнө жакында ажал жетет".

Бирок динчилдер каалаган сөзүн жазып коюшу мүмкүн эле. Ал эми оо дүйнө кеткен изилдөөчүлөр тууралуу фактыларды айтсак, Лорд Карнарвон көп жылдар астманын оор түрүнөн жабыркап жүргөн.

Үч киши көз жумган учурда жашы 70тен ашып калган. Дагы төртөө зомбулуктан улам өлгөн же өзүн өзү кол салышкан. Бирөө стоматологиялык операциядан кийинки канына жуккан илдеттен каза табат.

Фараондүн табытын ачкан негизги киши Говард Картер 16 жылдан кийин көз жумган.

Мысырдагы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен 200 жыл ичинде 800 мумия табылган. Тутанхамондун күмбөзүнө он миңдеген саякатчылар келип кетишкен. Бирок каргыш алардын да тагдырына таасир эткени тууралуу сөз да болгон эмес.

Аксак Темирдин көрүстөнү

Тарыхый инсандардын мүрзөсүн казганда шумдуктуу окуя жүз берген деп дагы бир мисалды айтып жүрүшөт.

1941-жылдын май айынын соңунда Эрмитаждын экспедициясы Самарканд шаарына келип, Аксак Темирдин Гур-Эмир күмбөзүндөгү мүрзөсүн ачмак болот.

Музейдин кароолчусу Масуд Алаев "ким каардуу аскер башчынын сөөгүн козгосо, өлкөгө согуш шайтандарын агытат" деп айткан экен.

Өздөрүнө жоопкерчиликти алуудан кооптонгон археологдор НКВД аркылуу Сталинге кабар бердиришкен. Ал болсо жомокчулардын кебине ишенбей, ишти улантуу буйругун берет.

Аксак Темирдин көрүстөнүн 1941-жылы 21-июнда ачышкан. Муну мистика же капыстан дал келүү деп түшүнүү ар кимдин өз эрки. (AbA)