Тарых: Тажикстанга сүргүнгө айдалган орус дыйкандары

  • Гафур Шерматов,
  • тарыхчы

1937-жылы кулакка тартылган миңдеген орус дыйкандары Орусиянын борбордук райондорунан күч менен Тажикстанга сүргүнгө айдалган. Вахш өрөөнүн өздөштүрүү үчүн aларды бүтүндөй үй-бүлөсү менен көчүрүп келишкен.

Сүрөттүн булагы, Gafur Shermatov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Сүргүнгө айдалып келгендер НКВДнын көзөмөлү алдында иштешкен.

Жер которуу учурунда көптөр кыйынчылыктардан улам жер кучактады.

1931-жылы совет өкмөтү Вахшка канал куруп, суу чыгаруу тууралуу токтом чыгарып, муну бүткүл союздук мааниге ээ болгон чоң курулуш деп жарыялашат.

Советтер союзунун булуң-бурчунан Вахшка жумушчу күчү жана курулуш техникалары тартыла баштады. Өлкөгө пахта керек эле. Аны импорттоп алуудан кутулуш үчүн ушундай чоң долбоорду ойлоп табышкан - Вахшка сугат суу жеткирүү керек.

Сүрөттүн булагы, Gafur Shermatov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Сүргүндө жүргөн орус дыйкандары пахта талаасында. Вахш өрөөнү, 1937-жыл.

Ал учурда Вахш өрөөнүндө отурукташкан элдин саны абдан аз болгон. Өзүндөгү жумушчу күчү менен мындай чоң долбоорду куруу мүмкүн эмес эле. Алды менен бүтүндөй Тажикстан боюнча жумушчу күчүн тартышкан. Кийин Москва күч жетпей калганда, Орусиянын борбордук бөлүктөрүнөн алып келе баштаган.

Булар 1926-1931-жылдары кулакка тартылып, ар кайсыл аймакка сүргүнгө айдалган орус дыйкандары эле.

Сүрөттүн булагы, Gafur Shermatov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Камыштарды оруп, каналдын жээгин тазалап жаткан орус аялдар. Курулуш жүрүп жаткан жылдары алардын көбү безгек менен ооруп, көз жумган. Вахш өрөөнү, 1937-жыл.

Алгач 3758 үй-бүлө - 9948 киши күч менен Тажикстанга жөнөтүлүп, аларды өлкөнүн түштүгүндөгү Вахш өрөөнүнө отурукташтырат. Башка жер шарты, жергиликтүү тилди билбегендик, үстүндө үйү жок, астында ашы жок, айтор катуу кыйынчылыкка дуушар болушат. Эптеп камыштан баш калка боло турган алачыктарды жасашып, күз келип суук түшө баштаганда үч-төрт үй-бүлө жер кепелерди казып алышкан. Жер кепени түндөсү казып, күндүзү каналдын курулушунда иштешет. Көптөр жугуштуу илдеттерден көз жумган. Дарыгерлер жетишсиз болчу.

Сүрөттүн булагы, Gafur Shermatov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ал учурда Вахш өрөөнүндө отурукташкан элдин саны абдан аз болгон. Өзүндөгү жумушчу күчү менен мындай чоң долбоорду куруу мүмкүн эмес эле.

СССРдин ар кайсыл алыскы аймактарына сүргүнгө айдалгандар катаал көзөмөлдө болуп, укуктарынан ажыратылган. Жашаган жеринен өз алдынча бир кадам чыга алышкан эмес.

Орусиянын Тамбов облусунан көчүрүлгөн И. Федоровдун эскерүүлөрүнөн:

"Тажикстанга бизди жүк ташыган вагон менен алып келишти. Кайда алып бара жатышканын дагы билген эмеспиз. Жыйынып-теринүүгө аз эле убакыт беришти. Анан алып жөнөштү... Тажикстанга келгенден кийин бизди Вахш өрөөнүндөгү айыл чарба жумуштарына салышты. Бак-дарак, бадал да жок, жайы аптаптуу болуп какырган жер экен. Башында камыштан эптеп алачык жасап алдык. Тамак-аш тартыш, көп кишилер көз жумуп кете берди. Анан дагы катаал көзөмөл жанга батаaр эле. Сталинабадга (Дүйшөмбү) өз алдынча барууга тыюу салынган. Өзгөчө учурларда гана арыз жазып анан уруксат берилген".

Сүрөттүн булагы, Gafur Shermatov

Көчүп келгендер апта сайын комендатурага барып, каттоoдон өтүп турган. Мындай азаптуу күндөр 1950-жылдардын орто ченине барып гана токтоду. Бул жерде канча азаптуу күндөрү өткөнүнө карабастан, көп кишилер Тажикстанда жашап, иштеп кала беришкен. (AbA)

.