Смартфондордун нуру канчалык зыяндуу жана кантип андан сактанабыз?

Азыркы доордо кишилер көп убактысын мобилдик телефондор менен өткөрөт. Бирок мобилдик телефондор кантип иштейт жана биздин организмге кандай таасир этерин этибар албасак керек.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кытайлык бренддер нурлануу деңгээли жогору болгон аппараттарды өндүрөт.

Биздин телефондон чыккан нурлануу канчалык зыяндуу? Телефонду такай колдонуу рак шишигине алып келеби? Өзүңдү кантип сактай аласың?

Окумуштуулар көп жылдан бери мына ушул суроолорго жооп издеп келе жатат. Бирок азырга чейин бир дагы ынанымдуу иликтөө жарыялана элек. Ошондуктан мунун айланасындагы талаш-талкуулар дагы токтобой келүүдө.

Мобилдик байланыш радио жыштыктагы диапазондо электромагнит толкундарын иштеп чыгарын жакшы билебиз.

Бул толкундар иондошкон нурланууга караганда, айталы рентген нуру, ультра кочкул кызыл жана гамма- нурланууга салыштырмалуу алда канча алсыз. Иондошкон нурлануу кишинин организминдеги ткандарга кирип, клеткаларга зыянын тийгизет жана ДНКнын структурасын өзгөртөт. Бирок мындай түрдөгү нурлануунун адамдын организмине канчалык таасир этери азырга чейин толук изилдене элек.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Мобилдик телефондордун зыяны канчалык экени азырга чейин толук иликтене элек.

Биздин айланабыздан мүмкүн болгон радио толкундар өтөт: жергиликтүү радиостанциялардын ультра кыска толкундарынан тартып, микротолкундуу мештен чыккан нурланууга чейин.

Иондошпогон нурлануу ДНК структурасына зыян тийгизе турган энергияга ээ эмес экени белгилүү. Бирок Америкалык онкологиялык коомдун (ACS) сайтында турган маалыматка ылайык, чөнтөк телефондор моюн жана баштын айланасындагы, мээдеги шишиктин пайда болуу коркунучун күчөтөт. ACS иликтөөчүлөрү мүмкүн болушунча мабилдик телефондорду азыраак колдонуу кеңешин берет.

Радио толкундардын эң жогорку интенсивдүүлүгү денедеги такандарды жылытат. Микротолкундуу мештин иштөөсү дал мына ушундай принципке негизделген.

Мобилдик телефондордон чыккан нурлануу энергиясынын деңгээли алда канча төмөн болуп, кишинин организминдеги температураны жогорулата албайт.

Кайсыл телефондо нурлануу көп болот

Ден соолукка тийгизген потенциалдуу коркунучтун зыянын ченөө үчүн окумуштуулар бирдик ченемин сунушташты - электромагниттик энергияны сиңирүүнүн салыштырмалуу коэффициенти (Specific Absorption Rate - SAR).

Бул мобилдик телефонду колдонгон учурда электромагниттик энергиянын адамдын денесиндеги ткандарга канчалык сиңип кетерин көрсөтөт. Көрсөткүч телефондун үлгүсүнө карап өзгөрүп турат жана өндүрүшчүлөр SARдын максималдуу деңгээлин билдирүүгө милдеттүү.

Маалымат интерентте же телефонду колдонуу тууралуу көрсөтмөдө жазылышы керек. Деген менен буга керектөөчүлөр көп деле маани беришпейт.

Радиациондук коргонуу боюнча федералдык мекемеси (BfS) эски жана жаңы смартфондордун кимисинде нурлануу деңгээли жогору экенин салыштыруу үчүн атайын маалымат базасын түзгөн.

Нурлануу жогорку деңгээлде болгондордун тизмесинде биринчи орунга кытайлык бренддер чыккан. Айталы, OnePlus жана Huawei, ошондой эле Nokia компаниясынын Lumia 630.

Ошондой эле сыналган телефондордун ичинде iPhone 7 (10-орунда), iPhone 8 (12-орунда) жана iPhone 7 Plus (15-орунда), Sony Experia XZ1 Compact (11-орунда), ZTE Axon 7 mini (13-орунда), Blackberry DTEK60 (14-орунда).

Жогорку деңгээлдеги радиациясы бар мобилдик телефондор

(Электромагниттик энергияны сиңирүүнүн салыштырмалуу коэффициентине (Specific Absorption Rate - SAR) ылайык.*

OnePlus 5T

1,68

Huawei Mate 9

1,64

  • Nokia Lumia 630 1,51

  • Huawei P9 Plus 1,48

  • Huawei GX8 1,44

  • Huawei Nova Plus 1,41

Getty Images

Тилекке каршы мобилдик телефондун нурлануу деңгээлинин "коопсуздугу" боюнча ар тараптуу кеңеш бергендер жок. Мисалы Германияда экологиялык стандарттарды аныктап берген Der Blaue Engel деген өкмөттүк орган бар. Бул мекеме мобилдик телефондордогу SAR көрсөткүчү 0,60 ваттан ашпаган мобилдик телефондорду коопсуз деп эсептейт.

SAR деңгээли көрсөтүлгөн тизмедеги бардык телефондор бул көрсөткүчтү эки эсеге ашып түшөт. Тизмени жетектеген OnePlus 5T үлгүсүндөгү телефондун көрсөткүчү 1,68 ватт/кг.

Нурлануу аз болгон смартфондор: Sony Experia M5(0,14), Samsung Galaxy Note 8 (0,17) жана S6 edge+ (0,22), Google Pixel XL (0,25) Samsung Galaxy S8 (0,26) S7 edge (0,26).

Телефонуңуздагы нурлануу деңгээли канчалык экенин билиш үчүн инструкциясына көз чаптырыңыз. Телефонду өндүргөн компаниянын веб-сайтына кириңиз же АКШнын Федералдык байланыш агенттигинин сайтынан карасаңыз болот.

Сактануу үчүн эмне кылыш керек?

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Телефондун антеннасынан алыс болууга аракет кылыш керек.

Эң кубаттуу радиосигнал берилген антенна азыркы заманбап смартфондордун ичинде жайгашкан.

Толкундар телефондон алыстаган сайын күчүн жоготот. Көпчүлүк колдонуучулар сүйлөшүп жатканда телефонду кулагына коюшат. Антенна кулака канчалык жакын болсо, нурлануу энергиясынын таасири ошончолук жогору болот дейт ACS.

Ошон үчүн телефонду колдонуу убактысын кыскартуу керек. Телефондун үн күчөткүч же кулакчын менен колдонсоңуз телефонду баштан алыс кармаган болосуз.

Мобилдик байланыш жакшы жерден пайдаланууга аракет кылыңыз. Канчалык байланыш начар болсо, телефонуңуз ошончолук көп энергияны талап кылат.

Жакшысы SAR көрсөткүчү төмөн аппараттарды тандоо керек. (AbA)

Тектеш темалар