Дүйнөдөгү эң узакка созулган аба каттамдар: канча алыс болсо, ошончо жакшыбы?

Өткөн жекшембиде австралиялык Qantas Airlines авиакомпаниясына таандык учак биринчи жолу Австралиядан Британияга түз учуп барды.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Qantas Airlines авиакомпаниясынын кызматкерлери Перт-Лондон каттамы ийгиликтүү ишке ашканына кубанып жаткан учуру.

Австралиянын батышындагы Перт аба майданынан учуп чыккан учак 14 498 чакырым аралыкты 17 сааттын ичинде басып өтүп, Лондондогу Хитроуго ийгиликтүү конду.

Qantas компаниясы көптөн бери алыскы учуулардын санын көбөйтүүгө умтулуп келген эле деди компания жетекчиси Алан Жойс.

Авиакомпания каттамды Boeing 787-9 Dreamliner учагы аркылуу ишке ашырды. Бул Boeing 747 учагына салыштырганда эки эс аз күйүүчү май керектейт.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Австралиянын батышындагы Перт аба майданынан учуп чыккан учак 14 498 чакырым аралыкты 17 сааттын ичинде басып өтүп, Лондондогу Хитроуго ийгиликтүү конду.

Айрым жүргүнчүлөр Сидней университетинин изилдөөчүлөрү менен учуу учурундагы абалдары тууралуу бөлүшүүгө макул болгон. Аларга атайын каражаттарды тагышып, психологиялык абалын, тамактануусун, организимдеги сууну иликтешкен.

Көпчүлүк жүргүнчүлөр узакка созулган сапар учурунда даамдуу тамак аштар берилгенин макташты. Андан тышкар жеңил конушканына баары ыраазы.

Азыркы учурда эң узак аралыкты учуп өткөн Qatar Airways авиакомпаниясына таандык учак. Бул каттам Дохадан Оклендге жасалган. Qatar Airways авиакомпаниясы 2017-жылдын февралынан тарта Катардын баш калаасы Дохадан Жаңы Зеландияга учкан каттамды ишке ашырып келүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Qatar Airways
Image caption Азыркы учурда эң узак аралыкты учуп өткөн Qatar Airways авиакомпаниясына таандык учак. Бул каттам Дохадан Оклендге жасалган.

Учуунун узактыгы 16 саат 20 минутага созулат. Бул учурда учак 10 сааттык алкакты кесип өтөт. Кайра кайткан учурда абада 17 саат 30 минута болот. Бул дүйнөдөгү эң узак жана тыныгуусуз жасалган коммерциялык каттам.

Башка аба каттамдар - Emirates жана United Airlines дагы узактыгы 14 миң чакырымга созулган учууларды ишке ашырып жүрөт.

Emirates каттамы дүйнөдөгү эн узак учуулар боюнча 3-орунда: Жаңы Зеландиянын Окленд шаарынан Дубайга 17 саатта учуп келет.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Emirates каттамы дүйнөдөгү эн узак учуулар боюнча 3-орунда.

2017-жылы United Airlines Лос-Анджелес менен Сингапур ортосундагы каттамды ишке киргизди. Бул шаарлар ортосундагы аралык 14 114 чакырым деп эсептелет.

Мындан 280 чакырым гана кыскараак каттамды ушул эле авиакомпания америкалык Хьюстондон Сиднейди көздөй ишке ашырат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2017-жылы United Airlines Лос-Анджелес менен Сингапур ортосундагы каттамды ишке киргизди.

Жакынкы келечектин суроосу

2008-2009-жылдардагы дүйнөлүк каржы каатчылыгы жана күйүүчү майлардын баасынын жогорулашы, мындай токтоосуз учкан алыскы каттамдарды кыскартып, көп пландарды убактылуу токтоткон эле.

Бирок күйүүчү майдын арзандашы жана учак чыгаруудагы атаандаштык кайрадан мындай каттамдардын санын көбөйтүүгө жол ачты. Айталы, атаандаштар Airbus менен Boeing жаңы учактарды - A350-900ULR же Boeing 777-300ER чыгаргандан кийин, алыскы аралыкка токтоосуз учуу пландары кайра тирилди.

Келечегинде Дубайдан Панамага, Дохадан Сан-Франциского, Перттен Парижге каттамдар ишке ашып калышы мүмкүн.

Кийинки рекорд жаратуучу Singapore Airlines авиакомпаниясы болуп калышы да турган кеп. Компания ушул жылы учуу 19 саатка чейин созулган Нью-Йорк каттамын жандантканы жатат. Буга чейин компаниянын эсебинде бир рекорд бар - 15 300 чакырым Түндүк уюл аркылуу Сингапурдан Нью-Йоркко учуп барган. Бул каттамды чыгымы көп деп кийин токтотушкан.

Түз учууларды баалагандар дагы көп. Аба майдандарында сааттап күтүп олтурбай, ыңгайлуу дегендер бар. (AbA)

Тектеш темалар