Ата-эненин уруш-талашы баланын ден-соолугун бузат

"Турмушта казан-аяк кагышпай койчу беле" деп ата-энелердин жаңжалынан чоң деле маселе көрбөйбүз. Бирок бул чатакташуу балага кандай таасирин тийгизерин ойлодуңуз беле?

девочка на фоне спорящих родителей Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Көрсө, үйдө болгон нерсенин баары баланын өсүүсүнө жана анын психикалык саламаттыгына таасирин тийгизет экен. Ата-эне менен бала ортосундагы мамиле эле жакшы болсо болду эмес. Aта-эненин үйдөгү бири-бири менен баарлашуусу, өз ара мамилеси дагы баланын жашоосунда чоң ролду ойнойт тура. Баланын жан дүйнө тынчтыгынан тартып, анын окуусундагы ийгилиги, келчектеги жүрүм-турумуна чейин ушундан көз каранды.

Үйдөгү майда-барат жаңжалдар бат-баттан кайталанып, ата-энесинин үндөрү катуу чыгып, жаңжалдашып турса, ата-эне бири-бири менен сүйлөшпөй калса, балада дагы маселе жарала баштайт.

Британия жана бир катар өлкөлөрдө көп жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан иликтөөлөр ушундай тыянакка келет. Иликтөөдө балдардын жүрүм-туруму узак мезгил байкоого алынган. Үй-бүлөдөгү жаңжал учурунда алты айлык ымыркай кезинен эле баланын жүрөгүнүн согуусу өзгөрүп, стресс гормону болгон кортизолду иштеп чыгара баштаган.

Такай болуп турган үй-бүлөдөгү жаңжалдар алдында жашаган балдарда ар кандай жаш курагында баш мээнин өнүгүүсүнүн бузулушу, уйкунун бузулушу, тынчсыздануу, депрессия, жүрүм-турумундагы көйгөлөр сыяктуу олуттуу маселелер пайда болгон.

Катуу кыйкырышып, кол көтөрүшкөн үй-бүлөгө караганда, сөз менен акырын жайгарып алган бүлөдөгү балдарда жогорудагыдай көйгөй аз же дээрлик жокко эсе дейт иликтөөчүлөр.

Үйдөгү майда-барат жаңжалдар бат-баттан кайталанып, ата-энесинин үндөрү катуу чыгып, жаңжалдашып турса, ата-эне бири-бири менен сүйлөшпөй калса, балада дагы маселе жарала баштайт. Сүрөттүн автордук укугу PA
Image caption Үйдөгү майда-барат жаңжалдар бат-баттан кайталанып, ата-энесинин үндөрү катуу чыгып, жаңжалдашып турса, ата-эне бири-бири менен сүйлөшпөй калса, балада дагы маселе жарала баштайт.

Табиятынанбы же тарбияданбы?

Үй-бүлөдөгү жаңжалдар балдарга түрдүүчө таасир этет. Мурда ажырашуу көп учурда балдарга олуттуу зыянын тийгизет деп эсептелген. Эми психологдор, көрсө балдарга үй-бүлөдөгү ата-эненин жаңжалы андан бетер терс таасирин этет экен деп тыянак чыгарууда.

Баланын психикалык саламаттыгы тууралуу сөз кылганда, баланын табияты дагы маанилүү - ата-энесинен мурастап калган мүнөздөрү. Айталы, тынчсыздануу, депрессия жана психоз.

бала Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Ошол эле учурда үй-бүлөдөгү абал жана тарбия чоң мааниге ээ. Балдар психологдору тубаса психикалык ооруларга жакын балдардын оорусу күчөп же тескерсинче жакшырып кетиши - үй-бүлөдөгү абалдан көз каранды деп болжошот. Мына ушул жерде ата-эненин бири-бирине мамилеси өзгөчө маанилүү. Алар ажырашып кеткен күндө деле кандай мимилени кармап жүрүшөрү балага таасир этет.

Балдар үчүн жаңжалдашуу

Ата-энелер бири бирине макул болбой талкуулашкан учурду түшүнүү керек. Мындай абал кадимки эле көндүм көрүнүш.

Эгерде ата-энелер бат-баттан талашып-тартышып, үндөрүн бийик чыгарып, чыр күчөп кетсе, анда балага сөзсүз таасирин тийгизет. Жаңжал баланын айынан болгон болсо, анда ал өзүн күнөөлүү сезип, жаңжал үчүн өзүн жоопкер сезет.

Негативдүү таасирден улам уйку бузулуп, ымыркайдын акыл-эсинин өсүшүнө зыянын тийгизет. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Негативдүү таасирден улам уйку бузулуп, ымыркайдын акыл-эсинин өсүшүнө зыянын тийгизет.

Негативдүү таасирден улам уйку бузулуп, ымыркайдын акыл-эсинин өсүшүнө зыянын тийгизет. Ал эми мектеп жашындагы балдардын жүрүм-турумунда өзгөрүүлөр болуп, депрессия, окуусунда кыйынчылыктар болот. Өспүрүмдөр өзүнө зыян келтирип алышы мүмкүн.

Үй-бүлө зомбулугу балдарга чоң зыянын тийгизери мурдатан белгилүү. Эми окумуштуулар ата-эненин бири-бирине агрессиясы, жек көрүүсү дагы балага катуу зыянын тйигизет деп деп тыянак чыгарып, ушундан алыс болууга чакырып жатышат.

Баланын эмоционалдык, жүрүм-турум жана социалдык өнүгүүсү ата-энелер тил табыша албай, бири-бирине жылуулугун тийгизе албаган көрүнүштөн улам жабыркайт.

Муну менен эле бүтпөйт

Ата-эненин бири-бирине начар мамилеси балдарына гана таасирин тийгизбей, тукумдан тукумга дагы өтүп кетиши мүмкүн.

Иликтөөлөр көрсөткөндөй, уул бала менен кыз бала мындай уруш-талашты эки башка кабылдайт. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Иликтөөлөр көрсөткөндөй, уул бала менен кыз бала мындай уруш-талашты эки башка кабылдайт.

Балдарыбыздын, неберелерибиздин жашоосу бактылуу болсун десек, мындай айлампаны учурунда токтотуу керек деп белгилейт окумуштуулар.

Иликтөөлөр көрсөткөндөй, болжолу эки жашынан баштап бала ата-энесинин жүрүм-турумуна астейдил байкоо жүргүзүп баштайт.

Ата-энеси "балдар укпайт, көрбөйт" деп акырын урушуп жатса дагы, муну бала билет. Мына ушул жерде бала аны кандай чечмелейт, уруш-талаштын себебин кандай тушүнөт, ошол маанилүү. Ошого карап мунун балага тийгизе турган зыяны белгилүү болот.

Мурунку тажрыйбасынан улам бала "дагы жаңжал болбойт бекен" деп ой жүгүртөт. Бул айрым балдарды катуу тынчсыздандырат.

Иликтөөлөр көрсөткөндөй, уул бала менен кыз бала мындай уруш-талашты эки башка кабылдайт. Кыздарда эмоционалдык көйгөй жаралса, баланын жүрүм-турумунда маселе чыгат.

Баланын өнүгүшүндө жакындарынын - ата-энеси, бир тууугандарынын колдоосу өтө маанилүү. Мугалимдин дагы ролу чоң. Үй-бүлөдөгү көрүнүштөр жакшы да, жаман дагы жакка таасирин тийгизет.

Ата-энелер бир маселе тууралуу талашып-тартышканы кадимки көрүнүш. Талаштын себеби эмнеде экенин ата-энеси чечишип жатканына балдар өзгөчө маани берет. Иш жүзүндө ата-энеси талашты жакшы жагына чечип алышса, бул балага сабак болуп калат. Алар үй-бүлөдөн сырткары мамилелерде өз эмоцияларын башкараганды үйрөнөт.(AbA)

Presentational grey line

Макала Би-би-синин буюртмасы менен профессор, алдыңкы психолог Гордон Харольддун катышуусунда жазылды.

Харольд бул маселе боюнча жакында эле балдардын психологиясы жана психиатриясы боюнча The Journal of Child Psychology and Psychiatry журналына макаласын жарыялаган.