24 жыл издеп жүрүп кызын тапкан ата-эне

Кытайлык Ван Мин Цин үч жашында жоголгон кызын 24 жыл издеп жүрүп тапты.

Сүрөттүн автордук укугу Thecover.cn
Image caption Кан Ин менен ата-энеси жолуккан учурду сөз менен айтып берүү кыйын

24 жыл ичинде бир да жолу издөөнү токтоткон эмес экен. "Кызым же аны тааныган бирөө балким жолугуп калат" деген үмүт менен, мурунку ишин таштап Чэнду шаарында такси кызматына орношкон.

Акыр соңу издешкендер табышты. Бул окуя кытай коомчулугунда катуу эмоцияларды жаратып, коңшулары дагы ата-эне менен кызы табышкан күндү чоң майрамга айландырышты.

Ци Фэн үч жашында жоголуп кеткен. Ал учурда атасы Ван Мин Цин жана апасы Лю Дэн Ин мөмө-жемиш сатып иштечү. Бир жолу Ван Мин Цин дүкөндөн коңшусуна кире калып, кайра келгенде эле кызын таппай калган.

Ошондон тарта азаптуу күндөр башталды. Алар издөө иштерин тынымсыз жүргүзүп, интернет, гезиттер аркылуу жарыяларды беришкен. Үй-бүлөнүн дагы бир кыз, бир уулу бар эле. Кызым табылат деген үмүт менен Чэндуну бир да жолу таштап чыгып кеткен эмес.

2015-жылы Ван издөө аймактарын кеңейтип, Didi Chuxing компаниясына такси кызматына жумушка орношот.

Авто унаасынын арткы терезесине кызы тууралуу жарыяны ар дайым илип жүргөн. Жоголуп кеткен кызы Ци Фэндин сүрөтү дагы жок эле. Ошондуктан ал кичүү кызынын сүрөтүн илип койгон. Анткени эки кызы бири-бирине өтө окшош болгон.

Сүрөттүн автордук укугу CFP
Image caption Алар издөө иштерин тынымсыз жүргүзүп, интернет, гезиттер аркылуу жарыяларды беришкен.

Вандын авто унаасына чыгып калган жүргүнчүлөр сөзсүз бул окуядан кабардар болуп турган. Кийин алар коомдук сайттар аркылуу кызын издеп жүргөн ата тууралуу миңдеген билдирүүлөрдү жазып чыгышкан. Бири-биринен бөлүшүп олтуруп, ал билдирүүлөр кеңири тарайт. Албетте, бул кытайлык басылмалардын көз жаздымында калган эмес.

"Кайсыл бир күнү кызым алдымдан чыгып, менин унаама кол көтөрөт",-деген Ван интервью алганы келген журналисттерге.

Кызды издөө иштериндеги полициянын аракетинен дагы майнап чыккан жок. Ар дайым ага окшош кыздар табылганда ата-энесине кабар берип турушкан. Бирок бирөөнүн дагы ДНК анализдери дал келген эмес.

Издөө иштериндеги чоң жылыш өткөн жылдын соңунда болду. Вандын кызы азыр кандай көрүнүштө болушу мүмкүн эле? Мына ушул боюнча полицияда иштеген сүрөтчү кыздын портретин тартат. Бул сүрөт интернетте кеңири тарады.

Кытайдын түндүгүндө жашаган 27 жаштагы Кан Ин сүрөттү көрүп калып, өзүнө окшош экенине таң калат. Ал кызын издеп жаткан бүлөдөн миңдеген чакырым алыс жерде эле.

Ушул жылдын башында Кан Ин көп жылдар жоголгон кызын издеп жүргөн Ванга кат жазып, ошол кызга окшош экенин айтат. Сүрөттө кыздын чекесинде тырык бар эле. Кан Индин дагы чекеси тырык. Кийин ДНК анализ тапшырууну чечишет. Бул жолу анын жыйынтыгы күтүүсүз болду. Ван кызын тапты!

2-апрелде Ван биринчи жолу табылган кызы - Кан Ин менен интернет аркылуу байланышты.

"Ушул учурдан баштап атаң сени менен",-деди Ван.

Сүрөттүн автордук укугу Thecover.cn
Image caption Кан Ин үй-бүлөсү менен Чэндуга учуп келди.
Сүрөттүн автордук укугу Thecover.cn
Image caption Бул окуядан кабары бар көптөгөн тургундар кызды ата-энеси менен чогуу тосуп алды.

3-апрелде Гирин провинциясынын түндүк-чыгышында жашаган Кан Ин үй-бүлөсү менен Чэндуга учуп келди. Азыр анын өзүнүн кызы жана уулу бар.

Кан Ин менен ата-энеси жолуккан учурду сөз менен айтып берүү кыйын. Эне менен кыз бекем кучакташып алып, буркурап ыйлады.

Кийин көзүнө жаш алган Кан Ин журналисттерге сүйлөп жатып: "Бүтүндөй дүйнө мага апам жок деген. Ал бар турбайбы",-деди.

Кытайлык басылмалардын жазганына караганда, Кан Ин багып алган ата-энеси менен Чэнду шаарынан 20 чакырым алыстыктагы айылда чоңойгон. Багып алган ата-энеси Кан Инге Чэндудан жол боюнан таап алганбыз деп айтышчу экен. (AbA)

Тектеш темалар