Киттер караңгыда "ырдаганды" жакшы көрөт

Түндүк Муз океанында түн жамынган тереңдикте гренланддык киттер "ырдап" жатат. Ооба, "ырдоону" киттер жакшы көрөт.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Bowhead whales are mainly found in Arctic waters

Бүкүр киттердин "ырдай" турганы көптөн бери эле маалым. Көрсө, алардын туугандары - гренланддык киттер дагы ырдайт экен жана алардын репертуары көп кырдуу.

Шпицберген архипелагын байырлаган гренланддык киттердин көбөйүшүн изилдегенде, алардын музыкалуу үн алышуусу канаттуулар сыяктуу эле ар түрдүүлүккө ээ экени белгилүү болгон.

Бул алардын башкалар кайталай албаган өзгөчөлүгү.

Кит "ырлар" жыйнагы

Үч жыл ичинде Шпицбергдин жака белин байырлаган киттер 184 түрдүү уникалдуу ырларды "ырдаган". Алар өнөрүн кыштын узак бөлүгүндө дээрлик күн бою тартуулашат.

"Чынында мен бүкүр киттердин "ырларын" классикалык музыкага салыштырам. Алар аябай түз жана ырааттуу болуп, 20-30 минутага чейин созулат. Гренланддык киттердин ар бир ыры болгону 45 секунддан 2 минутага чейин созулат, бирок алар ырларын кайталашат",-деди Би-би-сиге берген маегинде профессор Кейт Стаффорд.

Бүкүр киттер бир сезондун бир эле "ырын" кайра-кайра ырдай турганы белгилүү. Ал эми гренланддык киттер саат сайын же күндө күн алыс репертуарын өзгөртүп турушат.

Сүрөттүн автордук укугу Science Photo Library
Image caption Бүкүр киттер "татаал ырларды" аткарат.

Көпчүлүк сүт эмүүчүлөр кайталанма добуштарды чыгарып, дээрлик өзгөрүүсүз болсо, булардын добуштары адаттан тыш жана татаал.

Гренланддык киттер тууралуу илимде изилдөөлөр салыштырмалуу аз деп айтсак болот. Изилдөөчүлөр гренланддык киттердин эркеги жупташуу мезгилинде "ырдайт" деп эсептейт.

Алар жарым метр калыңдыктагы музду жарып чыга алат жана 200 жылга чейин жашайт. Башка киттерге салыштырганда гренланддык киттердин терсинде май калың болгондуктан Шпицбергде ХVII кылымдан баштап эле коммерциялык аңчылык башталган. Ошондуктан алардын саны кескин кыскарып, татаал шарттан улам изилдөө иштери начар жүргөн. (AbA)

Тектеш темалар