Кайсыл өлкөнүн тургундары көп иштейт?

2018-жылдын мартында Түштүк Кореянын Улуттук ассамблеясы жумушчу саатын кыскартып, эс алууга көбүрөөк убакыт берген мыйзамды кабыл алды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Түштүк Корея жумуш күнүнүн узактыгы боюнча өнүккөн өлкөлөрдүн сап башында турат.

Мыйзамга ылайык бир апталык жумуш убактысы 68ден 52 саатка кыскарды.

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун маалыматына таянсак, азырынча Түштүк Корея жумуш күнүнүн узактыгы боюнча өнүккөн өлкөлөрдүн сап башында турат.

Жаңы мыйзам 2018-жылдын июль айында күчүнө кирет. Башында ири компаниялардын кызматкерлери ушул тартипке өтөт, анчейин чоң эмес ишканалар акырындык менен жаңы стандарттарга өтмөкчү.

Мыйзамга ишкерлер каршы чыкты. Бирок өкмөт бул мыйзам зарыл экенин айтып, ал кишилердин жашоо шартын жакшыртууга жардам берерин белгиледи. Андан сырткары апталык жумушчу убактысынын кыскарышы жаңы жумуш орундарын да жаратат деп күтүлүүдө.

Түштүк Кореянын өкмөтү дагы бир жагдайды эсепке алууда, жумуш убактысынын кыскарышы балдардын төрөлүү көрсөткүчүн жогорулатат. Акыркы ондогон жылдар ичинде балдардын төрөлүүсү кескин төмөндөгөн.

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун (ЭКӨ) маалыматына таянсак, ар бир Түштүк Корея жараны жылына орточо эсеп менен 2069 саат жумуш ордунда болот.

Түштүк кореялыктардан көп иштеген - Мексика (жылына 2225 саат) жана Коста-Рика (2212 саат).

ЭКӨ уюмуна мүчө өлкөлөрдөгү эң узак жумушчу күндөр

Орду Өлкө Орточо алганда жылына канча саат иштей турган убактысы
1 Мексика 2225
2 Коста-Рика 2212
3 Түштүк Корея 2069
4 Греция 2035
5 Орусия 1974
5 Чили 1974
14 Түркия 1832
16 АКШ 1783
22 Жапония 1713
26 Улуу Британия 1676
38 Германия 1363

Эл аралык эмгек уюмунун маалыматында, узакка созулган жумушчу сааттар негизинен кирешеси төмөн жана орточо болгон өлкөлөргө мүнөздүү болушу керек.

Бирок бул эреже кирешеси жогору болгон Түштүк Кореяга ылайык келбейт.

Жапонияда "жумуштагы өлүм" деген сөз бар - "кароси". Бул жумушта жүрүп, стрестен же жүрөк, кан тамыр сыяктуу илдеттерден каза тапканда айтылат. Айрым учурда жумуштун оордугунан өз жанын кыйгандар бар.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Эл аралык эмгек уюмунун маалыматында, узакка созулган жумушчу сааттар негизинен кирешеси төмөн жана орточо болгон өлкөлөргө мүнөздүү болушу керек.

Орточо эсептегенде жапондор жылына болжолу 1713 саат жумушта болот. Бирок мыйзам, эреже деген башка, реалдуу турмушта такыр башкача. Жапонияда жумуш убактысын чектеген мыйзам жок. Ошондуктан мынча саат жумуш деген менен жапондордун көбү андан алда канча көп убакытысын жумушка арнашат.

2015-2016-жылдарда Жапонияда "каросинин" рекорддук саны катталган - 1456. Жумушчулардын укугун коргогон уюмдардын айтымында, чыныгы сандар расмйи статистикадан айырмаланышы мүмкүн.

Эл аралык эмгек уюмунун маалыматына ылайык, Азия өлкөлөрүнүн жашоочулары орточо алганда Европа же Америкалык кесиптештерине караганда жумушта көп убакыт болушат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жапонияда жумуш убактысын чектеген мыйзам жок. Ошондуктан мынча саат жумуш деген менен жапондордун көбү андан алда канча көп убакытысын жумушка арнашат.

Көптөгөн (32%) азиялык өлкөлөрдө апталык максималдуу жумуш убактысын чектеген мыйзам жок. Көпчүлүк өлкөлөрдө (29%) мындай чектөө аптасына 60 саатты түзөт.

Өлкөлөрдүн 4% гана Эл аралык эмгек уюмунун сунушун аткарат. Ал сунуш боюнча жумуш убактысы аптасына 48 саатты түзөт.

Түштүк жана Түндүк Америкадагы өлкөлөрдүн 34 пайызында апталык максималдуу жумуш убактысы чектелген эмес. Алардын катарында АКШ бар.

Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн көбүндө апталык жумуш убактысы 60 сааттан ашып кетет.

Ал эми Европада дээрлик бардык өлкөлөр апталык максималдуу жумуш убактысын мыйзам менен чектеген. Бельгия менен Түркия гана аптасына 48 саат иштегенге мүмкүнчүлүк берген.

Африкада жумушчулардын үчтөн бири аптасына 48 саатка чукул иштейт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Эмгекчилердин шаарлары

2016-жылы швейцариянын UBS банкы докладдын жарыялап, шаарлардагы максималдуу жана орточо жумушчу убактысын чыгарган.

Докладга ылайык, Гонконг аптасына орточо 50,1 саат, Мумбай - 43,7, Мехико - 43,5, Дели - 42,6, Бангкок - 42,1 саат.

Баарынан көп мүшкүл мексикалыктарда. Алардын жумуш убактысы эң узак болгону аз келгенсип, эмгек өргүүсү абдан кыска - 10 күндөн ашпайт. Ушундай эле кыска эмгек өргүүсү Нигерия, Жапония жана Кытайда бар. (AbA)