Кытай жылына 6 миллиард таракан өстүрөт. Эмнеге?

Таракан Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Көптөр таракандарды курт-кумурскалардын эң эле жийиркеничтүүсү деп эсептешет. Бирок кытайлык фармацевтикалык индустрия үчүн таракандар жакшы бизнес болуп калды. Бүтүндөй өлкөдө таракандар ден соолук үчүн пайдалуу экен деген пикирлер тараган.

Азиянын айрым өлкөлөрүндө жана Кытайда куурулган таракандар тамак катары көп жылдардан бери колдонулуп жүрөт. Таракандарды эми чоң фермаларда өстүрүүгө өтүштү.

Өлкөнүн түштүк-батышында Сичан шаарындагы дары-дармек өндүргөн компаниялар жылына алты миллиард таракан өстүрөт.

Таракандарды имараттын ичинде, аянты эки футбол талаасына барабар болгон жерде өстүрүшөт деп жазды South China Morning Post.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кытайда куурулган таракандар тамак катары көп жылдардан бери колдонулуп жүрөт.

Жылчыксыз имараттын ичи нымдуу жана караңгы болуп, суу, башка азыктар коюлган. Таракандар ээн-эркин жүрүп, көбөйө берет. Кишилердин кирип-чыгуусу дагы катуу чектелген.

Бул фирманын таракандары эч качан күндүзгү жарыкты көрүшпөйт.

Сүрөттүн автордук укугу Science Photo Library

Бул жерде жасалма интеллекттин стистемасы орнотулуп, бардык абалды, абанын температурасынан тартып, таракандардын генетикалык мутациясына чейин көзөмөлдөп турат. Мындай ченемдин негизги максаты - таракандардын бат көбөйүшүнө жетишүү.

Таракандар кадыресе чоңойуп калганда аны Кытайдын салттуу медицинасына колдонуп башташат. Болжолу бул дарыларды ашказан, ичеги-карын ооруларына пайдалуу деп эсептешет.

"Кытайдын калкы картайып жатат,-дейт Daily Telegraph басылмасына берген интервьюсунда Шаньдундагы Айыл чарба университетинин профессору Лю. - Биз карыялар үчүн жаңы дарыны ойлоп чыкканга аракет кылып жатабыз. Алар батыштын дары-дармегинен арзан болмок".

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Aдистер мындай көп сандагы курт-кумурскаларды бир жайда кармоонун өзү опурталдуу дешет.

Кытайдын өкмөтү таракан фермаларын колдойт. Бирок башка адистер мындай көп сандагы курт-кумурскаларды бир жайда кармоонун өзү опурталдуу дешет.

"Эгерде кызматкерлердин айыбынан же жер титирөөдөн миллиарддаган таракандар эркиндикте болуп калчу болсо, бул катастрофа",-деп эскертет Кытайдын илимдер академиясынын профессору Чжу Чаодун. (AbA)

Тектеш темалар