Ашыкча салмакка алып келген төрт себеп

Көпчүлүк кишилер ашыкча салмактан арылууга эрк гана жетпейт деп айтышат. Бирок медициналык изилдөөлөрдө такыр эле башка себептер тууралуу сөз болот.

Image caption Жиллиан менен Жеки - эгиздер болсо дагы, биринин салмагы экинчисинен 41 кг көбүрөк.

Ашыкча салмакка алып барган төрт себеп тууралуу айтып беребиз.

1. Ичегидеги микробиом

Жиллиан менен Жеки - эгиздер болсо дагы, биринин салмагы экинчисинен 41 кг көбүрөк.

Профессор Тим Спектор Британиянын эгиздерди изилдөө долбоорунун алкагында 25 жылдан бери Жиллиан менен Жекиге байкоо салган. Анын тыянагы боюнча эки эгиздин салмагындагы айырмачылык ичегидеги микробдордон улам.

"Тамак жеген сайын, ичегидеги көптөгөн микробдор дагы азыктанат", -дейт профессор Спектор.

Эки бир туугандын анализдери көрсөткөндөй, эгиздердин арыгы Жиллиандын ичегисинде көп түрдүү микробдор бар экени аныкталган. Ал эми ашыкча салмактуу Жекинин ичегисинде аз санда микробдор бар болгон.

"Микробдордун ар түрдүүлүгү адамды арык кармайт. Эгерде ашыкча салмагыңыз бар болсо, сиздин ичегиңизде микробдордун түрү дагы аз", -дейт профессор Спектор. Окумуштуу өз иликтөөсүндө беш миң адамды байкоого алып, жогорудагы тыянакка келген.

Ичегидеги микробдордун түрдүүлүгүн көбөйтүү үчүн туура тамактануу абдан маанилүү.

Профессор Спектор адам баласы организмге керектүү азыктардын жарымын гана пайдаланышат дейт.

Микробдордун ар түрдүүлүгүн көбөйткөн азыктар:

  • Кебеги менен дандан жасалган азыктар
  • Жер-жемиштер, алмурут абдан пайдалуу
  • Жашылчалар, броколли жана сабиз
  • Төө буурчак
  • Буурчактар
  • Жаңгактар

2. Ашыкча салмакка гендин байланышы

Айрым учурда туура тамактанып, көп кыймылдаган адам дагы ашыкча салмакта арыла албай кыйналат. Башкалар эч кыймылдабай эле салмак кошпойт.

Кембриж университетинин окумуштуулары адамдын салмагы болжолу 40-70 пайызы генге байланыштуу.

"Бул лотерея - дейт профессор Садаф Фаруки - азыр ген ашыкча салмакка байланышы бар экени калетсиз. Айрым генде дефект болсо, ал киши эмне кылса дагы ашыкча салмак кошот".

Сүрөттүн автордук укугу Science Photo Library
Image caption Кишинин ичеги бактериялары.

Бул гендер табитке, тамак-аштын көлөмүнө жана адам кандай азыктарды жактырарына таасир этет. Андан тышкары ген организм канча калорий колдонорун, канчасын майга айландырарына дагы түздөн-түз байланышы бар.

Жалпы алганда адам баласында салмакка түз таасирин тийгизе турган жүзгө чукул ген бар, анын ичинде MC4R гени кишинин табитин жана ачка болуу сезимин аныктайт.

Адистер ар бир миң адамдын биринде MC4R генинде мүчүлүштүк бар. Бул кишилер качан болбосун өзүн ачка сезишет. Андан улам ашык салмак кошот.

"Гениңизди эч нерсе кыла албайсыз. Бирок айрым кишилер гендин салмакка байланышы бар экенин аңдап алганы жакшы. Аны билген адам туура тамактанып, спорт менен алектениши зарыл", -деди профессор Фаруки.

3. Кечки тамактан баш тартып коюңуз

Дарыгер Жеймс Браундун айтымында, канчалык кеч тамактанса, ашыкча салмак кошуу мүмкүндүгү дагы ошончолук жогорулайт. Кечинде кыймыл аз болгондуктан тамак жеп алсаң семиресиң деген катачылык болмок. Ашыкча салмак мындан эмес - күн баткандан кийин организм эс алат. Ошол учурда жеген тамагыңыз сөзсүз ашыкча салмак жаратат.

"Организм калорийлерди күндүз жакшы пайдаланат. Күн баткандан кийин организм эс алат", -деди Браун.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Эрте мененки тамакка куурулган жумуртка жакшы.

Ошондуктан түнү менен иштеген адамдар ашыкча салмак кошот. Кеч киргенден кийин организм май жана кантты сиңдире албай калат. Ашыкча салмактан арылгыңыз келсе майлуу тамакты, деги эле кечки тамакты жетиге чейин жеп алган туура.

Орточо эсеп менен алганда, Европады кечки тамактануу 17:00дөн 20:00гө жылды. Ушундан кийин аймакта ашыкча салмак кошкон кишилердин саны дагы кескин көбөйдү.

Ооба, азыркы заманда жанталашып иштеш керек. Айрым учурда түн ортосунда дагы иштөөгө туура келет. Бирок туура тамактануу дагы абдан маанилүү.

Дарыгер Браун эрте менен протеини, майы жана углевод бар азыктарды деген адам өзүн ток сезет деп айтат. Түштө дагы жакшылап тамактанып, кечинде жеңил тамактанган туура болот.

4. Организмди кантип алдаса болот?

Айрым адистердин байкоосуна ылайык, бүгүнкү күнү адам өзүнүн ашыкча тамак жеп жатканын түшүнбөйт. Көпчүлүк 30-50 пайызга ашыкча калорий азыктанып жатканын билбейт.

Психолог Хьюго Харпер организмди алдоо үчүн бир нече ыкманы сунуштайт. Алардын бири өз эркиңизди сынабай, көздүн алдында турган таттуу-тарапаны алып салуу керек. Анын ордун жемиштерди жайнатып койсоңуз, каалаганын алып жесеңиз болот.

Психолог Харпер бир тамакты толугу менен жок кылуунун ордуна, аны алмаштырган туура деген пикирде. Мисалы, тамактын көлөмүн азайтып же шекери аз суусундук ичүү. Бул чай менен шоколад ичүү адаттан толугу менен айрылуунун ордуна, шоколаддын көлөмүн азайтуу оңой.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

"Тамактын, таттуунун көлөмүн 5-10 пайызга азайтса, адам аны билбей калат", -дейт Харпер.

Ошондой эле көпчүлүк кандай тамак жеп жатканын билбей эле азыктана берет. Ал себептен тамакты көлөмү кичине идишке салсаңыз, аны жегенден кийин организм алданып калат.

Бул макаладагы маалымат алгач Би-Би-Синин The Truth About Obesity (Ашыкча салмак тууралуу ачуу чындык) аттуу документалдык тасмада чыккан.

Тектеш темалар