"Мен туулган өлкө азыр жок"

Бул макаланын автору туулуп өскөн өлкөнүн өзү азыр дүйнөнүн картасында жок. Советтер союзу деп ойлодуңуз го, жок ал дагы эмес. Бирок сиз СССРде төрөлгөн болсоңуз, анда Аня Мутичтин эскерүүлөрү сизге дагы жакын. Анын мекени - ыдарап кеткен Югославия эле.

ыдарап кеткен Югославия Сүрөттүн автордук укугу Anja Mutic

Aзыр дүйнөнүн картасынан өчкөн өлкөдөн болом. Эсимде, өлкө ыдырагандан 20 жылдан кийин - 2011-жылдын күз айында жоготкон Югославиямды табуу үчүн сапарга камындым. Ооба, мындай өлкөнүн эбак эле дүйнөнүн картасынан өчкөнү менин көңүлүмдү чөгөрө алмак эмес.

Ал жылдары менин үйүм формалдуу түрдө Нью-Йорк эле. Формалдуу дегеним, жол очерктери менен акча таап, ар дайым саякатта жүргөн жолочуга айланган элем.

Мындай жашоо да кызык - кечинде Галапагос аралында кемеде сүзүп баратасың, бүгүн Бора-Боранын жапыз үйүндөсүң. Алдыдагы күндөрдө Лиссабондун көчөлөрү же Боливиянын таштак, чаңдуу жолдору күтүп турат.

Бирок ушундай баш-аягы жок саякатта жүрүп дагы өзүмдөгү тентиреп жүргөндөй сезимден арыла албай койдум. Мен бардык жерде жашачумун дагы, эч жерде туругум жоктой сезчүмүн.

Каякка барбайын эки суроо жадымдан кетпей койду: менин үйүм кайда? Балким дал ушул жерди өзүмдүн үйүм деп атайм?

Ушул суроолор ар дайым артымдан калбай ээрчип, тынчымды алчу. Кайдадыр тээ алыста менин үйүм деп айта турган жер болушу мүмкүнбү?

Мен Загребде төрөлдүм - Югославиядагы экинчи ири шаар эле (азыр Хорватиянын борбору). Бала кезимде смурф оюнчугун жыйначу элем. Чачтары узун жети Барби куурчагым бар эле. Көп түрдүүлүк үчүн бирөөсүнүн чачын кыркып, кара түстүү маркер менен боёп салгам. 1984-жылы атам Мексикага командировкага барып, мага кызгылтым түсөтөгү Nike фирмасынын спорттук бут кийимин алып келген. Мына ушуларымды абдан жакшы көрүп, сыймыктанат элем. Америкалык тасмаларды көрүп, Диланды сүйчүмүн. Элиоттун ырларын окуп, The Smiths укчумун. Кыскасы менин балалыгым жакшы өттү.

Шесть недель Аня Мутич путешествовала по государствам, на которые распалась ее родина, Югославия Сүрөттүн автордук укугу Anja Mutic
Image caption "Мурдагы югославиялык республикалар - азыркы көз карандысыз өлкөлөр Хорватия, Словения, Сербия, Черногория, Босния жана Герцеговина, Македониянын ар биринде бир аптадан болдум".

Бирок 1990-жылы Югославия ыдырап, айрым бөлүктөрүндө согуш жүрүп баштаганда, менин дүйнөм кысыла баштады. Согуш узакка созулган сайын, төбөмдөгү үйдүн шыбы дагы мага жакындады. Бой жеттим, шып ошончо жакындады, эч жакка батпай бараттым. Калган өмүрүмдү башымдагы шыпты бузуу үчүн сарптагым келбеди. Башымда көк асман турушум кааладым. Ошентип кетип калдым.

Мен качкын болгон жокмун. 1993-жылы өлкөмдү таштап чыгып кетишиме эч ким мажбурлаган эмес. Өз ыктыяр менен куугунда жүргөн киши элем.

Арадан 15 жыл өткөндөн кийин, жер шарын түрө кыдырып чыккан соң, көңүлүмдүн тереңинде өлкөмдөн кетип калганыма ар дайым өкүнүп жүргөнүмдү түшүндүм. Эскерүүлөрүмдүн канчасы чын экенин деле билбейт элем.

Македония Сүрөттүн автордук укугу Anja Mutic
Image caption Македония.

Бир жолу Бруклиндеги квартирамдын терезесинен жаап жаткан карды карап олтуруп, башыма бир идея келди. Менин мекеним болгон өлкөгө барам, андан эмне калганын көрүп, согуш эмнеден чыкканын түшүнүүгө аракет кылам деп ойлодум.

1991-жылы эгемендик үчүн Словения кантип күрөшкөн? Мындай укук үчүн Хорватиянын согушу, 1995-жылы токтогон үрөй учурган Босниядагы жарандык согуш. 1999-жылы Сербияга НАТОнун бомбалоосу...

Мага өткөн саясат кызык эмес, азыр паспорту жараксыз болуп калган өлкөнүн өткөн саясаты. Жок болуп кетсе дагы мен сыяктуу көптөгөн кишилердин жүрөгүндө калган өлкөдө болуп, жагымдуу сезимдерге баткым келди.

"Жолдо жүрүп көп кишилер менен "кофе үстүндө" баарлаштым". Сүрөттүн автордук укугу Elena Pejchinova/Getty Images
Image caption "Жолдо жүрүп көп кишилер менен "кофе үстүндө" баарлаштым".

Жанымдагы акчам чакталуу эле. Менин пландарым наполеончул пландар эле. Анысынан дагы кооптонгон, корккон сезимдер ээлеп алды. Пандоранын сандыгын ачуудан коркуп турдум, согуш алып келген жоготууларды көрүүдөн корктум.

Октябрдын муздак таңында Загребге учуп келдим. 18:00дө Македониянын баш калаасы Скопьеге жол тарткан автобуска билет алып, терезенин түбүнө олтурдум.

Алдыда мени күткөн эч ким жок эле, ооба, 12 сааттык саякат күтүп турган. Тааныштарымдын көбү бул саякатымды жактырышкан эмес.

Планым боюнча саякатым алты аптага созулмак. Мурдагы югославиялык республикалар - азыркы көз карандысыз өлкөлөр Хорватия, Словения, Сербия, Черногория, Босния жана Герцеговина, Македониянын ар биринде бир аптадан болмокмун.

Барганымда эки аял жыгач чөмүч менен аралаштырып белгилүү балкандык айвар даярдап жаткан экен. Сүрөттүн автордук укугу Anja Mutic
Image caption "Барганымда эки аял жыгач чөмүч менен аралаштырып белгилүү балкандык айвар даярдап жаткан экен".

Колумда саякатчылар үчүн жол көрсөткүч колдонмо болуп чыккан эскирип бүткөн эки китеп бар. Бул "жол көрсөткүчтөр" Югославиядагы жарандык согушка чейин чыгарылган экен.

Жолдо жүрүп көп кишилер менен "кофе үстүндө" баарлаштым. Югославияда кимдир бирөө менен кофе ичип баарлашуу салтка айланган көрүнүш эле. Мен өткөн салтты колдондум.

Эки-үч күндөн кийин кофе үстүндө баарлашкан кишилердин айтып бергендери өтө кызыктуу экенин аңдадым. Жол көрсөткүч китептер болсо ачылбаган боюнча менин чоң асма сумкемде жатты.

Саякат учурунда мына-мына эми мага бирөө өтө кызыктуу нерсени айтып берет деп үмүттөндүм. Эмне үчүн бүтүндөй муун дагы деле Югославия деп аталган өлкө жок болгонун өз үйүн жоготкондой сезим менен кабылдап жүрөрүн билгим келген.

Кимдир бирөөдөн акылман ой күттүм. Ошондон менин жандүйнөм тынч алып, эмне болгонун түшүнүп, андан ары турмушумду уланатам дегем.

Мындай болгон жок. Бирөө башка нерсе болду.

Кишилер мага айтып берген окуялар күтүүсүз жерден менин саякатымын маңызына айланды.

Мен көп кишиге жолуктум. Арасында философтор, мурунку согушкерлер, саясатчылар, акын, артистер, сүрөтчүлөр, активисттер, музыкант, мугалимдер, бейөкмөт уюмдардын кызматкерлери бар эле.

"Моюнга алам, Югославия мен үчүн бүткөн эмес. Югославия менин өспүрүм кезим, өмүрүмдүн бир бөлүгү болуп калган. Азыр деле ошондой, ошол бойдон калат",-деди Скопьеде жолуккан учурдагы сүйлөшүүдө Данче Чаловска.

Чаловсканы Нью-Йорктогу досубуз аркылуу таптым. Данче македониялык белгилүү акын Тодор Чаловскинин кызы. Өзү дагы ыр жазат экен.

Кеч күздөгү жылуу окуялардын бири Скопьедеги Стара Чаршия ("Эски Базар") районунда болду. Бул жерден өтүп баратканда кайдандыр бир жыт келип, мени аргасыз өзүнө тартты.

Барганымда эки аял жыгач чөмүч менен аралаштырып белгилүү балкандык айвар даярдап жаткан экен. Мен дагы аларга кол кабыш кылып, кезектешип аралаштыра баштадык. Андан кийин аялдардын бири Усние бизге түрк кофесин жасап берди. Экинчи аял Сабрие болсо, компот көтөрүп келди.

Сабриеден Югославия тууралуу эмне эсиңде деп сурадым. "Анда жашоо бир топ жакшы эле",-деди ал.

Ошентип мен көп кишилер менен кофе ичип, алар менен аңгемелерди жаздырып алып олтурдум. Айрымдары саясатка тереңдеп кирип, күнөлүүлөрдү тапкысы келди. Югославия эмне үчүн бөлүнүп-жарылганы тууралуу өздөрүнүн теорияларын сунушташты.

ыдарап кеткен Югославия Сүрөттүн автордук укугу Anja Mutic

Башкалар болсо жөн эле жеке эскерүүлөрү менен бөлүштү. Бала кездеги досторунан айрылуу, жакындарынан айрылуу тууралуу эскерүүлөр...Кегин, ызаасын, өксүгүн бөлүшкөндөр болду. Кимдир бирөөсү өтө эле жашык эле, кээси болсо өзүн сатып кетишкендей сезимде калганын айтышты. Жалпысынан баарыбыз кандайдыр бир баалуу нерсени жоготкондой абалда экенбиз.

Ошентип мага көптөгөн жоопторду сунушташты. Бирок негизги жооп болгон жок.

Нью-Йоркко кайтып келгенден кийин жазып алгандарымды кайрадан угуп баштадым. Жоопкерчилик сезиле баштады: булар мени менен бөлүшкөндөрүн башкаларга айтып беришим керекпи же жокпу?

Жашоодо мындай болот эмеспи, кээде бир нерсенин артынан түшүп алсаң, кубалап жүрө бересиң. Жети жыл мурун мени өзүнө тартып кеткен, жашоомдон канаагат алчудай туюлган ошондой сезимди кубаладым.

Мен өзүмдүн тамырыма кайтып келип, мурунку өлкөмө болгон чаржайыт сезимдерден арылам деп ойлогом. Бирок жети жылдан кийин деле мен мурункудай элемин (албетте, өзгөрдүм жаш өйдөлөдү). Бирок андагы саякат менин жер которуп кеткендеги бушайман ойлорумдан айыктыра алган жок. Бирок качандыр бир Югославияда жашап, кийин ансыз жашап калган кишилердин жандүйнөсүнө үңүлүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Ушул өлкөгө таандыкмын деген сезим үзүл-кесил гана туюлат. Эми ал мен туулуп өскөн өлкө менин эсимде гана калды. (AbA)

Макаланын түп нускасын англис тилинде BBC Travel сайтынан окуңуздар.

Тектеш темалар