Орозодон организм эс алат, тазаланат

Орозо ден-соолукка пайдалуубу? 30 күн орозо кармаганда сиздин организм эмне болот?

Орозо ден-соолукка пайдалуубу? 30 күн орозо кармаганда сиздин денеңиз эмне болот?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жыл сайын миллиондогон мусулмандар орозо кармап, күн чыккандан күн батканга чейин наар алышпайт.Орозо акыркы жылдары күн узарган, ысык аптаптуу айларга туш келди.

Мынчалык катаң ачкалык кармоо сиздин ден-соолукка канчалык пайда берет?

Сиз 30 күн орозо кармаганда сиздин денеңизде боло турган өзгөрүүлөр жөнүндө айтып берели.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

  • Орозонун эң кыйын учуру - биринчи эки күн.
  • Сиздин денеңиз техникалык жактан алганда акыркы тамактануудан сегиз сааттан кийин гана ачкачылык абалына кирет. Бул болжол менен биздин ашказаныбыз ичкен тамак ашты сиңирип бүткөн учур.
  • Андан кийин биздин денебиз энергия алыш үчүн боор менен булчуңдарда сакталып турган глюкозаны керектей баштайт. Глюкоза түгөнгөндө энергиянын булагы майлар болот.
  • Организм майды эритип баштаганда бул салмактын азайышына, холестериндин деңгээлинин төмөндөшүнө алып келет жана кант диабетинин өөрчүшүнүн коркунучун азайтат.
  • Бирок канда канттын деңгээлинин азайышы денени алсыратып, летаргия кылат.
  • Башыңыз ооруп, айланып, куску келип. Оозуңуздан жагымсыз жыт келе баштайт.
  • Бул сиздин ачкачылык деңгээлиңиз абдан интенсивдүү болуп турган чагы. 3-7 күндөрү суу азайган учурда этият болуңуз.
  • Сиздин денеңиз көнө баштаганда, майлар эрип, кандагы кантка айланат.
  • Ооз ачкан убакта суюктукту нормадан кемитпей ичип турушуңуз керек. Болбосо, тердей берип, организмдеги суу түгөнүп калышы мүмкүн.
  • Сиздин тамактанууңуз «энергетикалык тамактануу» деңгээлинде болушу керек, башкача айтканда углевод жана кээ бир майлардын нормасы жетиштүү деңгээлде болушу керек.

Акырындап көнө баштадык. 8-15 күндөр

Үчүнчү этапта сиздин маанайыңыз кадыресе жакшы болуп калат, анткени денеңиз ачкалыкты кармоого бүтүндөй ылайыкташып бүттү.

Кембриждеги Адденбрукс ооруканасынын анестезия жана интенсивдүү терапия боюнча кеңешчиси доктор Разин Маруф орозонун башка дагы артыкчылыктары бар дейт.

«Күнүгө демейде биз өтө көп калорий керектейбиз, бул организмге анын өзүнүн калыбына келүү сыяктуу башка милдеттерин жакшы аткарганга тоскоолдук келтирет. Орозодо бул башкача болот, денениз башка иштерди да аткарууга жетишет. Ошентип, орозо организмди жандантып, инфекциялардын алдын алуу жана күрөшүүгө жардам берет».

Тазалануу 16-30-күн

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Орозонун экинчи жарымында сиздин организм ачкалыкты кармоо процессине толугу менен ылайыкташып бүткөн болот.

Жоон ичеги, боор, бөйрөк жана тери детоксикациядан өтөт же башкача айтканда организмдеги зыяндуу заттардан арылуу, тазалануу процессинде болот.

«Бул этапта органдардын иштеши эң жогорку деңгээлге чыгып, эске тутуу жана концентрация жакшырат, сиздин күч-кубат көбөйөт»,-дейт доктор Маруф.- Орозо Сиздин организм бул учурда энергия булагы катары белокторду керектебей калат. Бирок организм аябай ачка боло баштаганда булчуңдарды "жей" баштайт. Ачка болуу көп күнгө жана жумага созулган учурда ушундай болот. Ал эми Орозодо адам таң аткандан күн батканга чейин тамак ичпеген себептүү, организм тамак-аш түрүндөгү энергиялык потенциалын сактап калат. Бул булчуң массасын жоготпой сактап калганга мүмкүнчүлүк берет».

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Орозонун экинчи жарымында сиздин организм ачкалыкты кармоо процессине толугу менен ылайыкташып бүткөн болот.

«Туура кармалган орозо сизге күнүгө энергияңызды толуктап турууга мүмкүнчүлүк берет, демек, сиз денеңиздеги баалуу булчуң эттерди жоготпой туруп, салмагыңызды түшүрө аласыз». (AbA)