Дүйнөнүн көңүлүн бурган королдук үйлөнүү үлпөттөрү

Принц Гарри менен Меган Марклдын үйлөнүү үлпөтү Британиянын өзүндө эле эмес, дүйнөнүн көңүлүн өзүнө буруп турган учур.

Адатта буга чейинки королдук үйлөнүү үлпөттөрү өзгөчө шаан-шөкөт менен эсте калган. Би-би-си буга чейинки монaрхтардын салтанаттарын окурмандардын эсине салат.

Ак көйнөк кийүү модасы

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Принц Альберт 17 жашында күндөлүгүнө: королева Викториянын "көздөрү чоң жана көгүш" деп жазган.

Королева Виктория Британиядагы эң белгилүү монах. Ал үлпөт тоюнда ак түстөгү көйнөк кийип чыгып, кийин модага айланып кеткен. Виктория империянын тактысында 63 жыл олтурду. Андан узак тактыны башкарган королева Елизавета II гана.

Виктория 1840-жылы Альбертке турмушка чыккан. Бул үлпөт той өтө чоң салтанат менен өткөн. Империянын калкынын саны 400 миллион киши деп эсептелген учур эле.

Королева тойго ак түстөгү атлас жибектен жасалган көйнөк кийип чыккан. Ошол доор үчүн бул абдан өөн көрүнүш эле. Анткени турмушка чыгып жаткан кыз алтын же күмүш менен шөөкөттөлгөн гүлдүү көйнөк кийип чыгуусу керек деген түшүнүк болгон.

Албетте, Виктория ак көйнөк кийгендердин биринчиси болбосо керек. Бирок салтанат тууралуу бүт дүйнө сөз кылган. Ошондуктан үйлөнүү үлпөтүнө ак көйнөк кийүү салтын Виктория баштаган деп эсептесе болот.

Эң чоң аудитория

Сүрөттүн автордук укугу PA
Image caption Принц Уильям менен Кэтрин Миддлтондун үйлөнүү тойу абдан популярдуу болду.

Принц Уильям менен Кэтрин Миддлтондун үйлөнүү тою абдан популярдуу болду. Ал тургай келинге курбу болуп чыккан Кейттин эжеси Пиппа дагы дүйнөлүк атакты ушул тойдон алды.

Массалык маалымат каражаттары жазгандай, 2011-жылдагы үйлөнүү үлпөттүн салтанаттуу бөлүгүн дүйнө боюнча 2 миллиард киши көргөн. Бирок бул канчалык так сандар экенин айтуу кыйын. Ушул сандар британ өкмөтүнүн Маданият, маалымат жана спорт министрлиги тарабынан басма сөз жыйынында салтанатка чейин эле болжолдуу айтылганын эске сала кетели.

Бирок кандай болгон күндө дагы бул сандар принц Чарльз менен Диананын үйлөнүү салтанатын түз эфир аркылуу көргөн 750 миллион кишиге салыштырганда бир топ эле көп.

Романтикадан алыс өткөн үлпөт

Азыркы учурда королдук үйлөнүү тойлор махабаттын артынан болот. Мурдагы кылымдарда мындай баш кошуулар саясий инструмент, империянын, тактынын кызыкчылыктары үчүн болуп келген.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Королева Мария I.

Маселен, англиялык королева Мария I менен испан принци Филипп II 1554-жылы кызыкчылыктар үчүн эле никеге турган. Баш кошуудагы максат эки өлкөнүн чет жердеги таасирин артыруу жана Европадагы католиктердин позициясын чыңдоо эле.

Испан монархы үчүн романтиканын кереги жок эле. Баш кошкондон төрт жылдан кийин Мария безгектен көз жумган. Филипп жубайынын өлгөнүнө кабагым-кашым деген эмес. Дээрлик бир жыл аны менен көрүшкөн эмес экен. Мария көз жумгандан кийин Англия парламенти Филиппти тактынын ээси катары тааныган эмес. Ошондуктан ал империядан чыгып кеткен.

Жөнөкөй өткөн үйлөнүү той

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Принц Филипп Экинчи дүйнөлүк согушта британдык Аскер-деңиз флотунда кызмат кылган.

Королева Елизавета II менен Эдинбург герцогунун үйлөнүү салтанатына 2000 конок келген. Анын ичинде дүйнөдөгү монархтар да кирген.

Үйлөнүү салтанаты согуштан кийин 1947-жылы өткөн.

Принцесса Елизавета (беш жылдан кийин королева болуп такка олтурган) үлпөт үчүн көйнөккө материалды талон менен сатып алган. Кызыгы өзүнүн талону жетпей калып, көйнөктү тигип даярдоо чыгымдары үчүн деп өкмөт кошумча 100 талон жазып берген. Кээ бир курбулары, жакындары дагы колдоо көрсөтүшкөн. Ал учурда башка бирөөнүн талонун колдонгонго дагы катуу тыюу салынган.

Алты жолу үйлөнгөн король

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Король Генрих VIII өмүрүндө алты жолу төшөк жаңырткан экен.

Король Генрих VIII өмүрүндө алты жолу төшөк жаңырткан экен.

Эки аялы менен ажырашып, экөөсүн болсо "көзүнө чөп салды" деп жазага тартышкан.

1509-жылы агасынын жесири Екатеринага баш кошкон. Королго мураскер керек эле, бирок жубайы кыз төрөйт. Аны менен да ажырашып кеткен. Мындай жоругу менен король Католик чиркөөсүнөн алыстап калган.

Андан соң Анна Болейнге баш кошот. Анысы дагы кыз төрөп, кийин балдары токтобой койот. Аны "көзүмө чөп салды" деп өлүм жазасына буюруган.

Генрихтин кийинки аялы Жейн Сеймур болду. Ал падышага уул төрөп берди, бирок төрөттөн көз жумган.

Анна Клевская төртүнчү жубайы болду. Анын менен саясий кызыкчылык үчүн гана никеге тургандыктан, бирге жашаган эмес.

50 жашында Генрих өзүнөн отуз жаш кичүү Екатерина Говардка баш кошуп, бир жылдан кийин "ала жипти аттады" деп, өлүмгө буюрат.

Акыркы жолу үйлөнгөн жубайы Екатерина Парр Генрихтин өмүрүнүн соңуна чейин 1547-жылга чейин бирге жашады.

Эң эле "феминистик" той

Сүрөттүн автордук укугу PA
Image caption Принцеса Уэльская.

Принц Чарльз менен леди Диана Спенсердин 1981-жылы өткөн үйлөнүү тойу бир нече себеп менен көпчүлүктүн эсинде калды. Биринчиден, королдук үйлөнүү тойлордун ичинен келиндин үлпөт көйнөгүнүн этегинин эң узунун Диана кийди. Этегинин узундугу сегиз метр болгон. Анан калса баасы дагы кымбат - 100 миң долларга жакын болгон.

Ошондой эле бул салтанат эң эле "феминистик" болуп калды. Анткени келиндин антындагы "күйөөсүн угат" деген убаданы алып салышкан.

Принцесса Уэльская чынында эле өз алдынча эле. Ал принц Чарльз менен 1992-жылдан тарта бирге жашабай калган. Ошол эле учурда коомчулуктун алдында эле королдук үй-бүлөнүн, кеңешчилеринин, күйөөсүнүн өлкөнү башкаруу жөндөмүн сынга ала баштаган.

Жубайлар 1996-жылы ажырашкан. 1997-жылы Диана авто кырсыктан мерт болот. (AbA)

Тектеш темалар