Дүйнөдө 800 миллион киши вулканга жакын жашайт

Гавайи аралындагы Килауэа жанар тоосунан дарыя болуп агылган ысык лава, күл сапырылган туман бүтүндөй дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурду. Бул сыяктуу вулкандардын ойгонушу канчалык кооптуу?

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Гавайи аралындагы Килауэа вулканы.

Жыл сайын планетада жалпысы болуп 60 вулкан атылат. Килауэа - дүйнөдөгү активдүү вулкандардын бири. Анын азыркыдай ойгонушу 35 жыл мурун эле башталган. Соңку апталарда вулкандын активдүүлүгү күчөдү.

Ысык лава жергиликтүү тургундардын короосуна чейин кирип келди. Бир гана киши олуттуу жаракат алды, бактыга жараша кишилей жоготуулар болгон жок.

Жер шарында активдүү вулкандарга жакын жашаган калктын саны сезилерлик көп. Айрымдары Килауэадан дагы кооптуу жерлерде жашайт.

1500-жылы вулкан 280 миң чамалуу кишинин өмүрүн алган. Анын ичинен 170 миңи алты гана вулкандын атылышанан мерт болгон.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Биз бул маалыматтарды архивден, тарыхый документтерден, ММКларга чыккан кабарлардан чогулттук. 2000-жылдан бери эле мындай кырсык эки миндей кишинин өмүрүн алган. Алардын көпчүлүгү Филиппинде, Индонезияда, Конгодо, ошондой эле Жапонияда болду. Өткөн жылы Италияда үч турист каза тапты.

Азыркы учурда болжолу 800 миллион киши вулкандар активдүү жерден 100 чакырым аралыкта жашайт. Башкача айтканда, вулкан кооптуулугу жогору шартта күн кечирет. Алардын 200 млн чамалуусу Индонезияда.

Калктын саны өсүп жатканын эске алганда, дагы көп кишилер бүгүнкү күндө 81 өлкөнүн аймагында жайгашкан бир жарым миң вулканга жакын аймакка отурукташуусу мүмкүн.

Вулкандар азыр эле атылат деп айтууга болбойт, бирок алардын активдешуү коркунучу бар. Вулкандар жака-белиндеги калктуу конуштарга түрдүү коркунучтарды туудурат.

Килауэаны ала турган болсок, АКШнын Геологиялык кызматы апрелден трата бул жерде сейсмикалык активдүүлүк күчөгөнүн белгиледи. Майдын башынан тарта жерден жаракалар пайда боло баштады.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Ошондон бери ысык лава беш чакырымдай агып келип, жолундагы үйлөрдү кыйратып, океанга жетип калды. Миңдеген кишилер коопсуз жайга чыгарылды.

Мындай агым адатта кишилей чыгымдарга алып келбейт деп эсептелет. Анткени ал жай жылгандыктан кишилер качып үлгүрүп калышат. Деген менен анын температурасы болжолу 1200 градус, жолунан чыккандын баарын куйкалап күлгө айлантат.

Кишилер тез арада коопсуз жайга чыгып кете албаса, ошондо коркунуч пайда болот. Гавайиде бир нече кишини тик учак менен алып чыгууга туура келди. Анткени алардын жолу кесилип калган эле.

Лава жарылууга дагы алып келет. Алдынан чыккан өсүмдүктөрдүн баарын жок кылат. Океанга жеткенде токсин газы жана туз кислотасы бөлүнүп чыгат.

Гавайи тургундары үчүн дагы бир коркунуч бар - күкүрт кычкыл газы. Вулкандар активдүү эмес фазада болсо дагы газдын ушундай түрүн бөлүп чыгарат. Бирок ууландыра турган газдардын 2 гана пайызы лавага таандык.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Вулкан газынын эң көп курмандыгы 1986-жылы Камерунда катталган. Анда көмүр кычкыл газынан бир жарым миң киши мерт болгон.

Бирок курмандыктардын көбү жанар тоодон чыккан күл жана түтүндөн , чачырандыдан мерт болушат. Соңку 500 жыл ичинде мындан 120 миң киши мерт болгон.

Мындай учурлар Тынч океандын оттуу вулкан шакегине кирген ири вулкандарга мүнөздүү. Килауэа сыяктуу вулкандардан мындайды күтүүгө болбойт.

Жанар тоодон чыккан күл жана түтүн - вулкан атылганда пайда болгон газ, таш, күл аралашкан булут. Анын температурасы 700 градуска жетет. Алдынан чыккандын баарын жок кылат.

Дал мына ушундай күл, түтүн, газ, таш аралашкан булут б.з.ч. 79-жылы Римдин Помпей шаарын кыйраткан. Ушундай эле булуттар 1902-жылы Кариб аралдарында 30 миңдей кишинин өмүрүн алган.

Вулкандан кийинки ташты, тал-теректи, үйлөрдү кошуп жууп кеткен сел сыяктуу катуу агым дагы кооптуу. 1985-жылы мындай кырсыктан Колумбияда 25 миң киши каза тапкан.

Тарыхта мына ушундай кырсыктардан кийин массалык ачкачылык жана илдеттер пайда болгону белгилүү. Анткени газ жана күл аралашкан абадан климат өзгөрүп, түшүм болбой калган учурлар болгон.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Жер аркылуу 20 пайыз гана вулкандарды байкоого алууга мүмкүн. Бирок спутник адам колу жетпеген көп вулкандар боюнча мониторинг кылууга мүмкүндүк берди.

Мурда анчалык активдүүлүгү катталбаган вулкандар болжолу эки жылда бир жолу атылат. Бул абдан кооптуу, анткени анын жака-белинде жашагандар эч нерсени күтпөй, даярдыксыз болуп калат.

Деген менен вулканды иликтеген обсерваториялар, иликтөөчүлөр жана эл аралык уюмдар тынымсыз иштеп, алдынала болжоп, он миңдеген кишилердин өмүрүн сактап келе жатат.

Албетте, вулкан атылганда кишилей чыгымдар болбогон күндө деле жашоо-турмушка оор кесепетин тийгизет. Жергиликтүүлөр үй-жайын таштап чыгууга аргасыз болот. Мал-мүлкүнөн айрылат, айыл чарбасы жабыркайт. Жыйынтыгында экономикалык жоготуулар оңбогон акча болот.

Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү вулкандарга астейдил байкоо салып туруу өтө маанилүү. Мейли вулкан уктап жаткан күндө дагы аны ар дайым байкоого алып туруу зарыл. (AbA)