"Каракчылар аралы": КЭДР менен АКШ лидери жолугуша турган жердин тарыхы

АКШ менен Түндүк Кореянын лидеринин жолугушуусу Сингапурдун Сентоза аралында болот деп күтүлүүдө.

Отель Capella

Сүрөттүн булагы, Reuters/Capella Singapore

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс "Твиттер" баракчасы аркылуу "саммит беш жылдыздуу "Капелла" мейманканасында өтө турганын" ырастады.

Саммит 12-июнга белгиленген, бирок кылымдын дипломатиялык окуясы катары айтылып жаткан жолугушуунун көпчүлүк жагдайы түшүнүксүз.

Дональд Трамптын өзү шейшембиде баары жайында жүрүүдө деп айтты. Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс "Твиттер" баракчасы аркылуу "саммит беш жылдыздуу "Капелла" мейманканасында өтө турганын" ырастады.

Бул жерде сүйлөшүүлөр гана болот. Ал эми лидерлер башка мейманканага жайгашат. "Болжолу Трамп "Шангри-Ла" мейманканасына токтойт. Буга чейин бул жер бир нече америкалык президенттерди тоскон. Ким болсо "Сент-Реджис Сингапур" мейманканасына конот",-деп жазды сингапурлук Straits Times басылмасы.

Эки мейманкана тең өлкөнүн негизги аралында жайгашкан.

Сентоза - Сингапурдун аймагындагы 63 аралдын бири. Аралдын аянты болгону 500 гектар

Азыр бул жерде курорттук резиденциялар, гольф үчүн талаа, яхталар токтогон жайлар жайгашкан. Бирок өтүмүшүндө бул аймакта көп кайгылуу окуялар орун алган. Деңиз каракчыларынын ордосу болгон. Кан төгүү жана согуштарды көргөн.

"Каракчылардын ордосу"

Сингапур XIX кылымда Британиянын Индиядан Кытайга өткөн жолундагы порту катары белгилүү болгон. Британиянын ээлигине өткөнгө чейин Сингапур гүлдөп турган соода борбору болуп, бир эле соодагерлер эмес, каракчылар да көп келип турган.

Сентоза ал учурда "Пулау Блакан Мати" деп аталган. Кыргызча таржымалдаганда "өлүм аралы".

Калктын негизги бөлүгүн малайлар, кыйтайлар жана бугиси эли түзөт.

Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыгы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Качандыр бир бул жээкетеги кум канга чыланган эле.

1942-жылы британдык колониалдык аскер күчтөрү жапон аскерлерине багынып беришкен. Сингапур Жапония тарабынан басып алынган. Арал жапончо жаңы ысым алган - Сёнан. Мааниси "Түштүк жарыгы" дегенди туюндурат. Кийинки жылдарда бул жерде карапайым тургундар массалык атылган окуялар жүз берген.

"Жапонияга каршы элементтерди жок кылуу" деген операциянын алкагында 18 жаштан 50 жашка чейинки кытай улутундагы эркектерди жээкке чогулутуп, пулемет менен атышкан. Киийн сөөктөрүн деңизге ыргытып жиберишкен.

Мына ошондой "жээктеги ок атуу" болгон жерлердин бири Сентозада жайгашкан. Болгондо дагы Трамп менен Ким жолуга турган "Капелла" мейманканасына жакын жерде.

Сентозада Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда аскер туткундарынын лагери болуп, англо-америкалык коалициянын болжолу 400 чамалуу жоокери кармалган.

Туристтерди кантип тарткан?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Сентозага Голливуддун Universal киностудиясынын тематикалык паркын, дагы бир аквапарк, казино ачып, туристтердин чоң агымын тартып келе алышты.

1970-жылдары Сингапурдун өкмөтү аралга Сентоза деген аталыш берди. Которгондо "Тынчтык жана бейпилдик" болот. Ушундан тарта бул аралда туризм өнүгө баштады.

Бирок тынчтык менен бейпилдик дароо эле орногон жок.

1983-жылы асма жол үзүлүп кетип эки кабинадагы туристтер деңизге кулаган. Мунай тартып келе жаткан кеме тросту үзүп кеткен экен. "Фантазия аралы" аталган аквапаркта ар дайым жагымсыз окуялар болуп турган. 2000-жылы бул жерде сегиз жаштагы кыз кырсыктан көз жумган соң, паркты жаап салышкан.

Бирок буга карабастан Сентозага Голливуддун Universal киностудиясынын тематикалык паркын, дагы бир аквапарк, казино ачып, туристтердин чоң агымын тартып келе алышты.

Саммитке даярдык

Сүрөттүн булагы, Robert Reck/Capella Singapore

"Капелла" мейманканасы британдык Норман Фостердин архитектуралык бюросунун долбоору. Бирок баары эмес, колониалдык доордогу курулган бир нече имараттар бар.

Мейманканадагы номерлер болжолу 500 доллардан-7500 долларга чейин.

Сентозада мультимиллионерлердин кварталы дагы бар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыязы саммити бул жерге өткөрүүдө аралдын табиятынын кооздугу, инфраструктурасы эле эске алынбаса керек. Пхеньян менен Вашингтон коопсуздукка дагы өзгөчө маани берген. (AbA)