Соң-Көл: эко-туризмди колго алган кыргыздар, «үй-унаадагы» нидерланддар

Кыргызстанда быйылкы жылдын жаанчыл болгону Ысык-Көлдөгү туризмди бир азга кечеңедетти окшойт. Бирок кыргызстандыктар соңку жылдары эко-туризмди дагы өздөштүрүүдө. Ат, тоо жана жайлоо туризми кеңири кулач жайды.

Нарындын Соң-Көл жайлоосундагы эко-туризм тууралуу айтып беребиз.

Ашууда жолуккан "үй-унаадагы" нидерланддар

Теңир-Тоодогу Сөң-Көл жайлоосуна бара турган жолдун өзү оңой эмес. Деңиз деңгээлинен үч миң метрден ашуун бийиктиктеги керемет көлдү жана табияты кооз жайлоону көрүү чет элдиктер эмес, кыргыз баласынын деле эңсөөсү болсо керек.

Интернет аркылуу алган маалыматы менен Соң-Көлгө бара жаткан нидерландиялык түгөйлөргө ашууда жолуктук.
Image caption Интернет аркылуу алган маалыматы менен Соң-Көлгө бара жаткан нидерландиялык түгөйлөргө ашууда жолуктук.

Интернет аркылуу алган маалыматы менен Соң-Көлгө бара жаткан нидерландиялык түгөйлөргө ашууда жолуктук.

"Менин атым Кристин, бул Мартин. Биз Амстердамдан бери келе жатабыз. Унаабыз менен саякаттайлы деп чечкенбиз",-дейт Кристин.

Мартиндин айтымында, алар өз өлкөсүнөн Германияга өтүп, андан Польша, Литва, Латвия, Орусия, Казакстан, Кыргызстанга келишти. Алдыда Ѳзбекстан, Түркмөнстан, Иран, Грузия, Түркияны аралап өтүп, артка - өз өлкөсүнө кайтып барышат.

Саякатчы түгөйлөр унаасын бардык шарттары бар үйгө айлантып алган.

"Биз 1-июнда сапарга чыкканбыз. Августтун аягына чейин артка келип калалы деп жатабыз. Үч айдын ичинде баарына жетишебиз деп турабыз. Бул абдан кыска мөөнөт. Себеби барган жерлерибиз абдан кооз, мениче бир жыл керек го",-дейт Мартин.

"Жолу татаал болсо дагы Соң-Көлдү көрбөй кетүүгө болбос эле, бир аз жол бассак кирип барабыз",- деди картасына үңүлгөн Кристин.

Саякатчы түгөйлөр унаасын бардык шарттары бар үйгө айлантып алган. Алар бизге "унаа-үйүн" шашпай көрсөтүп беришти. Кенен бут сунуп эс ала турган диван, душ, муздаткыч. Керектүү азыктардын баары бар экен. Аларга ийгилик каалап коштошуп, андан ары кеттик. Туристтер болсо жайылып жүргөн топоздорду сүрөткө тартып, кала беришти.

Табияттын кооздугуна арбалган чет элдик туристтер

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, деңиз деңгээлинен үч миң метр жогору бийиктиктеги Соң-Көл жайлоосунда Мартин менен Кристин сыяктуу туристтер көп келе баштаган.

Соң-Көл

Жайлоого чыккан кыргыздар дагы туристтерге жарамдуу шарт түзүп, туризм аркылуу каражат табууга күч үрөп жатышат.

"Акыркы жылдары бизге Франциядан, Түштүк Кореядан келип жатышат. Ѳткөндө бельгиялык туристтер келип кетти. Көп эле келип калышты. Табиятка аябай суктанышат. Түндөсү дагы чыгып, асмандагы балбылдаган жылдыздарды сүрөткө тартышат. Жатып алып, таза абага, мемиреген тынчтыкка аябай ырактанышат",-дейт эко-туризм менен иш алып барып жаткан Каниет Ысманов.

Бул үй бүлөө туристтер үчүн алты боз үй тигип койгон. Кечинде боз үйгө күн панелдери иштеп чыккан электр жарыгы берилет. Анын кубаты фотоаппарат, ноутбуктарды заряддаганга жарайт. Биотулает, душ дагы курулган.

Наргиза

Биз барган учурда бул жерде Франциядан келген турист эс алып жүргөн экен. Бүлөнүн ортончу кызы келгендер менен англис тилинде ээн эркин сүйлөшөт.

"Ата-энеме жардам берип жүрөм. Чет элдик туристтер эмне жегиси келет, эмнени каалашат? Баарын сурап, билип берип турам. Мектептен эле тилди үйрөндүм. Бирок таптак сүйлөйм деп айта албайм. Мен сүйлөп киргенде башында таң калып, ыраазы болуп калышат. Этти көп жегилери келбейт, оромону абдан жактырып жегендери болду. Негизи эле кооз жаратылышка суктанышат. Жөө басып, көлдү айланып, сүрөткө тартып жүрүшөт",-деди 14-15 жаштардагы Наргиза.

"Акырындап канат-бутагыбызды жайып атабыз. Төлөк айылында турабыз өзү. Ал жерде жүрө берсек тишибиздин кирин сормокпуз. Азап-тозогуна чыдап, ушунча мүлк менен көчүп келдик. Башында бир эле боз үйдө турист тосуп жүргөнбүз. Акырындап өнүктүрүп жатабыз. Азыр алты боз үйдө тособуз. Жылына 200-300дөй турист келип кетет. Келечекте дагы өнүктүрүп, бүт шарттарды жакшыртсак дейбиз. Негизгиси тазалыкка абдан маани берип, баарын жакшыртууга аракет кылдык",-деди бүлөнүн кожейкеси Элмира Нурдөөлөтова.

Соң-Көл

Соң-Көл - мал чарбачылыгына ыңгайлуу, кооз жерлердин бири. Мурда бул аймакта колхоз-совхоздун койлору, жылкылары, топоздору багылып келген. Эми жайлоого чыккан малчылар эко-туризмин жайылтууда.

(AbA)