Ысык аптап Европага кайтууда: дем алышта рекорддук температура күтүлөт

Саамга тыныгуудан кийин Европаны ысык аба ырайынын экинчи толкуну каптаганы турат. Алдыдагы бир нече күндүн ичинде тарыхта катталган ысык температуранын рекордду жаңыланышы мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Мадрид жашоочулары ысыктан качып, фонтандарга келип сууга түшүүдө.

Метеорологдордун маалыматына таянсак, дем алыш күндөрү Испания жана Португалияда абанын температурасы өтө жогору болот. Европадагы учурдагы рекорд 1977-жылы Афинада катталып, Цельсия ченеми менен 48 градусту түзгөн.

Бул жолу Испания менен Португалияны Африка тараптан соккон ысык шамал каптоодо. Эки өлкөнүн айрым аймактарында ысык аба ырайы мурдагы рекорддордон ашып түшөт деп күтүлүүдө.

Испаниянын метеорологиялык кызматы ысык аба ырайы эки күнгө созулуп, өлкөнүн түштүк-батышында күн өзгөчө катуу ысыйт деп эскертүү берди.

Метеоролог Ник Милердин айтымында чөлкөмдөгү температура 50 градуска барат.

Ысык аба ырайынын эң жогорку чеги Португалияда 2003-жылы катталып, 47 градуска жеткен. Испаняда өткөн жылы эле 47,3 градус ысык болду.

Жапонияда күндүн катуу ысыганы табигый кырсык катары жарыяланган

Жапониядагы ысык аба ырайы метеорологиялык табигый кырсык катары каралууда. Соңку эки аптада ысыктан кеминде 65 киши көз жумган.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жапониялыктарга көбүрөөк суу ичүү жана көлөкө жерде болуу сунушталды.

Ысык өтүп кеткен 22 миңдей киши ооруканага түштү. Алардын дээрлик жарымы улгайган кишилер. Метеорологдор жакынкы күндөрдө аптаптын илеби кайтат деп айта албайбыз дейт. Мээ сызгырган ысык августка чейин сакталышы мүмкүн деди адистер.

Дүйшөмбүдө Сайтама префектурасында Цельсия ченеми боюнча абанын температурасы 41,1 градуска жетти. Бул өлкө аймагында катталган эң ысык аба ырайы.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Дарыгерлер сууну көп ичип, мүмкүн болушунча салкын бөлмөдө олтурууга кеңеш берип жатат. Өтө аптаптуу аба ырайы Жапонияга тынымсыз жааган жамгырдан кийин келди. Бир нече күн нөшөөрлөгөн жамгыр өлкө батышындагы айрым райондордо суу ташкындоолорго алып келген эле.

Дагы кайсыл жерде күн ысык?

Греция

Афинага жакын жердеги токойлордон чыккан өрттөн кеминде 50 киши каза тапты деп билдирди грек бийлиги. Мындай өрт кырсыгы соңку он жылдыкта болгон эмес эле. Греция бийлиги эл аралык коомчулуктан жардам сурады.

Жүздөгөн өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен күрөшүп жатат. Афинанын чет жакасындагы конуштардан айрым тургундар өздөрү эле кооптонуп башка жерге чыгып кетүүдө.

Өлкө аймагында катуу ысык жана кургак аба ырайы өкүм сүрүүдө. Өкмөттүн басма сөз катчысы Дмитрис Цанакопулос маалымдагандай, Афинанын ар кайсыл бөлүктөрүндө бир эле учурда 14 жерден өрт чыкты.

Швеция

Швецияда токойлордон чыккан өрттөн бир киши каза таап, ондогону жаракат алды. Швед токойлорундагы өрт кырсыгына кургак жана ысык аба ырайы себеп болуп жатат. Бир нече күн ичинде эле 50 аймактан өрт чыккан.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Өлкө бийлиги акыркы аптада ысык аба ырайына байланыштуу тогуз ирет эскертүү жасады. Абанын температурасы күндүзү Цельсия ченеми боюнча 30 градустан түшө элек.

Улуу Британия

Улуу Британиянын айрым райондорунда 54 күндөн бери жамгыр жаай элек. Адатта жашыл түсүнөн өзгөрбөгөн Гринвич обсерваториясынын жанындагы парк азыр мындай көрүнүштө.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Улуу Британиянын айрым райондорунда 54 күндөн бери жамгыр жаай элек. Адатта жашыл түсүнөн өзгөрбөгөн Гринвич обсерваториясынын жанындагы парк азыр мындай көрүнүштө.

Айрым райондордо абанын температурасы түндөсү да Цельсия ченеми боюнча 24 градустан төмөн болбой жатат.

Метеорологдор бул аптада дагы күн ысыйт деп эскертүүдө. Жарандарга өтө ысык мезгилде көчөгө чыкпоого кеңеш берилди.

Канада

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Абанын температурасы июлдун башында Квебекте Цельсия ченеми боюнча 35 градуска жетти.

Июлдун башында Канаданын чыгышында күн катуу ысыды. Мындай ысык аба ырайы бир гана Квебек провинциясында кеминде 70 кишинин өлүмүнө алып келди.

Ушул айдын башында Квебекте Цельсия ченеми боюнча 35 градуска чейин ысыды. Өлкөдө сегиз жылдан бери мындай ысык катталаган эмес. 2010-жылдагы катуу ысыктан Монреалда 106 киши мерт кеткен.

АКШ

Бул жылы рекорддук көрсөткүчтөр Түштүк Калифорнияда катталды.

Чино шаарында (Сан-Бернардино округунда) абанын темературасы июлдун башында рекорддук көрсөткүчкө жетип, Цельсия ченеми боюнча 48,9 градус болду.

Өрт кырсыктары жүз берип, Түштүк Калифорниядан он миңдеген кишилер коопсуз жайга чыгарылды. Санта-Барбара округунда ысык аба ырайын жана өрт чыгуу коркунучуна байланыштуу бийлик өзгөчө кырдаал абалын киргизген.

Алжир

Июлдун башында Алжирде дагы ысык боюнча рекорд жаңырды. 5-июлда Уаргла шаарында абанын температурасы Цельсия ченеми боюнча 51,3 градуска чейин ысыды.

Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун маалыматы боюнча июнь айы мурда болуп көрбөгөндөй ысык болду.

Оманда 28-июнда температура 24 саат бою Цельсия ченеми боюнча 42,6 градустан төмөн түшкөн жок.

Аба ырайы кескин өзгөрдүбү?

Эгерде бүтүндөй дүйнөнү алсак, бул жылдагы жайдын биринчи айы 1880-жылдан берки эң ысык болгон беш учурдун бири болду.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун маалыматы боюнча июнь айы мурда болуп көрбөгөндөй ысык болду.

Ысык аба ырайына бир гана фактор менен түшүндүрүү мүмкүн эмес.

"Кызык жери, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө күндүн бир учурда ысып жатканы",-дейт Би-би-синин илим боюнча редактору Дэвид Шекман.

Шекмандын айтымында, дүйнөлүк океандардагы суунун температурасынын өзгөрүшү, климаттын өзгөрүшү ысык аба ырайынын себеби болушу мүмкүн.

"Климаттын өзгөрүшү боюнча иликтеген окумуштуулар жыл сайын эмне үчүн ысык аба ырайы болуп жатканы тууралуу айтышпайт. Бирок, алар ысык аба ырайы өкүм сүргөн учурлар кайтална бериши мүмкүн экенин эскертүүдө",-деди Шекман. (AbA)