Королдордун өлүмү: монархтарды жерге берүүдөгү өзгөчөлүктөр

  • Яна Литвинова
  • Би-би-си, Лондон

"Дүйнө ушундай жаралган: тирүү нерсенин баары өлөт. Жашоонун артынан түбөлүктүүлүк да кетет".

Уильям Шекспир, "Гамлет", I Акт, 2-сцена.

Сүрөттүн булагы, AlexSava

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Өлүм алдында падышабы же карапайым кишиби, баары бирдей эле. Бирок өлгөндөн кийинки алардын сөөгүнө жасалган мамиле, түшүнүк такыр башка болгон

Орто кылымдагы акылмандар өлүмгө олуттуу мамиле жасаган. Ал учурдун эң популярдуу аллегориясы - "Ажал бийи" деп аталган насаат катары тартылган сүрөт эле. Сүрөттө ар түрдүү катмардан чыккан кишилер менен скелеттер кол кармашып бийлеп баратат. Алар кишилерди көргө жетелешүүдө...

Өлүм - эң улуу теңдөөчү катары көрсөтүлгөн. Жардыбы же байбы, падышабы же кулбу, жалганчыбы же чынчылбы, жаш же карыбы, аны ажал тандаган эмес. Эч ким андан качып кутулуп кете албайт. Өлүм менен соодалашуу, аны токтотуп туруу мүмкүн эмес. Мына ушундай диалогдор акындар арасында аябай популярдуу эле.

Сүрөттүн булагы, Wikimedia commons

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

XVIII кылымдагы немис графикалык искусствосунун бир түрү. Бернт Ноткенин чыгармасы

Маселен, XVII кылымда Англияда "Айым жана ажал" деген баллада жазылган. Чыгармада белгилүү айымга ажал кайрылат: саатың келди, даттануунун пайдасы жок.

Сулуу, кооз киймдериңдин баарын ташта

Унуткун атагыңды, сыйлыгың, сыймыгыңды.

Чирийт анда менсинүү, сүйкүмдүү көз карашта

Мен ошондо ырдаймын сиренаданы сага.

Сен мени тааныбадыңбы? Мейли, карап көр:

Жашынып кала албайсың, таппайсың андай жер

Мен өлүммүн, мендиксиң, чын мунум

Келемин баарына эртедир же кечтир..." (которгон - Айбек Абдылдаев)

Бирок, мындай салыштыруулар жана падышалар менен жакырлардын укугун теңдөө ынандырарлык болгон эмес.

Эки дене

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Королдун эки денеси болгон: кудайлык жана жердики. Эки денеге тең урмат көрсөтүү керек

1957-жылы тарыхчы Эрнст Канторович изилдөөсүн жарыялаган. Анда падышачылыктагы королдун кудайлык денеси менен жердеги денесиндеги укуктарынын айрым келишпестиктери, кандай гана монарх болбосун анын эки ипостасы (гр. hypostasis - негиз. Аталган термин алгачкы жолу Посидоний тарабынан биздин заманга чейин 1-кылымда киргизилген. Христианчылыкта Ипостась түшүнүгү патристика доорунда кирген /котормочудан/) болгон деп түшүндүрүлгөн.

Биринчи, королдун кудайлык денеси, сөздүн кыскасы ал өлбөс-өчпөс. Экинчиси, король чоң кызматтагы адам. Бирок, башкалар сыяктуу эле энеден төрөлүп, карыйт жана башкалардай эле өлөт.

Мына ушул кудайлык денесине өтө өзгөчө көңүл бурушкан. Королдун сөөгүн жерге бергенде, өзүнчө жөрөлгөлөр колдонулган.

Өлүмдүн өлүмү бар

Сүрөттүн булагы, Hulton Archive

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Албетте, королду деле башкалар сыяктуу эле өлтүрүп коюга болот. Бул өтө чоң күнөө эсептелген

Англиянын королдору деле букаралары сыяктуу эле ар кандай шартта өлүмгө кабылышкан. Айталы, Эдуард V 15 жашында көз жумса, Эдуард I 68 жашында оо дүйнө салган. XIII кылымдын башынан тарта XVI кылымга чейин жашап өткөн 13 англис королунун экөө гана (Генрих III жана Эдуард III) карылыктан жана оорудан королдук резиденциядагы төшөгүндө көз жумган. Кийин мындай учур өтө сейрек болуп калды.

Жон, Эдуард I, Генрих V жана Ричард III аскердик өнөктүк учурунда каза табышты. Чынында согуш майданында Ричард III гана мерт болгон. Эдуард II, Ричард II, Генрих VI жана Эдуард V шектүү абалда көз жумушкан.

Мунун менен дагы бир жагдайды айта кетүү керек. Эгерде король тактыда туруп көз жумса, бул такыр башка эле. Ал эми аны бийликтен кулаткандан кийинки өлүм өзүнчө.

Тактыдан четтетилгенин тирүү калтырууга мүмкүн эмес эле. Анткени бийликтин мыйзамдуулугуна шек жаралган. Бирок, кудай денесиндеги королду өлтүрүү чоң күнөө эсептелген. Эгерде жаңы башкаруучунун жан жөкөрлөрү королдун жердеги денесин өлтүрүп алса, анда аны бардык жөрөлгөсү менен жерге берген.

Бирок, сөөктү жашырууга өтө деле көрүнүктүү жер тандалган эмес.

"Жакшы өлүм"

Сүрөттүн булагы, Wikimedia Commons

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Англиялык королдордун айкелдери Вильгельмден Генрих IV чейин. Йорктогу собор

Теологдорго ишене турган болсок, анда бир дагы англис королу тозокко түшпөшү керек. Алардын баары "жакшы өлүм" менен күнөөлөрү тазаланып, бул дүйнөнү таштап кетишкен. Кимдир бирөөсү Ричард III сыяктуу Босворттогу согуштун алдында жүйөлүү себеп менен диний кызматкер таппай калган. Ал деле өлүм алдындагы жөрөлгөлөрдү өзү аткарган деп акташат.

Англис монархтарынын өлүм алдындагы негизги тапшырмасы руху жана королдук тууралуу кам көрүүдө жаткан.

Мисалы, Генрих III күнөөлөрү үчүн тооба кылып сыйынып эле койбой, өзүнүн уулу Эдуард I үчүн тактыны сактап туруу боюнча да керектүү буйрукту чыгарган. Бул учурда ал крестүүлөр жортуулунан келгенге үлгүргөн эмес эле.

Сүрөттүн булагы, Wikimedia Commons

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ричарда II сөөгүн ал чын эле өлгөнүн көрсөтүш үчүн Ыйык Павел соборуна алып келе жатышат

Кайсыл бир себеп менен король жаман болсо, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кимдир бирөө аны өлтүрүүгө барган. Маселен, Йорктор династиясынын акыркы королу Ричард III сөөгүн келеке кылышканы ар кандайча талданып келүүдө.

Кийинки замандагы, азыркы деле урпактары үчүн жаңы король мурунку королдун сөөгүнө кандай мамиле кылганы чоң мааниге ээ.

Бүт баары протокол боюнча

Сүрөттүн булагы, Wikimedia Commons

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Елизавета I менен коштошуу зыйнаты регламентти катуу сактоо менен өткөн. Туудан баштап, кийимдерге чейин, ыйлап тургандардын санына чейин

Орто кылымдагы король менен коштошуу жөрөлгөсү төрт негизден турган:

  • De Exequiis Regalibus (Королдук тажыялар жөнүндө) кеңири жазылган Liber Regalis деп аталган манускриптте тактыга олтургузуудагы керектүү кыймыл-аракет, ар кандай жөрөлгөлөрдөн тартып, аларды жерге берүүдөгү өзгөчөлүктөр жазылган.
  • Liber Regie Capelle - акыркы сапарга узатуу зыйнаты жана чиркөөдөгү сыйынуулар тууралуу бөлүм.
  • 1494-жылы Генрих VII башкарып турган учурда түзүлгөн королдун чарбасын жүргүзүү эрежелери.
  • Генрих VII апасы Маргарет Бофорт тарабынан кошулган сунуштар.

Бардык тексттер бир эле маанини туюндурат: көз жумган монахты татыктуу жерге берүү.

Бул жазылгандарда өлгөндөн кийин сөөктү эмне кылыш керектиги, диний сыйынууну кантип өткөрүү, бул азалуу учурда ак сарайдагылардан эмне күтүү керектиги айтылат.

Королдун сөөгү

"Жасаты анын урмат-сый менен жасалсын

Түндөсү табытында баардык кадаасы,

жоокердик сүрү менен жатсын..."

Уильям Шекспир. "Юлий Цезарь", V Акт, 5-сцена.

Сүрөттүн булагы, Wikimedia Commons

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

XV кылымдагы француз трактатынан алынган сүрөт

Англияда көз жумган королдун сөөгүн элге көрсөтүү салты бар эле. Монархты табытка салганда, кийиндирип, баашына таажысын, колуна бийликти туюндурган символун (скипетр) карматып, керек учурда кылчын дагы жанына коюшкан.

Орто кылымдагы белгилер боюнча, сөөктөн жагымдуу жыт чыгып турганы ыйыктык катары эсептелген. Эгерде дене тез эле бузула баштаса, бул маркум кара ниет жашаган дегенди туюндурган.

Философия илимдеринин доктору Анна Датч англис королдорду жерге берүү зыйнатындагы жөрөлгөлөр боюнча кеңири монографиянын автору. Ал король өлгөндөн жерге бергенге чейин канча убакыт өткөнү тууралуу таблица дагы түзгөн.

  • Жон 1216 -жылдын 19-октябрында каза таап, сөөгү беш күн кармалган.
  • Генрих III 1272-жылы 16-ноябрда каза таап, сөөгү 20-ноябрга чейин кармалган.
  • Эдуард I 7 июля 1307-жылы 7-июлда каза тапса, 113 күндөн кийин сөөктү жерге беришкен.
  • Эдуард II 1327-ж. 21-сентябрь. 91 күн
  • Эдуард III 1377-ж. 21-июнда. 15 күн.
  • Ричард II 1400-жыл, 14-февраль. 21 күн.
  • Генрих IV 1413-жыл, 20-март. 21 күн.
  • Генрих V 1422-жыл, 31-август. 69 күн
  • Генрих VI 1471-жыл, 21-май. 4 күн
  • Эдуард IV 1483-жыл, 9-апрель. 12 күн
  • Эдуард V белгисиз
  • Ричард III 1485-жыл, 22-август. 4 күн
  • Эдуард VII 1509-жыл 21-апрель. 21 күн

Көрүнүп тургандай көз жумгандан кийин сөөк бир нече күн кармалган учурлар көп.

Денени чирип кетүүдөн сактоо (бир нече күнгө)

Сүрөттүн булагы, Wikimedia Commons

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жерге берүүнүн алдында эл көрсүн деп коюлган француз королу Филипп IV сөөгү. XV кылымдагы иллюстрация. Англиянын королдору деле болжолу ушундай абалда турган

Ошентип король көз жумду. Мамлекет аза күтүүдө. Жаңы тактыга келген башкаруучунун алдындагы биринчи иши - мурунку монархты жерге берүү.

Салт боюнча маркум элге көрсөтүлүп, табытта турушу керек жана букараларынын алдында жыттанып турбашы керек. Ошондуктан сөөктү бальзамдоо зарыл.

De Exequiis Regalibus эмне кылыш керек тууралуу жалпы көрсөтмөлөрдү берет:

"Алгач сөөктү жылуу суу менен жууп, андан кийин аны бальзам жана атайын чөп-чарлар менен толтур. Жүзү жана сакалы көрүнүп тургандай кылып момго чыланган кездеме менен оро. Колунун ар бир манжасын, анын ичинде башбармагын дагы өз-өзүнчө ороп, мээни жана ичеги-кардын алып сал".

Баса, акыркы көрсөтмөнү баарынан мурун кылыш керек эле. Бирок, автор негедир аны эң аягында көрсөткөн.

Сүрөттүн булагы, Science Museum, London

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бул аспаптарды сөөктү бальзамдоо үчүн XVIII кылымда англис дарыгерлери колдонгон. Орто кылымдагы аналог мындан көп деле айырмаланган эмес

Француз королу Филипптин (Изабелланын атасы, ал болсо Эдуард II нин аялы болгон жана уулу менен ойношунун жардамы аркасында күйөөсүн тактыдан кулаткан) жеке дарыгери Анри де Мондевиль королдун сөөгүн кантип сактоо боюнча иреттүү рецепт сунуштаган:

"Денени, эрекектикин көкүрөктөн баштап, жыныс органдарына чейин , аялды көкүрөгүнүн алдынан баштап, эки жеринен жан жагына чейин кес. Ичеги-кардынын баарын алып салып, мындай аралашма менен кеңири шабап сал: мирра (медицина жана парфюмерияда колдонулуучу өсүмдүктүн жыттуу чайыры), битум чайыры, алое, дене чирибеш үчүн татымалдар жана чөп-чарлар. Ошондой эле жагымсыз жыттарды кетирүү үчүн дагы аралашма - роза майы, фиалка, камфара, сандал дарагы жана мускус. Ага туздан кош, башкалар канча болсо ошончо. Көңдөй жерди бош жер калбагандай кылып жыттуу чөптөр менен толтуруп, кесилген жерди кайра тигип кой".

Сүрөттүн булагы, Franz Eugen Köhler

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ачуу эрмен бальзамдоодо алмашылгыс каражат болгон

Кийин дагы бир француз дарыгери Амбруаз Паре бул жараянды дагы күчөткөн. Королдун сөөгү ачык табытта, көптөгөн шамдар жагылган бөлмөдө, аягы үзүлбөгөн элдин арасында турган. Ошон үчүн бөлмөдө үп болуп, дене бат бузулат.

Паре болсо, көп тепкичтүү жараянды сунуштайт. А дегенде дененин ички органдарын алып салып, алкоголь аралашмасы, ачуу уксус, эрмендин кайнатмасы, ачык алма жана ачуу таш менен жууш керек. Андан кийин көңдөй калган жерди 26 түрдуү жыттуу чөптөрдүн аралашмасы менен толтуруу.

Сүрөттүн булагы, Franz Eugen Köhler

Эң кыйыны маркумдун жүзүн ачык калтыруу болгон. Паре королдун жүзүн скипидар (ийне жалбырактуу жыгачтардын чайырларынан жасалуучу суюктук) менен, роза майы, ромашканын ширеси менен шыбап коюга кеңеш берген. Ошентсе да бул ыкма жүздү ар дайым эле сактай алган эмес.

Мындай жөрөлгөнү аткарууга эч качан карапайым кишилерди киргизишкен эмес. Тарыхчылардын пикиринде, сөөктү епископ, королдун дин кызматкери жууса, бальзамдоону королдун жеке дарыгери аткарган.

Сөөк коюлган жай

Сүрөттүн булагы, Wikimedia Commons

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Вестминстер аббаттыгына биринчи коюлган король Эдуарддын өлүмү

Теориялык жактан алганда, ар бир англис королу көзү тирүүсүндө эле өзүнүн сөөгү коюла турган жайды тандоого мүмкүнчүлүгү болгон. Иш жүзүндө калыптанып калган салтты карманууга туура келген. Ошондуктан алардын сөөгү Вестминстер чиркөөсүндө же Виндзор ак сарайындагы Ыйык Георгийден жай тапкан.

Мындай эреже чет өлкөдөн каза тапкан же тактысынан айрылгандарга, бакша шектүү жагдайларга байланышкан себептерден улам айрымдарына бул жайдан орун табылган эмес.

Англияда королдордун көбү Вестминстер чиркөөсүндө.

Вестминстер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Вестминстер чиркөөсүндөгү табыттар оңдон солго, жогорудан төмөн көздөй: Генрих V жана Елизавета I, Мария Стюарт, Генрих VII жана Елизавета Йоркская, Эдуард III жана Генрих III

Вестминстер аббаттыгында жерге берилгендер:

Эдуард, 1066

Генрих III, 1272

Эдуард I, 1307

Эдуард III, 1377

Ричард II*

Генрих V, 1422

Эдуард V, 1483**

Генрих VII, 1509

Эдуард VI, 1553

Мария I, 1558

Елизавета I, 1603

Яков I, 1625

Карл II, 1685

Мария II, 1694

Уильям III, 1702

Анна, 1714

Георг II, 1760

Көрүнүп тургандай, Вестминстер аббаттыгынан тактыда турганда сый-урматка татыктуу болгондордун тизмесин көрүүгө болот.

Эки гана королдун сөөгү бир аз маселе менен коюлган. Аларды башында башка жайга жерге берип, кийин саясый кысым менен кайра ардактуу жерге алып келишкен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ричард II таажыны Генрих Болингброкко берип жатат

*Ричард II, Генрих Болингброк (король Генрих IV) тарабынан тактыдан кулатылган. Анын сөөгү башында Херефордширге коюлган.

Өзү болсо алыскы түндүктө, Йоркширде Понтефракт сарайында каза тапкан. Аны ачкадан өлтүрүшкөн же кандайдыр бир жол менен өз ажалынан мурун жок кылган деген пикирлер бар.

Анын сөөгүнүн калдыктарын Вестминстер аббаттыгына Генрих IV баласы Генрих V алдырып келген. Кыязы королдун өмүрүнө забын болгон атасынын күнөөсүн жууйун десе керек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Эдуард IV балдары (Эдуард V жанан анын бир тууганы Ричард Шрусбер). Болжолу аларды Ричарда III буйругу менен тымызын өлтүрүшкөн деп айтылат. Деген менен аны Маргарет Бофорттун (болочоктогу король Генрих VII апасы) тапшырмасы менен жок кылган болушу да мүмкүн дегендер бар. Булардын сөөгү дагы Вестминстерде, бирок чын эле алардыкы экенине эч ким кепилдик бере албайт

**Экинчиси болсо, Эдуард V сөөгү. Негизи бул абдан чаржайыт окуя. Чын эле анын сөөгү жатканын эч ким так айта албайт. Эң кеңири тараган кептерде, жашы желе элек, таажы кийгенге жарай элек Эдуард Төртүнчүнүн уулун тымызын түрдө Тауэр Ричард III өлтүргөн деп айтылат. Бул тарыхты кийинкилер Ланкастерлердин (Ричард Йорктордун акыркы королу болгон) пропагандасы катары дагы чечмелеп жүрүшөт.

Кайра сөөгү коюлгандардын арасына Мария Стюартты да кошсо болот. Чынында ал Шотландиянын королевасы болгон. Анын сөөгүн англис тактысын Елизавета Биринчиден мурастап алган уулу алдырган. Балким тарыхый акыйкаттуулук үчүн же тарыхый өч алуу максатында, ал апасынын сөөгүн ага өлүм жазасын берген Елизаветанын жанына коюп койгон.

Виндзор

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Виндзор ак сарайындагы британ жана англис королдорунун көбүнүн сөөгү коюлган Ыйык Георгий

Эгерде Эдуард Вестминстерди куруп, ага анын сөөгү биринчи коюлган болсо, Эдуард IV Виндзордогу Ыйык Георгийди салдырган. Анын сөөгү биринчи болуп ушул жайга коюлган.

Виндзорго дагы урмат-сыйга ээ болгон башкаруучулар коюлган:

Эдуард IV, 1483

Генрих VI*, 1471, 1484-жылы Виндзорго коюлган.

Генрих VIII, 1547

Карл I**, 1649

Георг III, 1820

Георг IV, 1830

Уильям IV, 1837

Эдуард VII, 1910

Георг V, 1936

Георг VI, 1952

Иш жүзүндө Виндзорго королдук үй бүлөнүн көп мүчөсү коюлган. Анын ичнде аялдары, балдары, жакындары, туугандары. Бирок, кеп азыр алар жөнүндө эмес.

*Келгиле, дагы эки жагдайды белгилей кетели. Генрих VI лондондук Тауэрде каза тапкан (аны Эдуард IV өлтүрткөнү айтылат). Башында сөөгү Саррей графдыгында коюлган. Кийин кайра королдук пантеонго алып келинген.

**Карл I нин сөөгүн эч ким кайра койгон эмес. Бирок, башын жана таажысын жоготкон король, жалпы көрүнүштөн бир аз четтеп калат.

Англичандар Францияга бийлик жүргүзгөндө жана тескерисинче

Сүрөттүн булагы, Chatmouettes

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Фонтевро чиркөөсү теги француз болгон королдук династиянын (плантагенет) бир нече өкүлү жай тапкан жер

Саксондук королдордун Англияны норманндар басып алганга чейин чоң көрүстөндөрү болгон эмес. Алардын көбү чынында Англиянын байыркы борборундагы Винчестер соборунда коюлган. Калгандары Гластонбери чиркөөсүндө же урандыга айланган чиркөөлөрдө калды.

Бирок, Вильгельм Биринчинин учурунда кызыктуу тарыхый кырдаал орун алган. Англия тактысында олтурган башкаруучу бир эле учурда Франциянын чоң бөлугүн дагы башкарган.

Мына ошондуктан плантагенеттердин (теги француз болгон королдук династия) көбүнүн сөөгү Ла-Манштын тескери жагында жатат.

Вильгельмдин өзү Франциянын Кан аймагындагы Ыйык Стефана чиркөөсүнө коюлган.

Анын уулу Руфус азыркы Хемпшир аймагында аң уулап жүргөндө өлтүрүлүп, сөөгү Винчестер соборунда.

Генрих I Редингде, Стефан -Кент аймагындагы Фавершемде сөөгү коюлган.

Сүрөттүн булагы, Nono vlf

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Фонтевро чиркөөсүндөгү плантагенеттердин жайы. Алдыңкы планда, Ричард Арстан жүрөк жана аялы Изабелла Ангулемская. Экинчи планда, Генрих жана жубайы Алиенора Аквитанская

Хан сарайдан алыс

Ричарддан кийин дээрлик бардык англис королдорун мамлекетке караштуу жайга коюшкан.

Бирок, шектүү жагдайда көз жумгандарды (негизинен атайын өлтүрүлгөндөр) тез арада жана борбордон алыс аймакта жерге беришкен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Король Жондун мүрзөсү Вустерск соборунда

Мында тизмеде биринчи сапта Жон турат. Чынында ал ич келтеден каза тапкан (айрым тарыхычылар аны ууландырган дешет), бирок өлкөнү жарандык согушка кириптер кылып, Франциядагы ээлигин жоготуп, көтөрүлүшкө чыккан барондорго баш ийип, Эркиндиктин улуу хартиясына (Magna Carta) кол коюга аргасыз болгон. Ошондуктан анын сөөгүнөн тез арада кутулууну чечип, Вустер чиркөөсүнө коюшканы түшүнүктүү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Эдуард II Глостерде жатат

Генрих IV өзүнүн керези менен Кентерберий чиркөөсүнө коюлган. Болгондо дагы азап-тозоктон башы арылбаган Томас Бекеттин жанына коюлган. Ушунусу менен өзүнүн жакын тууганы Ричард Экинчинин өмүрүнө забын кылып, тактыдан кулаткан күнөөсүн жуугусу келген деп айтылат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ричард 3-нүн жолу болбоду. Анын сөөгү бир нече жүз жыл кийин унаа токтотуучу жайга айланган жерден табылды. Ушул жүз жылдыкта гана аны король катары чиркөөгө кайра коюшкан

Ричард III тууралуу бардыгы түшүнүктүү: Йорктордун согуш талаасында өлгөн акыркы королу, аны жеңип алган Ланкастерлер бүт бардык күнөөнү тагышкан. Башында анын сөөгү согуш таласынан алыс эмес жердеги францискандык монастырга коюлган. Бир нече жыл мурун анын сөөгүнүн калдыктары унаа токтотуучу жайдын алдынан табылып, Лестер соборуна салтанаттуу коюлду.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Елизавета II атасы менен апасынын жанына койсун деген керезин айткан

Елизавета II атасы менен апасынын жанына койсун деген керезин айткан. (AbA)

.