Каршылык акциялары эмнени өзгөртөт? Батыш менен Чыгыштагы өзгөчөлүгү

Дүйнө боюнча жүз миңдеген кишилер өзүнүн нааразылыгын билдирүү үчүн көчөгө чыгышат. Айрымдар Венесуэлада электр жарыгы үзгүлтүк менен берилип жатканына нааразы, кээси Ирактагы коррупцияга, үчүнчүлөрү АКШ президентинин Европага сапарына каршы. Айтор, каршылык, нааразылыктын түрдүү себептери бар.

Сүрөттүн автордук укугу Pixabay/Public Domain

"Карышылык көрсөтүү, бул абдан маанилүү. Анткени, ал бизге үмүт берет",- дейт Эллен Роуланд. Ал июлдун ортосунда он миңдеген кишилердеин арасында Лондондогу демонстрацияга кошулгандардын бири. -Маанай абдан позитивдүү эле. Өзүм дагы жаңылануу болоруна ишенип кеттим".

Брюсселде, Лондондо жана Хельсинкиде АКШ лидери Трамптын иш сапарына каршы өткөн демонстрациялар массалык мүнөзгө ээ болду. Демонстранттардын колуна кармаган чакырыктары дагы юморго толуп, бир эсе күлкү да жаратты. Бирок, коомдук сайттарда дүңгүрөп, көпчүлүктүн назарын бурган менен андан жыйынтык чыктыбы?

Батыштагы АКШ президентине каршы акциялар менен Латын Америка, Жакынкы Чыгыштагы демонстрациялардын айырмасы кандай? Айталы, бул жерде көп учурда олуттуу маселе көтөрүлүп, өмүр менен өлүмгө байланышкан оор суроолор коюлат эмеспи.

Сүрөттүн автордук укугу gdeltproject.org
Image caption GDELT долбоору атайын карта түзүп чыккан. Көрүнүп тургандай дүйнөдө дээрлик күн сайын демонстрациялар өтүп турат.

Бул суроону көптөр өзүнө берет. Өзгөчө ушул аптаптуу жайды дүйнөдө каршылык жүрүштөрү коштоп турбадыбы.

2003-жылы кышында Иракка аскер жөнөтпөө талабы менен Лондондун көчөлөрүнө миллионго чукул киши чыккан. "Согушту токтоткула" деген чакырык алдында өткөн демонстрация Британия тарыхындагы эң ири жүрүш болуп калды. Ушул сыяктуу эле жүрүштөр 60ка жакын өлкөдө өттү.

"Ал учурда биз баарыбыз биргеликте окуянын жүрүшүн өзгөртө алабыз деп ойлогом",-дейт митингдин алдыңкы сабында жүргөн Кармен Гарсия. Ошол учурда ал 27 гана жашта эле, "Менин атымдан эмес" деген жазуусу бар плакатты көтөрүп жүргөн.

Сүрөттүн автордук укугу Rosey Taylor
Image caption Брюсселде, Лондондо жана Хельсинкиде АКШ лидери Трамптын иш сапарына каршы өткөн демонстрациялар массалык мүнөзгө ээ болду.

"Элдин күчү канчалык экенин ошондо сезип, толкундангамын",-деп эскерет.

Деген менен массалык демонстрациялар, коомдук каршылыктарга карабастан, бир нече аптадан кийин АКШ менен Улуу Британия өкмөтү Ирак менен согушка кирди.

Демонстрацияларга скептикалык көз караш менен карагандар үчүн, бул жыйынтыгы жок, маанисиз дегенге мисал болуп берди.

Методологиядагы көйгөлөр

Бирок, батыш өлкөлөрүндө митингдер эч кандай тыянакка алып келбейт дегенге баары эле макул эмес.

Манчестер университетинин саясат таануу кафедрасынын доценти Ольга Онучтун пикиринде, каршылык - элдин өзгөрүү жана жаңылануу талап кылууга укугу бар экенин эске салып турат.

"Айталы, каршылык жүрүшүнө чыкканда баары эле Трамптын учагы артка кайрылып, үйүнө кайра кетип калбасын жакшы билишти да. Каршылык көрсөтүүнүн башкы максаты - бизге эмне болуп жатканы баарыбир эмес, ага каршыбыз, биз ошон үчүн каршылык кылып жатабыз дегенди жеткирүү",-деп түшүндүрдү окумуштуу.

Айрымдар Трамптын иш сапарына каршы жүрүштөрдү 1963-жылы АКШда өткөн Вьетнамдагы согушка каршы митингдерге салыштырды.

"Бул духту көтөрөт. Кишилерге өздөрүн маанилүү жана чоң нерсенин бир бөлүгү экенин сездирет",-дейт демонстрацияны уюштуруучулардын бири, каршылык кыймылдары боюнча бир нече китептин автору Л.А.Кауффман.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Катуу кыйкырыктар, көптөгөн карикатуралар. Бирок, жыйынтык гана?

Гарвард жана Стокгольм университеттеринин иликтөөлөрү көрсөткөндөй, демонстрация жана каршылык кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү алып келбесе дагы, кишилердин жашоосунда, саясий активдүүлүгүн ойготууда өтө маанилүү.

Анын жыйынтыгы бир нече убакыттан кийин болушу мүмкүн деп болжойт Лондондогу Жогорку эконоика мектебинин профессору Дэвид Гребер:

"Биз азыр кишилер жыйынтыкты минуталар ичинде эле болот деп күткөн доордо жашап жатабыз. Эгерде эртеси күнү эч кандай тыянак көрбөсөк, бүт баары кыйраган экен деп түшүнөбүз. Албетте, бул туура эмес".

География

Сүрөттүн автордук укугу Inti Ocon / Getty Images
Image caption Никарагуада бир нече айдан бери президент Даниэл Ортегиге каршы митингдерде 300гө жакын демонстрант каза тапты.

Европадагыдай уюшулган, тынч маанайдагы каршылык жүрүштөрүнөн айырмаланып, дүйнөнүн айрым жерлериндеги нааразылык акциялары кан төгүүгө алып келген учурлар бар.

Маселен, Никарагуада бир нече айдан бери президент Даниэл Ортегиге каршы митингдерде 300гө жакын демонстрант каза тапты. Иракта коррпуцияга каршы жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурап жатканына наарызы болгон жүрүштөрдө дагы бир нече адам өлтүрүлдү.

Демонстрациялар Венесуэлада, Орусияда өтүүдө. Бирок, булардын баары Европадагыдан кескин айырмаланат дейт Ольга Онуч.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

"Көп учурда кеп жарандардын базалык укугунун бузулушу туралуу болот. Кишилердин үмүтү үзүлүп, өз өмүрүн тобокелге салган учурлар Батыш өлкөлөрүндө сейрек көрүнүш".

Каршылык жүрүштөрү дагы өзүнчө чоң курал. Ошондуктан анын максаты эмне экени да маанилүү дейт Л.А.Кауффман.

Коомдук сайттардагы активисттер

Ар кандай эле нааразылык жүрүштөрүн уюштургандар үчүн коомдук сайттар чоң жардам берүүдө. Жүрүштүн максатын элге таратууда коомдук сайттардын ролу чоң. Идея же маалыматты таратуу үчүн "Фейсбук" менен "Твиттерге" дароо эле чыгарып жибере аласың.

Сүрөттүн автордук укугу NurPhoto / Getty Images

Жыйынтыгында коомдук сайттар ар башка максаттагы кишилерди бир жерге бириктирип койгон мисалдар бар.

Кээде коомдук сайттар колдонуучуга плакат менен көчөгө чыгуу кайрымдуу иш сыяктуудай маанайды жаратып койот. Ошол эле учурда биримдик, элдин күчү, эл менен болуу деген сезимдерди ойготот. (AbA)