Алтайлык аялдардын алкоголизмге каршы күрөшү

Алтайдагы эки айылда эркектерди алкоголизмден сактап калуу үчүн аялдар арак-шарапка согуш жарыялаганына отуз жылдын жүзү болду. Айылда жыйын өткөрүшүп, алкоголсуз аймакты түзүшкөн. Азыр бул мода башка аймактарга дагы жайылууда.

Женщины в алтайской одежде Сүрөттүн автордук укугу Kirill Kukhmar/TASS/Getty Images

2017-жылы орус кыштактарындагы арактан уулануу ар бир 100 өлүмдүн он экисинин себеби болгон. Мындай кырылуудан сактанууга көп учурда жергиликтүүлөр өздөрү аракет кылышат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, миңге чукул айыл-кыштакта тургундар дүкөндөрдө алкоголь сатууга тыюу салган.

Спирт ичимдиктерин сатуудан баш тартуу боюнча лидер - Якутия. Бул жерде 182 айыл өздөрүн алкоголсуз аймак катары жарыялаган.

Мындай аймактар Татарстанда он бешке чукул, Тывада алты чакан кыштак бар. Бирок, бул эксперимент ишке ашпай калган аймактар дагы катталган.

Кантсе дагы бул идеянын башаты Алтай республикасынын аймагындагы айылдардан чыккан.

Алтайдын борбору, аймактагы жападан жалгыз шаар болгон Тоолуу-Алтайдан 200 чакырым аралыкта Боочи жана Кулада айылдары жайгашкан. Бул айылдарда 700гө чукул киши жашайт. Тегерегинде бир нече турбазалар иштейт. Айыл алтайлыктар үчүн ыйык саналган Каракол өрөөнүндө жайгашып, National Geographic журналы Жер шарындагы эң кооз он жолдун бири катары тапкан Чүй жолунун оң ыптасында.

Чике-Таман ашуусу жана Чүй жолу, Алтай республикасынын Онгудай району. Сүрөттүн автордук укугу Kirill Kukhmar/TASS/Getty Images
Image caption Чике-Таман ашуусу жана Чүй жолу, Алтай республикасынын Онгудай району.

Туристтер жергиликтүү дүкөндөргө кирсе, бир дагы спирт ичимдигин таба албайт. 1985-жылдан тарта бул аймакта алкоголь сатканга тыюу салынган. Муну сырттан келгендерге "аймактын ыйыктыгына байланыштуу же ишенимден улам" деп түшүндүрүшөт. Чынында айылдагы аялдардын эле колунан келген иш болгон.

"Ал мезгилде бизде чыныгы жарандык коом эле, баары абдан активдүү болчу",-деп эскерет айыл башчысы Валентина Паянтинова.

Бул айыл өткөн кылымдын 80-жылдары эле алкоголго биринчи тыюу салган. Аны азырга чейин бекем кармап келе жатышат.

Валентина Паянтинова
Image caption Валентина Паянтинова үйлөнүү тойлору арак-шарапсыз өтсүн дегенге катуу туруп, максатына жеткен.

Валентина 19 жашында куладалык киномеханикке турмушка чыккан. Эки уулу бар, айылдагы мектепте мугалим болуп иштеген. 1980-жылы аны "активдүүлүгү үчүн" айылдык кеңештин төрайымы кылып шайлашат.

"Мен айылдагы аракка жакын бүлөлөрдүн баары менен сүйлөшүп, үйлөрүнө чейин барчумун. Кимде ким клубка мас келсе, тургузуп алып уяткарат элем. Буга аялдар кеңешин дагы тарттым. Биз атайын нөөмөткө туруп, көзү ачылбай ичкендерге жолдоштук сотторду уюштурганбыз",-деп эскерет.

Уптар айылындагы арак-шарапсыз өткөн той. 1985-жылдын, 10-декабры. Сүрөттүн автордук укугу Vitaly Danilchenko/TASS
Image caption Уптар айылындагы арак-шарапсыз өткөн той. 1985-жылдын, 10-декабры.

"Мындай чечимди эл кабыл алды. Агымга каршы ким сүзө алат. Кабыл алабыз дегенде баары макул болду".

Адатта мындай айылдык жыйындарда жалпыга тиешелүү көп эле маселе көтөрүлүп, чечим кабыл алынат эмеспи. Айталы, жайлоого малдарды чыгаруу, жолбун иттерди атуу сыяктуу көйгөйлөр.

Орусиянын башка аймактарындагы айылдарда дагы ушундай элдик жыйындар аркылуу алкоголго тыюу салуу маселеси каралып келүүдө.

Бресттеги арак-шарапсыз өткөн той, 1985-жылдын 31-октябры. Сүрөттүн автордук укугу Eduard Kobyak/TASS
Image caption Бресттеги арак-шарапсыз өткөн той, 1985-жылдын 31-октябры.

Чынында Боочи менен Куладада интеллигенция буга нааразы болуп, каршылыгын айткан. Каршы чыккандардын бири - азыркы Алтайга белгилүү акын жана жазуучу Бронтой Бедюров болгон экен. Ал учурда жаш калемгер катары тааныла баштаган.

"Эмне деген авантюрист аял! Үйлөнүү тоюнда кантип арак ичкенге болбосун!",-деп жазуучунун айтканын Валентина азыр бизге сөзмө-сөз айтып берип жатканы.

Андан 33 жыл өткөндөн кийин, 2018-жылдын жайында жазуучу Би-би-синин суроолоруна жооп берип жатып, "ошондон бери айтканын аткарып келе жаткан жердештери менен сыймыктанарын" айтты.

Бронтой Бедюров, 1991-жыл. Сүрөттүн автордук укугу Valentin Cheredintsev/TASS
Image caption Бронтой Бедюров, 1991-жыл.

Жыйынтыгында 1985-жылдын июнь айында Кулада менен Боочи кыштагындагы алты түгөйдүн үлпөтүндө мас аттуу болгон эмес. Жаштар алтайлык каада-салт менен никесин тойлоп, үстөлдө бир бөтөлкө дагы араксыз эле шаңдуу олтурушкан.

Тоолуу-Алтай облусунун драмтеатрынын артисттери. Сүрөттүн автордук укугу Viktor Sadchikov/TASS
Image caption Тоолуу-Алтай облусунун драмтеатрынын артисттери.

Айылдык кеңештин төрайымына кийин ИИМ алтын саат белек кылган. Облустук Аткаруу комитети кызыл түстүү "Москвич" бериптир.

Ошентип ички каршылыктарга карабастан айылдагылар сергек жашоо аймагын жарата алышкан. Атайын ичкичтерге каршы комиссия түзүп, аксакалдарды, согуш ардагерлерин дагы бул жумушка тартышкан. Ичип алгандар болсо айып пул салып, аны элге салып жатып төлөтүшкөн.

Улуттук ат оюндарынын катышуучулары. Сүрөттүн автордук укугу Kirill Kukhmar/TASS/Getty Images
Image caption Улуттук ат оюндарынын катышуучулары.

Албетте, бул СССР учуру эле. Үч жолку эскертүүгө карабай мас боло бергендерди атайын дарылоочу мекемелерге жөнөтүшкөн.

Советтер союзу урагандан кийин айылдагылардын көбү жумушсуз калды. Ичимдик кайра ичиле баштаган. 1986-жылы Валентина райондун борборуна которулуп кетип, кийин гана айылына кайтып келет.

Карта

"Абдан катуу ичишип, карыз болуп калышкандар бар экен. Чабандар койлорун жоготконго жеткен. Үйүндө балдары ачка олтурушканына карабай, колундагысын сатып аракка жумшагандар болду. Аялдарды кайра чогултуп, мурдагыдай абалга келүүбүз керек дедим. Анда мен он жыл жумушсуз олтуруп калган учурум эле. Орусияда болсо башаламандык өкүм сүрүп турган. 2000-жылы өзүм дагы кетүүнү каалап жаттым. Анткени менин "кургак мыйзамым" баарынын кокосуна жетти, өзүмдүн колумда жумушум болбосо",-деп эскерет Валентина.

Ошентип Паянтинова Тоолуу-Алтайга келип өкмөттүн аппаратында пенсияга чейин иштеген. Кулада айылына үй салганы келет. Ошондо кайра эле дүкөндөрдө арак-шарап шыкалып, жердештери өкүртө ичип жатканын көрөт.

Жители республики Алтай Сүрөттүн автордук укугу Kirill Kukhmar/TASS/Getty Images

Кайра мурунку салтты улантууга аялдар билек түрө киришкен. Чынында 2009-жылы тыюу салуу өтпөй калган. Эркектер өздөрү келип, "келгиле эрежени кайра киргизели",-деп кайрылган дейт айыл тургуну Боочей Мерген.

"Күндө эле ичкенге шылтоо табылып, болбой калган эле",-деп күлдү Мерген.

2013-жылы Паянтинованы кайра айыл башчылыкка шайлап алышты. Бул ирет Паянтинова жана анын пикирлештери аракка тыюу салганга юридикалык негиздеме таап чыгышты.

Орус өкмөтүнүн токтомуна ылайык, балдар бакчасы жана мектеп турган жерден 700 метр аралыкта гана спирт ичимдиктери сатылышы керек. Кулада жана Боочи айылдарындагы дүкөндөр мектепке жакын болчу. Бирок, үчүнчү дүкөн алыс жерде эле. Аны болсо аялдар терезесин талкалап, таш бараңга алабыз деп опузалап жүрүп, арак-шарапты алдырып салышкан.

Чынында айылда арак сатпай калса эле кишилер ичпей калбайт экен. Май айында Боочи айылынын тургуну мас болуп келип, уулун өлөрчө сабап салган. Коңшу айылдар сыяктуу эле мындай жаман кабарлар он эсе көп болмок, айылдагылардын аракка каршы аракетинин чоң эле пайдасы тийди деп, жергиликтүү эл тооба кылып олтурат.

Боочи айылы.
Image caption Боочи айылы.

"Ичкиликсиз Алтай" коомдук кыймылы ичимдик ичпей кудалашууга үндөп келе жатат. Бирок, аларга улуу муундагылар каршы.

"Эки жаш ушундай кылалы деген каалоосун айткан күндө дагы, улуулар адаттагыдай эле кылабыз дешет",-дейт кыймылдын негиздөөчүсү, юрист Аделла Калкина.

Кызга кудалап баруу ичкиликсиз өтпөй койбойт. Ачуу басарга бир жашик арак жана кызыл шарап көтөрүп баруу салтка айланып калган. Күйөөлөп барган тарап кыздын айылына арак жана белек-бечкек бериши керек.

"Биздин коом ушунчалык программаланып калганын мындан билиңиз, айдоочулук күбөлүк алса да, балалуу болсо, кимдир бирөө өлсө да арак ичет".

"Алтайлыктардын акчага мамилеси өзгөчө. Анткени алардын ишкерликке, соодага шыгы жок. Ал тургай көптөр токойдон кыйылган кедр дарагын же сүт саткандарды көрүп калса, Алтайдын касиетин сатып жатат деп сөз кылышат",-деп айтып берди Калкина. - Ошондуктан кишилердин жалгыз гана киреше булагы эптеп мамлекеттик ишканага жумушка орношуп алуу. Жумуш баарына эле табыла бербейт. Ийгиликсиз болуп калганда арак ичишет. Биз мамлекеттин айлыгын эле карап олтура бербей, өз алдынча дагы жумуш кылса болоорун көрсөткүбүз келет. Эгер алар соо болгон болсо, демек анда кандайдыр бир иш менен алектенсе болот".

Жительницы Кош-Агачского района республики Алтай Сүрөттүн автордук укугу Kirill Kukhmar/TASS/Getty Images

Социологдордун айтымында, орусиялыктар таптакыр ичпеген кишилерге тескери мамиледе.

"Биздин өлкөдө 12 миллион катуу ичкен кишилер бар. 7 миллиону такыр эле оозго албайт. Ал эми калгандары ар кандай деңгээлде сеп этип коюшат. Бирок такыр ичпеген кишилерге негедир мамиле тескери. Аларды башы ордунда эместей карашат. Ичкендерге болсо боору ооруп, аларды актаган мамиле бар",-дейт "Циркон" деп аталган иликтөө тобунун жетекчиси Игорь Задорин.

Алар "Ичкиликсиз аймактар: айыл-кыштактарда алкоголь ичимдиктерин колдонуу жана таратууга каршы жамааттык чечимдердин тажрыйбасы" деген аталыштагы изилдөөсүн өткөрүп, президенттин грантын утуп алышкан. Эми алар бул практиканы чакан шаарларга кантип алып келүү боюнча иш алып барышууда.

Задориндин айтымында, мындай ичкиликсиз аймактардын болушу кишилердин укугун чектебейт. Тескерсинче, чектелүү аймактагы социалдык норма. Дүйнөдө мындай норма түндүк элдеринде кеңири жайылган. Аляскада жашаган эскимостордун 80 пайызы ушундай ичкиликсиз аймактарда жашайт. Бул сыяктуу айылдар Канада жана Гренландияда бар.

Муну менен генетиктер өткөн кылымдын 80-жылдары эле түндүк элдеринин генине алкоголь сиңип калган деген мифти жокко чыгарып, алкоголизм "социалдык чөйрөдө жатат" деген тыянак чыгарышкан.

Каракол өрөөнү
Image caption Каракол өрөөнү

Ичкиликсиз аймактарды түзүүгө орточо алганда, үч жылдан беш жылга чейинки убакыт керек. Кеп андан кийин кабыл алынган эрежени бекем кармап кетүү.

Алтайдын Кош-Агач районундагы хоккей турнири. Сүрөттүн автордук укугу Kirill Kukhmar/TASS/Getty Images
Image caption Алтайдын Кош-Агач районундагы хоккей турнири.

Алкоголдун ордун алмаштырган бир эрмек болушу керек. Мисалы, Сахада скандинавиялык жүрүш спорту аябай модага айланды. Данилов шаарында болсо ар бир үйдөн хоккей ойношот.

Орусияда көз жумган ар бир бешинчи киши жумушка жарамдуу куракта. Өлүмдүн негизги себеби, аракка уулануу.

Орусиялык коомдук пикирди сурамжылоо борборунун соңку иликтөөсү боюнча, 40% ашуун орусиялыктардын жакындары же тааныштарынын арасында алкоголиктер бар.

2017-жылы "Сергек жашоодогу айыл" наамын Свердлов облусундагы Кленовское айылы утуп алды. Байгеге келген акчага мектепке спорттук шаймандарды сатып алышкан. Сүрөттүн автордук укугу Donat Sorokin/TASS
Image caption 2017-жылы "Сергек жашоодогу айыл" наамын Свердлов облусундагы Кленовское айылы утуп алды. Байгеге келген акчага мектепке спорттук шаймандарды сатып алышкан.

Эки айдан кийин Валентина Паянтинова Кулады жана Боочи айылдарынын жетекчилигинен кетип, пенсияга чыгат. Жашыл туризм менен алектенсем деп пландап жатат. Ордуна жардамчы болуп иштеген 33 жаштагы келинди даярдап жатат. Эгер эл колдосо, ал айыл башчылыгына келет. Бул кыз өткөн кылымдын 80-жылдары арак-шарапсыз той өткөргөн бүлөнүн тун кызы.

Валентина Паянтинова небереси менен
Image caption Валентина Паянтинова небереси менен

Макала айрым кыскартуулар менен сунушталды. (AbA)

Тектеш темалар