Планетаны сактап калуу: колдон келген алты кадам

Bishkek airишкектеги абага жылына 240 миң тонна булганыч заттар тарап жатат, анын 180 миң тоннасын унаалар бөлүп чыгарат

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бишкектеги абага жылына 240 миң тонна булганыч заттар тарап жатат, анын 180 миң тоннасын унаалар бөлүп чыгарат

Кылымдар бою чоң жана чакан шаарлар булганган аба менен алпурушуп келет.

Мисалы, 1950-жылдары Лондондо көмүр көп жагылгандыктан шаарды кара түтүн каптап, миңдегендер каза тапкан.

Тургундар дем алган абаны тазалоо максатында бир катар иштер аткарылганы менен Британиянын борбор калаасы Европадагы абасы эң кир шаар катары саналат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Лондон Европадагы абасы эң кир шаар катары саналат

Булганган аба Бишкек жана Ош шаары үчүн дагы чоң маселе экени калетсиз. Ѳкмөт алдындагы айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин маалыматына караганда, Бишкектеги абага жылына 240 миң тонна булганыч заттар тарап жатат, анын 180 миң тоннасын унаалар бөлүп чыгарат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, булганган аба шаарлардагы калктын саламаттыгынын начаралашынын негизги себептеринин бири. Уюм жылына жер жүзүндө 7 миллиондой киши абанын булганышынан көз жумат деп белгилеген.

Көйгөй шаарларда курч бойдон калганы менен, айылдардагы аба көптөр ойлогондой таза эмес, абал кескин начарлоодо дейт уюмдун эксперттери.

Кыргызстаныктар дем алып жаткан абанын сапатын кантип жакшырта алат?

Би-Би-Си сиз жашаган аймактагы жашоо шартты жакшыртуу үчүн бир катар жөнөкөй кеңештерди сунуштайт.

1. Унааңызды үйгө калтырыңыз

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Мектепке же ишке жетүү үчүн унаадан башка жолдорду колдонуңуз

Унааңызды үйүңүздө калтырып, абага зыяндуу заттардын чыгуусун азайтса болот. Эске сала кетели, Бишкекте абаны булгаган зыяндуу заттардын 90 пайызын унаалар чыгарып жатат.

Лондон шаарынын мэри тургундарды коомдук транспорттор менен велосипед колдонуп, үч чакырымга чейин жөө басууга чакырды. Бишкек жана Ош шаарында дагы бул сунушту колдонсо болот.

Андан тышкары Лондондун борборунда жүргөн унааларга "Зыяндуу зат" төлөмдөрү дагы ишке кирди. Ага ылайык, 2006-жылы чыгарылган унаалар Лондон шаарынын борборуна келсе, он фунт төлөйт.

2. Унааңыз канча зыяндуу заттарды абага чыгарып жатат?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Унааңыз канча зыяндуу заттарды чыгарып жатат билесизби?

Унаа сатып алаарда же аны текшерүүдөн өткөрүүдө канча зыяндуу заттарды абага чыгарып жаканын текшериңиз.

Унааңыз канчалык аз зат бөлүп чыгарса, айлана-чөйрөгө ошончолук жакшы болот.

Улуу Британияда дизелдик автоунааларды сатуу дээрлик 40 пайызга төмөндөдү. Бийлик 2040-жылга карата дизелдик автоунааларга жана кичи автобустарга тыюу салынарын билдирди.

Дизель моторлуу авто унааларды сатуунун дүйнөлүк көрсөткүчү 2016-жылга салыштырганда, 2017-жылы 17 пайызга түшүп кеткен. Буга дизель менен жүргөн унаалардын экологиялык зыяны көп деген кептердин кеңири тараганы себеп болгон.

Кыргызстанда болсо бештен төмөнкү экологиялык класстагы күйүүчү майларды колдонгон автоунаалардан аябай зыян болуп жатканы айтылууда. Эксперттик изилдөөгө караганда, төмөнкү экологиялык класстагы күйүүчү майлардан химиялык күкүрт көп чыгат. Анын кесепетинен дем алуу органдар бара-бара ракка чалдыгышы мүмкүн экен.

Өлкөдө 2019-жылдан тартып бештен төмөнкү экологиялык класстагы автомобиль бензиндерин жана дизель майларын сатууга чыгарууга жана пайдаланууга тыюу салуу жагы дагы каралып жатат.

Демек, унааңыз канча зыяндуу зат чыгарып жатканын текшериңиз. Ошондой эле газ бензинге караганда он эсе таза күйөөрүн дагы эске алыңыз.

3. Электр кубаты менен жүргөн унаага өтүңүз

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Учурда АКШдагы Калифорния штатынын көчөлөрүндө 340 миң электр унаалары жүрөт

Электр кубаты менен жүргөн унаага өтсөңүз болот.

Электр кубаты менен жүргөн унааларды көбөйтүү дүйнөдөгү көп өлкөлөрдүн алдындагы максат. Көп унаа чыгарган компаниялар дагы бул жаатта атаандаштык менен иштеп келе жатышат.

Абанын булганышына каршы иш-чаралардын негизинде, Улуу Британия менен Франция 2040-жылга барып күйүүчү май менен жүргөн унааларды колдонуудан чыгарууга аракет кылууда.

Ушундай эле кадамга Кытай дагы бара жатат.

Көп өлкөлөр дизель жана бензин менен жүргөн унааларга тыюу салуу планын жарыялашкандан кийин BMW, VW, Mercedes жана башка унаа өндүрүүчүлөр приоритеттерин өзгөртүүдө.

Кыргызстандын айрым парламентарийлери электр унааларын көбөйтүүнү сунуштап жатат.

"Абанын булганып жатканы көйгөй болуп жатпайбы. Элди электр кубаты менен жүргөн унааларды алууга кызыктыруу керек. Дүйнө жүзү боюнча ушуга умтулуп жатышат...Мамлекет сөзсүз ушуга элди кызыктырып, керек болсо жеңилдетилген насыяларды берүү керек. Бул эми калктын саламаттыгына тиешелүү маселе болгондуктан, буга чоң маани берилиши керек", -деди КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев.

Электр унаа толугу менен энергиясын алгандан кийин 160 чакырымга чейин жүрөт экен. Калганына дагы 2,5-3 сааттын ичинде кайра электр кубатын алат.

Мындай унаалар Орусия, Казакстанда көбөйүп жатат.

Айтылган мамлекеттерде ушундай үлгүдөгү унааларга электр кубатын толуктап бере турган жайлар ачылган. Андай атайын жай бизде дагы ачылса, 2-3 саат электр кубатын толтуруп олтурбай, 10-15 мүнөттүн ичинде толуктап алып андан ары сапарды улантса болот.

Биринчиден, чыгымдар абдан аз болот, экинчиден абага зыяны тийбейт. Анткени электр унааларында эч кандай май жок.

4. Жолдон бирөөнү ала кетиңиз

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жылдыздар менен бир унаада жүргүңүз келеби?

Абага бөлүнгөн зындуу заттарды азайтуу үчүн көп мамлекеттерде саякатка же ишке чыкканда бир багытка бара жаткан бейтааныш киши болсо деле, ала кетишет.

Технология жаатында иш кылган компаниялар аны жеңилдеткен программаларды дагы сунуштайт. Мисалы, уюлдук телефон аркылуу алдын ала багытыңызды жазып, жолго чыккан башка тургундар менен унааны бөлүшүп, ага кеткен чыгымдарды дагы чогуу төлөсө болот.

Бул саякаттоонун же ишке баруунун арзан жана таза жолу болуп саналат.

Кошуна жана кесиптештериңиз менен алдын ала сүйлөшүп алып, аларды жолдон таштай кетсеңиз болот. Чыгым азайат, бир багытка эки унаанын оордуна, бирөө баргандыктан зыяндуу заттар аз бөлүнөт жана жолдо сүйлөшүп барууга дагы киши болот.

5. Жашыл технологияны колдонуңуз

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Электр энергиясын өзүңүз иштеп чыксаңыз болот

Үйүңүздүн чатырына күндүн кубатын колдонгон панелдерди орнотуу тууралуу ойлонулуп көрдүңүз беле?

Аны ортонуу үчүн бир жолку төлөм келечекте электр энергиясы үчүн сарпталган акчаңызды үнөмдөйт.

Ал аз келгенсип, көбүрөк электр кубатын өндүрсөңүз, аны сатып дагы салсаңыз болот.

6. Энергияны туура пайдалануу

Дүйнө жүзүндө электр энергия үчүн төлөмдөр өсүп жатат.

Улуу Британияда он жыл мурункуга салыштырганда электр энергия үчүн төлөм орточо эсеп менен алганда эки эсеге өстү.

Чыгашаларды көзөмөлдөөнүн натыйжалуу ыкмасы - "акылдуу эсептегичтерди" орнотуу. Бул жабдыктар санариптик жол менен так көрсөткүчтү жеткирет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жабдыктарыңызды күтүү режиминде калтырсаңыз, бир жылдык төлөм 30 долларга чейин чыгышы ыктымал

Бирок акчаңызды үнөмдөө үчүн башка дагы сунуштар бар.

Мисалы, колдонбой турган жабдыктарыңызды күтүү режиминде койбой, токтон сууруп салыңыз. Телевизор жана башка жабдыктарыңызды күтүү режиминде калтырсаңыз, бир жылдык төлөм 30 долларга чейин чыгышы ыктымал.

Андыктан аларды өчүрүп салып, акчаңызды жана планетаны сактап калыңыз. (AT)

Бул макаланы Би-Би-Синин You and Yours радио программасы даярдады.