Жакарта: дүйнөдөгү эң тез чөгүп жаткан шаар

GIF for Jakarta sinking story.

10 миллион калкы бар Индонезиянын борбору Жакарта, дүйнөдөгү эң тез чөгүп жаткан шаарлардын бири. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, мындай тездик менен кете бере турган болсо, анда 2050-жылга барып чоң шаардын бир канча бөлүгү суу астында калышы мүмкүн. Шаарды сактап калууга кеч болуп калдыбы?

Жакарта саздын үстүндө курулган. Калаа Жава деңизинин жээгинде жайгашкан жана ал аркылуу 13 дарыя агып өтөт. Ошондуктан Жакартадагы суу ташкындар таң калычтуу деле көрүнүш эмес. Бирок адистер абал кескин начарлап жатканын белгилешүүдө. Себеби кеп суу ташкын жөнүндө болгон жок, чоң шаардын чөгүп баратканы тууралу болуп жатат.

Picture of the fishing boats in North Jakarta.
Image caption Акыркы 10 жылда эле Жакартанын түндүк аймагы 2,5 метрге чөккөн

"Жакартанын сууга чөгүп баратканы олуттуу маселе," - деп билдирет аталган шаардын айланасындагы суунун деңгээлин көтөрүлүп жатканын 20 жылдан бери изилдеп келе жаткан Хери Андреас Бандунгдун технология институтунун изилдөөчүсү).

"Эгер биз изилдөөбүзгө таяна турган болсок, анда 2050-жылга карата түндүк Жакартанын 95 пайызы суу алдында калат", -дейт ал.

Picture of a dike in North Jakarta.
Image caption Жакартанын айланасындагы суунун деңгээлин 20 жылдан бери изилдеп келе жаткан Хери Андреас

Учурда мындай көрүнүш уланууда - акыркы 10 жылда эле Жакартанын түндүк аймагы 2,5 метрге чөккөн. Шаардын деңизге жакын айрым аймактары эки эсе тез чөгүп, жылына 25 сантиметр жер суу алдында калууда.

Орточо эсеп менен алганда Жакарта жылына 1-15 сантиметрге чейин чөгүп жатат. Учурда шаардын дээрлик жарымы деңиз деңгээлинен төмөн жайгашкан.

Picture of a sunken building.
Image caption Шаардын деңизше жакын айрым аймактары эки эсе тез чөгүп, жылына 25 сантиметр жер суу алдында калууда

Курч абал өзгөчө Жакартанын түндүгүндө байкалат.

Муара Бару аймагында кеңселер кароосуз калган. Убагында алар балыкчылардын ишканасы болсо, бүгүн экинчи кабаты гана жарактуу.

Picture of a flooded ground floor of the abandoned building.
Image caption Суу көтөрүлгөн сайын, имаратты сактап калуу аракетинен майнап деле чыкпайт

Имараттын биринчи кабаты сууга толгон. Айланасы бийик болгондуктан суу сыртка агып да чыга албайт. Тургандар суу алдында калган имараттарды чанда гана таштап кетишет. Негизинен имаратты кайра оңдоп-түзөөгө аракеттенет. Бирок суу көтөрүлгөн сайын, имаратты сактап калуу аракетинен майнап деле чыкпайт.

Фортуна Софиянын үйү деңиз жээгинде жайгашкан. Ал үйүнүн чөгүп жатканы байкалбаганы менен алты ай сайын дубалдарында жана пайдубалында жаракалар пайда болгонун айтат.

Fortuna
Image caption Фортуна бул аймакта төрт жылдын аралыгында бир нече жолу суу ташкыны болгонун айтты

"Биз улам оңдоп турабыз. Усталар жер жылып, жаракалар пайда болуп жатканын айтышууда", - дейт София.

Бул аймакта төрт жылдын аралыгында бир нече жолу суу ташкыны болгон. "Деңизден келген суу бассейнди толук жаап калат. Ошондуктан болгон эмеректерибизди экинчи кабатка алып чыгууга туура келет".

presentational white space

Жакартанын башка аймактары да акырындап суу алдында калып жатат. Батыш тарабында жер жылына 15 сантиметрге чөксө, чыгышта он сантиметр, борбордук бөлүгүндө эки сантиметр жана түштүк тарапта бир сантиметр чөгүүдө.

Глобалдык жылуулануудан улам деңиз деңгээли көтөрүлүүдө. Абанын температурасы ысыгандыктан улам мөңгүлөр ээрип, суунун деңгээли дагы көтөрүлүүдө. Жакартанын тездик менен чөгүп жатышы адистерди тынчсыздантууда.

Ошондой эле Жакартанын тездик менен чөгүп жатышына жер астындагы ичүүчү сууларды ашыкча колдонуу дагы себеп болууда.

Жер алдындагы суулар туур эмес пайдаланып, аны ашыкча колдогондо сордурулган суу боштук жаратып, жер чөгүп жатат.

Picture of a water pump. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Жакарталыктардын көбү таза сууну жердин алдынан сордуруп алышат

Катардагы тургундардан баштап, ири ишкерлерге чейин жер астынан суу сордурганына байланыштуу абал курчуду.

"Ар бир тургундан баштап өндүрүүчүлөргө чейин жер астындагы сууну пайдаланууга уруксат берилет", - деп билдирет Хэри Андреас. Маселе алардын көрсөтүлгөн нормадан ашыкча алганында.

Picture of skyscrapers in Central Jakarta Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Жергиликтүү бийлик мыйзамсыз суу сордуруу көйгөйү бар экенин жакында эле мойнуна алды

Жашоочулардын айтымында, бийлик сууга болгон муктаждыкты чечип бере албагандыктан башка жол жок. Адистер Жакартанын 40 пайызы гана суу менен камсыз болгонун белгилешет.

Жакартанын борборунда Хендрини аттуу ишкер бар. Ал ижарага батирлерди берет. Ишке батирлерине 10 жылдан бери сууну жер алдынан сордуруп жеткирет. Шаардын тургундарынын көбү Хендри сыяктуу ыкманы колдонуп, суу алышат.

"Өкмөт таза суу менен камсыз кылат деп ишенгенден көрө өзүбүздүн эле корообуздагы сууну иштеткен жакшы. Батирлерге көп суу сарпталат."

Aerial picture of Jakarta's giant sea wall Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Деңиздин деңгээли көтөрүлгөндүктөн атайын дубал дагы курулган

Жергиликтүү бийлик мыйзамсыз суу сордуруу көйгөйү бар экенин жакында эле мойнуна алды.

Май айында Жакарта шаарынын бийлиги Жалан Тхамрин көчөсүндөгү 80 үйдү текшеришкен. Аталган көчөдө бийик имараттар, ири соода түйүндөрү жана мейманканалар жайгашкан. Текшерүү учурунда 56 имараттын өзүндө жер астынан суу сордурган түтүктөрү бар экендиги жана 33дө мыйзамсыз суу сордурулары аныкталды.

Picture of the unfinished construction of the sea wall Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Деңиз дубалы курулууда

Жакартанын губернатору Аниес Басведандын айтымында, сордурулган сууну өлчөө үчүн ар бир колдонуучуда уруксат кагазы болушу зарыл.

Жер алдындагы сууну кайра толтуруу ыкмалар бар, бирок ал абдан кымбат. Токио элүү жыл мурун жер чөгүп жаткандыктан, айтылган технологияны ойлоп чыккан. Ошондой эле Жапон өкмөтү жер алдындагы сууну пайдаланууга чектөөлөрдү киргизген. Бул кадамдан кийин абал оңолгон.

Picture of the Citarum river filled with rubbish Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Адистер дарыя, суу сактагычтарды тазалап чыгууга он жыл мөөнөт керек экенин айтышууда

Бирок Жакарта бул ыкманы колдонгусу келсе, биринчи кезекте тургундарга таза сууну башка жол менен жеткириши зарыл. Адистер дарыя, суу сактагычтарды тазалап чыгууга он жыл мөөнөт керек экенин айтышууда.

Joko Widodo Сүрөттүн автордук укугу Biro Pers Setpres
Image caption Өлкөнүн президенти Жакартанын дарыяларын тазалоо көп жылга созулган иш экенин билдирген

Жакарталыктар болсо шаар суу алдында калышы мүмкүн экенин кабыл алышкандай. "Бул жерде жашоо коркунучтуу. Тобокелчиликти тургундар кабыл алышкан", -дейт Фортуна София. (AT)

Макаланы даярдагандар: Том де Соуза, Арвин Сурприяди, Дэйвиз Сурая жана Лебен Аса.