Шимпанзелер менен саясат ортосундагы беш окшоштук

Адамдар менен приматтардын саясат ааламында таң калычтуу окшоштуктар бар.

Приматтардын жүрүм-турум адаттарын изилдеген окумуштуу профессор Жеймс Тилли шимпанзелердин кээ бир уюштуруу жана топтошуу принциптерин адамдар да үйрөнүп алышы керек деген пикирде.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

1. Досторду өзүңө жакын карма, ал эми душмандарды андан жакын

Шимпанзелердин саясаты - өзгөрмөлүү альянстардын түйүнү.

Лидерликке чыгуу үчүн достордон жүз буруп кетүүгө жана душмандарга кучак жайганга даяр болуу керек. Шимпанзелердин мамилелери көпчүлүк учурда достуктун эмес ынгайлуулуктун аркасынан курулат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

2. Биримдик түзүп жатканда күчтүүлөрдү эмес, алсыздарды танда

Шимпанзелер адатта "жеңүүгө үмүтсүз коалицияларды" түзүшөт. Себеби, алсыз жаныбардын күчтүү бир жаныбар менен биригүүсүнө караганда эки алсыз жаныбар биригип бир күчтүү жаныбарга кол салуусу жакшыраак деп эсептешет.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Мындай жүрүм-турум адамдар үчүн да маанилүү: күчтүү бирөө менен достошууга аракет жумшаганга караганда, күчсүз адамдарга тапшырма берүү жеңилирээк.

3. Сенден коркуп турса жакшы, ал эми сени сүйүп турушса андан да жакшы

Шимпанзелердин үйүр башчысы күчкө салып, коркутуп башкарса да болот. Бирок, мындай бийлик көпкө созулбайт. Ийгиликтүү үйүр башчы болуу үчүн өзүнүн тарапташтарынын жана үйүрдүн башка мүчөлөрүнүн колдоосуна арзышы керек. Ийгиликтин ачкычы- күч менен жумшактыкты туура айкалыштыра билүү.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Шимпанзе - өзүн күзгүдөн тааныган сейрек айбанаттардын бири.

4. Сени сүйүп турса жакшы, бирок тартууларды берип турсаң андан да жакшы

Ресурстарды туура жана үнөмдүү пайдаланып жана аларды башкалардын колдоосуна ээ болуу үчүн жумшаган лидер бийликте көпкө кармалат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кишилер сыяктуу эле шимпанзелер бири-бири менен көп баарлашып, андан канааттануу алышат.

Би-Би-Синин In Analysis: Primate Politics радиопрограммасында приматтардын саясаты, аңчылык кылып чогултулган эттерди үйүрүндөгүлөр менен бөлүшүп 12 жыл бою башкарып келген үйүр башчысы жөнүндө баян кылышкан.

5. Тышкы коркунучтар үйүрдүн биригүүсүнө жол ачат (эгер коркунуч анык болсо)

Сырттан келген коркунуч менен күрөшүүдө приматтар биригишет жана ички чыр-чатактарды унутушат.

Глобалдуу, күтүүсүз окуяларды (2001-жыл, 11-сентябрдагы окуя) эсептебегенде, бул эреженин адамдар арасында да иштөөсүн күбөлөндүрүүчү окуялар өтө аз.

Тектеш темалар