Эмнеге тытынып тырманасың? Сен билбеген 12 факты

Женщина Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Котур жана тырмана берүү жөнүндө илимий изилдөөлөр аз. Бирок медицинанын көп изилденбеген бул тармагы адамдын мээси тууралуу кызыктуу фактыларды ачып берет.

Биз желкеңизди тырмоого мажбурлай турган 12 фактыны чогулттук.

1. Сиз бир күндө болжол менен 97 жолу тырманасыз

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Изилдөөлөргө ылайык, ар кимибиздин болжолдуу түрдө күнүнө 100 жолу бир жерлерибиз кычышат. Балким азыр да сиздин бир жериңиз кычышып жатса керек. Тырмай бериңиз, эч ким байкабайт.

2. Кычышууну жаныбарлар жана өсүмдүктөрдөн денеге жуккан токсиндер пайда кылат

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Токсиндер денеден гистамин чыгарат, ал болсо организмдин иммундук каршылык көрсөтүүнүн бир бөлүгү. Жыйынтыгында нерв клеткалар мээге "кычышуу" сигналын берет. Мисал катары, медуза менен жолуккандай.

3. Тырмануунун өзүнүн нерв системасы бар

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Котур жана оору бир эле нерв клеткалары менен жүрөт деп көп жылдар эсептелип келген. Бирок 1997-жылы күтүлбөгөн ачылыш болуп, котурга өзүнчө башка нерв жипчелери жооп бере турганы далилденген.

4. Бир жериңиз кычышканы тууралуу сигнал абдан жай жетет

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Нерв жипчелеринин ар кандай ылдамдыктары бар:

  • Эгер чоочун бир нерсе тийип кетсе, 321 км/саат ылдамдык менен
  • "денеңиз ооруп кетсе" (мисалы, ысык мешке тийип алсаңыз), 128 км/саат
  • Тырмануу каалоосу 3,2 км/саат ылдамдык менен келет, бул жөө баскандан да жайыраак

5. Тырмануу жугуштуу

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Окумуштуулар муну далилдешти. Тобу менен турган чычканга башка чычкандардын кашынып жаткан видеосун көрсөтүшкөн. Аны көргөн берики чычкандар да тырмана башташкан.

6. Жугуштуу кычышуу үчүн супрахиазматикалык ядро жооп берет

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Нейбирологдор "супрахизматикалык ядро" деп аталган мээнин кичинекей бөлүгү кантип денедеги тырманууну башкарат жана кандайча кычышууга катышат деп таң калууда.

7. Курт-кумурка же өсүмдүктөр денеңизди дүүлүктүрүп кычыштырса, аны тырмап коюу эң жакшы ыкма болуп эсептелет

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Бул сизди тажаткан курт-кумурскалардан же өсүмдүктөрдөн куткарат. Ошондой эле кан тамырларды кеңейтип, лейкоцит жана плазмага токсиндерди жок кылганга жардам берет. Ошондуктан тери кызарып жана уйпалангансып калат.

8. Тырмоо жагымдуу, анткени жыйынтыгында мээ серотонин бөлүп чыгарат

Серотонин - бул окумуштуулар белгилегендей, ийгилик жана бактылуулук сезимдерин алып жүргөн нейротрансмиттер. Серотонин организмде канчалык көп айланып жүрсө, ошончолук өзүңүздү бактылуу сезесиз. Кээде канчалык тырмасаңыз деле кычышканы басылбайт, ал таң калыштуу деле эмес.

9. Кызыл ашык тырмоо үчүн эң сонун жер...

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

2012-жылы тери дарыгерлери кызыл ашыкты тырмоо эң жагымдуу деп айтканын британиялык журнал жазып чыккан. Кычышуу кызыл ашыкта көбүрөөк сезилээрин жана тырмаганда көбүрөөк рахат берип, узак убакытка чейин сакталып тураарын далилдешкен. Британдык окумуштуулардын айткандары чынбы же калппы деп, сиз азыр кызыл ашгыңызды тырмап көрдүңүзбү? Ачыгын айтыңыз.

10. Канчалык көп тырмансаңыз, ошончолук көп кычышат

Сиз денеңизди тырмаганда, канга гистамин жетип, мээге ошончолук көп дуулдаган сигналдар жетет.

11. Кээ бир кычышуу тери оорусу бар адамдар үчүн коркунучтуу

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Экзема, псориаз жана башка тери оорулары менен жабыркагандар үчүн дененин дуулдаганын азайтуу максатында, гистаминге каршы дары-дармектерди сунушташат.

12. Өнөкөт кычышуу бул өнөкөт оорулар сыяктуу

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Окумуштуулардын баамында, ар дайым денеси кычышкан адам өнөкөт тери оорулары менен жабыркагандар сыяктуу эле ыңгайсыз болуп, депрессия болушат.

Archives of Dermatology журналына жарыяланган иликтөөгө карасак, жумалап, айлап же жылдап тырмана берген адам өнөкөт оорусу бардай эле өзүн жаман сезет. Иликтөөнүн авторлорунун айтымында, такай кычышуу өнөкөт тери оорусу сыяктуу эле. Эгерде такай тырмана берсеңиз, кош көңүл болбой, дарыгерге кайрылыңыз. Кычышуунун боор же жүлүн оорулары сыяктуу көп дарттар менен байланышы бар. (KJ/ErA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар