Мьянмада “Фейсбук” мусулмандарга карата жек көрүндү мамилени күчөткөн

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет Бангладеш бийлигине кайрылып, эки миңге жакын рохинжа мусулмандарын Мьянмага жөнөтпөй турууну өтүндү. БУУ өкүлүнүн айтымында, артка жөнөтүлгөн качкындардын өмүрү Мьянмада коркунучка кептелиши ыктымал. Бангладеш менен Мьянма бейшемби күндөн тарта качкындарды артка жөнөтүүгө макулдашкан.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 700 миңдей рохинжалар коңшулаш Бангладешке качып өтүштү.

Мьянмадагы кейиштүү окуялардан кийин 700 миңдей рохинжа мусулмандары коңшулаш Бангладешке качып өткөн.

Бул жаңылыкты уккан рохинжа мусулмандары тынчсызданып, "Кокс Базар" качкындар лагеринде толкундоолор дагы болду.

Би-Би-Си "Жалган жаңылыктардан арылуу" өнөктүгүнүн алкагында "фейк" жаңылыктар эмне себептен тез тарап жатканын, анын кесепетин жана медиа сабаттуулук тууралуу кеңири маалыматтарды сунуштайт.

Мьянмадагы рохинжа мусулмандарына каршы тополоң жалган жаңылыктар үчүн өөрчүп кеткени дагы айтылууда.

Бир нече себептерден улам "Фейсбук" коомдук сайты бирма тилиндеги жек көрүүнү, кайраштыруунy күчөткөн билдирүүлөрдү ошол учурда дароо өчүрүп салууга мүкүнчүлүгү чектелүү болгону ачыкка чыкты.

Эми эл аралык уюмдар түздөн түз эле коомдук сайтты мусулман-рохинжаларга карата жек көрүндү мамилени жаратып, жыйынтыгында Мьянмадан качууга аргасыз кылды деп айыптап жатышат.

"Коркконум, "Фейсбук" желмогузга айланып калды. Башында компаниянын өзү деле муну каалаган эмес эле",-деди БУУнун Мьянмадагы атайын докладчысы Янги Ли.

Facebook компаниясы мындай ийгиликсиз жагдайды моюнга алып, маселени чечүү жолдорун издеп жатат.

Бирок анын ачык, бирдиктүү коом түзүү кыялы Түштүк Азиядагы өлкөдө кантип урап калды?

...ошентип "Фейсбук" келди

"Азыр баары эле интернет колдонот", -дейт Synergy уюмунун директору Тет Свей Вин. Бул уюмдун негизги максаты Мьянмадагы түрдүү этникалык топтордун мамилесин жуурулуштуруу болуп саналат.

Мындан беш жыл мурун эле өлкөдө абал башкача болгон. Аскердик бийлик өкүм сүрүп турган 20 жыл ичинде сырткы таасир дагы азыраак эле. Укук коргоочу Аун Сан Су Чжи Мьянманын де-факто лидери болгондон кийин өлкөдө көп нерсе өзгөрдү.

Өкмөт бизнести либералдаштырып баштады. Анын ичинде телекоммуникация тармагын дагы.

Би-би-синин алдындагы кайрымдуулук фонддун өкүлү Элизабет Марнстын пикиринде, өзгөрүүлөр өзүнүн ылдамдыгы менен таң калтырды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Мьянмада "Фейсбук" көптөр үчүн интернетке синоним болуп калды.

"SIM-карта болжолу 200 доллар эле,-дейт Марнс. - 2013-жылы бийлик эл аралык телекоммуникация компанияларына рынокту ачкандан кийин, SIM-карталардын баасы 2 долларга чейин түштү".

Мьянмада "Фейсбук" көптөр үчүн интернетке синоним болуп калды. Кишилер анчейин кымбат болбогон чөнтөк телефондорду жана арзан сим карталарды массалык түрдө сатып ала баштады. Бирмалыктарга бир эле шилтеме керек болду - "Фейсбук".

Эмне үчүн? Иштин баары - Google жана башка ири интернет-порталдарда бирма ариби жок эле. Ал эми "Фейсбукта" башынан эле мындай көйгөй жаралган эмес.

"Интернетке байланышы бар смартфондорду сатып алган бирмалыктар дароо эле "Фейсбук" шилтемесин көчүртүп алып, дүкөндөн чыгышчу",- деп белгилейт Марнс.

Тет Свей Виндин пикиринде, санариптик технологиялар тууралуу түшүнүгү жок өлкөнүн тургундарында дезинформацияга жана интернет колдонуу коопсуздугуна болгон иммунитет жок эле.

Этникалык кагылышуу

50 млн калктын болжолу 18 миллиону "Фейсбуктун" туруктуу колдонуучулары.

Бирок бул Мьянмага дүйнөнүн эшигин ачкан коомдук сайт жана телекоммуникациялык компаниялар өлкөдөгү этникалык жана конфессиялык татаал кырдаалды эсепке алган эмес.

Маселен, мусулман-рохинжалар бирма жарандыгына ээ эмес. Будданын башкаруучу классынын өкүлдөрү атайын эле аларды бенгалдыктар деп аташат.

Өткөн жылдагы өлкөнүн түндүк-батышындагы Ракхайн штатында өткөн аскердик операцияны өкмөт согушкерлерге каршы күрөш катары түшүндүргөн.

Мунун арты менен 700 миңге чукул киши коңшулаш Бангладешке качты. БУУнун маалыматында, бул дүйнөдөгү өтө тездик менен өскөн кризис.

БУУнун докладында Ракхайндагы окуялар үчүн бирмалык армиянын генералдары адамзатка каршы кылмыш кылганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек деп айтылган.

Бирок Мьянманын өкмөтү айыптоолорду четке кагып келет.

"Facebook курал сыяктуу"

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Этникалык чыңалуу менен коомдук сайттардын айкалышуусунун арты чоң жарылууга алып келди.

Тет Свей Вин өзү көргөн рохинжаларга карата зомбулукка үндөгөн чакырыктардан үрөйү учканын айтат.

Август айында "Рейтер" иликтөө жүргүзүп, рохинжаларга карата жек көрүү мамилесин өөрчүткөн билдирүү, комментарий, ал тургай порнороликтердин миңден ашуунун таап чыккан.

"Чынын айтканда, мен бир нече жүз сүрөттөрдү тапсак керек деп ойлогом",-дейт бул тема боюнча бирмалык кесиптештери менен бирге иш алып барган "Рейтер" кабарчысы Стив Стеклоу.

Стеклоунун айтымында, материалдардын айрымдары үрөй учура турган катаал эле.

"Ал материалдарды электрондук почта аркылуу Facebook компаниясына жөнөтүп жатканда, өчүрүп салуу керек эле деп белгилеп, бул өтө тынчсыздандырган материалдар экенин жаздым".

Кызматкерлердин жетишсиздиги

"Рейтер" агенттиги жыйнаган мисалдар ачык эле "Фейсбуктун" эрежелерине каршы келет. Бул билдирүүлөрдүн баары иликтөөдөн кийин өчүрүлгөн. Деген менен Би-би-си андан бери да ушундай контенттерди тапты.

Эмне үчүн коомдук сайттар душмандашууга алып келген чакырыктарга колдонулуп жатканын өздөрү дароо түшүнгөн эмес?

Марнс, Стеклоу жана башкалардын пикиринде, негизги себептердин бири компания айрым сөздөрдү чечмелөөдөн кыйынчылыктарга кабылганында.

Маселен, конкреттүү расисттик мазактаган сөздөрдүн бири "калар", өтө тескери дагы, башка дагы мааниге ээ экен.

2017-жылы корпорация бул терминди өчүрүп салуу керек деген орой лексикалардын катарына киргизген. Кийин мунун эки мааниси бар экенин эске алып, кайра чечимин өзгөрттү.

Ошондой эле программалык камсыздоо дагы чабал болгон. Айталы, Мьянмадагы мобилдик телефондордун колдонуучулары мазактаган шилтемелердин үстүнөн компанияга даттануу жөнөтө алган эмес.

Мындан дагы чоң маселе - бирма тилин билген модератордун жоктугу.

"Рейтер" маалыматына ылайык, 2014-жылы компаниянын бул боюнча бир эле кызматкери болгон. Бир жылдан кийин төрт кызматкер алышкан. Азыркы учурда компанияда 60 модератор бар. Жыл соңуна чейин алардын саны 100гө жетиши керек.

Кабатырланткан коңгуроо

Бирмалык сегменттин "Фейсбуктагы" кескин өсүүсү байкалгандан кийин, компания колдонуучулардан "платформа рохинжа мусулмандарына карата жек көрүүнү жаратып жатканы" тууралуу бир нече эскертүүлөрдү алган.

2013-жылы австралиялык режиссер жана бир нече документалдык тасмалардын автору Эла Кэллан Facebook топ-менеджерлери менен жолугушууда бул маселени көтөргөн.

Кийинки жылы докторант Мэтт Шисслер дагы компаниянын кызматкерлери менен сүйлөшкөндөн кийин, бир нече билдирүүлөр өчүрүлгөн.

Ал эми 2015-жылы ишкер Дэвид Мэдден Facebook штаб-квартирасы жайгашкан Калифорнияга атайын келип, Мьянмадагы жек көрүндү мамиле тууралуу жетечилигине кайрылган.

"Аларды көп жолу эскертишкен. Бирок алар зарыл болгон кадамдарга барган эмес",-деген Мэдден Рейтерге берген маегинде.

Аккаунттардын өчүрүлүшү

Facebook Би-би-синин өтүнүчүнө жооп берген жок. Бирок өткөн жылы компания зарыл болгон чараларды көрдү.

Сүрөттүн автордук укугу Facebook screengrab
Image caption Радикалдуу буддист монахтарына дагы "Фейсбукта" тыюу салынган.

Августта коомдук сайт бирмалык чиновниктердин аккаунтун өчүрдү. Ошондой эле "Инстаграмда" бирөө өчүрүлдү.

Бөгөт коюлган баракчага 12 миллион киши катталган экен. Январда радикалдуу буддист монахы-исламофоб Ашин Виратхунун баракчасы өчүрүлгөн.

Facebook компаниясынын жетекчилиги коомдук сайттын бирма секторундагы дезинформация жана жек көрүү, кайраштыруу чакырыктары өтө эле жай иштин ыргагы менен тазаланганын өздөрү дагы моюнга алган.

Платформадагы жек көрүү, кайраштыруу темасы сентябрь башында кайрадан күн тартибине чыкты. Бул корпорациянын башкы аткаруучу директору Шерил Сандберг АКШ сенатына чакырылганда болгон.

Шэрил Сэндберг "Фейсбук" кайраштыруу, жаатташтыруу, жек көрүндү мамиле жараткан билдирүү, шилтемелерге каршы иштеп жатат деп ишендирүүдө.

Апрелде конгрессте Facebook негиздөөчүсү Марк Цукерберг кайрылуу жасаганда дагы, андан Мьянмадагы окуялар тууралуу сурашкан. Цукерберг болсо компания бирмалык модераторлорду жумушка алгандан сырткары, жергиликтүү интернет активисттер менен иштешип, "кайраштырган" чакырыктарга каршы күрөшүп жатышканын айткан.

Сүрөттүн автордук укугу Drew Angerer
Image caption Шэрил Сэндберг "Фейсбук" кайраштыруу, жаатташтыруу, жек көрүндү мамиле жараткан билдирүү, шилтемелерге каршы иштеп жатат деп ишендирүүдө.

Элизабет Марнс "Фейсбукка" байланыштуу Мьянмадагы көйгөй кеңири маселелердин бир бөлүгү гана деп эсептейт.

"Биз азыр коомдук сайттардагы контент кишилердин реалдуу жашоосуна түз таасирин тийгизип жаткан дүйнөдө жашап жатабыз. Бул кишилердин кандай добуш бергенине дагы таасирин тийгизет. Кишилердин бири-бирине карата мамилесине, алар өздөрүн кандай алып жүрөрүнөн өйдө таасирин тийгизет. Мунун өзү зомбулук жана жаңжалдарды жаратышы дагы мүмкүн",-деди ал.

"Технологияны колдонуунун кесепеттерин сөзсүз эске алуу зарылдыгын, ошондой эле түрдүү өлкөлөрдөгү коомдук сайттарда эмне болуп жатканын түшүнүү керектигин эл аралык коомчулук азыр аңдап турат". (AbA)

Тектеш темалар