Жаңы иликтөө: Булганыч аба өмүрдү кыскартууда
Жаңы жүргүзүлгөн изилдөөнүн тыянактарында, булганыч аба жашоо узактыгын орточо эсеп менен алганда жыйырма айга кыскарта турганы айтылды.
Сүрөттүн булагы, Ankit Srinivas
Баяндамада булганыч аба "безгек же жол кырсыгына салыштырганда көбүрөк адамдын өмүрүн алат" деп белгиленген.
The State of Global Air study же Булганыч аба боюнча глобалдык изилдөө 2017-жылы дүйнө жүзүндө кеминде беш миллион адам булганыч абага байланышы бар илдеттерден көз жумганын ырастайт.
Дүйнө боюнча булганыч абадан эң көп жабыркаган - Түштүк Азия чөлкөмүндө жашагандар.
2017-жылы Индияда 1,2 миллион адам булганыч абаны дем алганы үчүн ар түрдүү илдеттерге кабылып, каза тапкан. Кытайда дагы көрсөткүчтөр жакшы эмес. Бээжин мындай абалды жакшыртууга аракеттенип келет.
"Булганган аба акырындап бизди өлтүрүп жатат"
Индиядагы абал тууралуу айтып берели.
"Менин көздөрүм ачышып, демим кыстыгат. Бирок ага карабай велосипеддин педалын тегертип, жумушумду уланта берем. Денем болсо, "токто, Делинин булганган абасынан качып кет" дегенсийт. Үй-бүлөмдү багуу үчүн башка аргам жок, иштешим керек. Башка кайдан жумуш тапмак элем? Көчө - биздин үйүбүз",-деди рикшалардын бири Санжей Кумар.
Ал Делиге мындан беш жыл мурун Бихар штатынан келген. Жумуш таба албай коюп, ушул жумушту аркалап калды. Рикша сүйрөп иштеп, аз болсо дагы үйүнө каржат жөнөтүүнү көздөгөн. Башында ижарага бөлмө алып жашап көрдү. Бирок тапканынан эч нерсе артпагандан кийин көчөдө эле жашап, иштөөнү туура көргөн.
"Мен жакшы жерде жатып, жакшы тамактанганды кыялданам. Бирок бул жакында болбойт окшойт. Эми жок эле дегенде таза абадан дем алсам болот эле. Кышында мындайга да жетпейбиз. Сиз үйүңүздө ырахаттанып олтурушуңуз мүмкүн. Мен болсо, бардык учурда көчөдөмүн",-деди ал.
Жыл сайын ноябрь жана декабардан баштап шаардын абасы кескин булганат. Коңшулаш штаттардагы фермерлер эгин талааларын тазалоо үчүн аңыздарды өрттөп башташат. Буга унаадан чыккан түтүндөр кошул-ташыл болуп, анан калса ноябрдагы Дивали фестивалында тургундар фейерверктерди асманга атканы да кошумча.
Сүрөттүн булагы, Ankit Srinivas
Абанын булганышы кышында айрым райондордо коопсуз деген чекти 30 эсеге ашып түшөт.
Делиде миңдеген рикшалар иштейт. Алардын үйү - вокзалдар жана метро станциялары. Кышында аба өтө булганган учурда биринчи коркунучка ушул - рикшалар кептелишет.
Рикшалар жүргүнчү ташып жүргөндө өпкөсүнө күч келет. Ал эми булганган аба менен дем алганы маселени андан бетер оордоштурат. PM2.5 деген ат менен белгилүү болгон уулуу заттар өпкөгө жана кан айлануу системасына кирет.
Индиянын Жогорку Соту жакында эле рикшалардын абалына көңүл бурду. Сот өкмөттүн жабык имараттардан чыкпоо туралуу сунуштамасы маселени чечпейт деп айтты.
Рикшалар арасында жөтөлүп, деми кыстыкканын айткандар көп. Кээ бир станциялар аба ушунчалык булгангандыктан түтүндүн арасында жүргөндөй болосуң. Күйүктүн жыты дем кыстыктырат. Туман сыяктуу каптап турган коюу түтүндөн жол көрүнбөйт. Бирок көчөдө рикшалар ары-бери кыймылдап, жүк ташып жүрүшөт.
Жай Чанд Жадхав жети жыл мурун Батыш Бенгалиядан Делиге келген. Ал жумушун бир саатка дагы токтопойт.
Сүрөттүн булагы, Ankit Srinivas
Жай Чанд Жадхав таңкы алтыдан түн жарымга чейин иштейт.
"Күнүгө орточо 300 рупий (4 доллар) иштеп табам. Анын бир бөлүгүнө тамак-аш сатып алам. Калганын чогултуп, үйдөгү аялым жана балдарыма салып жиберем. Дем алуум кыйындаса дагы иштешим керек, анткени үй-бүлөм мени карап олтурат",-деди Жай Чанд Жадхав.
Сүрөттүн булагы, Ankit Srinivas
Сүрөттүн булагы, Ankit Srinivas
Биз сүйлөшүп турганда, тегерегибизге башка рикшалар дагы чогулуп калды. Баары эле булганган абага даттанышты. Рикшалардын бири Химасуддин:
"Биздин транспорттун түрү экологияга зыяны жок, эң таза эсептелет. Бирок тагдырдын тамашасын караңыз, булганган абадан жабыркаган дагы биз. Бийлик кур дегенде бизге убактылуу турак берсе болот эле. Булганган аба акырындап бизди өлтүрүп жатат. Бизге болсо, жарык дүйнөдө жок сыяктуу эле мамиле кылашат",-деди ызага муунуп.
Сүрөттүн булагы, Ankit Srinivas
Анын ызааланганын түшүнсө болот. Борбордук жана федералдык бийлик аба өтө булганган мезгилде "сыртка чыкпагыла" деп гана кеңеш берүү менен чектелет. Албетте, бул чара рикшалардын маселесин чечпейт. (AbA)
***