Жапайы аборигендер америкалык миссионерди өлтүрүп кетишти

Андаман аралдарындагы Бенгал кысыгында жергиликтүүлөр америкалык жаранга кол салышкан. Болжолу америкалык христиан динаятчысы болгон жана миссионерлик кылып жүргөнү айтылды.

Сүрөттүн автордук укугу Indian coastguard/Survival International
Image caption Сентинелдиктер ар дайым "чоочун кишилерди" душмандык менен тосуп алышкан

Аны Түндүк Сентинел аралына жеткирип барган балыкчылар, "жергиликтүү аборигендер аны жаа менен атып өлтүрүп, жээке таштап кетти" деп айтып келишкен.

Эми сөөктү алып кетиш дагы оңойго турбайт. Анткени аралдын жашоочулары сырткы дүйнө менен карым-катнашсыз жана өз аймагына кирем дегендерге өтө агрессивдүү мамиле кылат.

Формалдуу түрдө Түндүк Сентинел аралына Индия ээлик кылат. Бирок бул өлкөнүн бийлиги аралдагылардын жашоо-турмушуна эч кандай кийгилишпейт.

Жергиликтүү ММКлар жазгандай, кол салууга кабылган Алабама штатынын 27 жаштагы тургуну Жон Аллен Чо христиандык үгүт менен Андаман аралдарында буга чейин бир нече ирет болуп келген.

"Чо буга чейин балыкчылардын жардамы менен Түндүк Сентенел аралына кеминде төрт-беш жолу барып келгенин полиция ырастап жатат",-деди Би-би-сиге архипелагдагы окуяларга башынан байкоо салып жүргөн журналист Субир Бхаумик.

Маркум америкалык миссионер "Инстаграмга" койгон акыркы сүрөтүнүн алдына: "Кызыктын баары алдыда" деп жазган экен.

Айрым маалыматтарга караганда, Жон Чо 14-ноябрда аралга жетүүгө аракет кылган. Бирок аракети майнапсыз болуп калып, эки күндөн кийин кайра жолго камынат.

"Анын денесине бир нече жебе сайылган. Ал жээкти көздөй жетүүгө аракет кылып, жебе сайылып жатканда дагы жыгылбай басып келе берген. Кайык менен жеткирип барган балыкчылар мунун баарын көрүп турушуптур. Аборигендер аны аркан менен сүйрөп жөнөшкөндө гана балыкчылар коркконунан кайыгын артка айдап качышкан",-деп айтып берди жергиликтүү тургундардын бири.

Image caption 2005-жылы аборигендер аралга келе жаткан балыкчылардын алдын тосуп чыгып, жээкке түшкөнгө мүмкүнчүлүк берген эмес

Индиянын бийлиги башкалардын баруусуна тыюу салган. Ал тургай аралга баруу мыйзам боюнча кылмыш деп саналат. Аралдагылар толук изоляцияда болгондуктан, дүйнөдө жайылган инфекцияларга иммунитети жок. Сырттан баргандар оору жугузса, кырылып калышы мүмкүн.

2017-жылы Индия бийлиги Андаман аралдарындагы аборигендер менен сүрөткө же видеого түшкөндөр үч жылга абакка кесилиши мүмкүн деген токтом чыгарган.

Полиция америкалык жаранды аралга жеткиргени үчүн бир нече балыкчыны камакка алды. Ар түрдүү булактардан алынган маалымат боюнча, аралда сырт дүйнөдөн жана цивилизациядан алыс жашаган кишилер саны 150дөй бар.

Тик учакты жаа менен аткандар

Гита Пандей, Би-би-си, Дели

Сентинелдеги аборигендер тууралуу биринчи жолу 2004-жылы Инд океанындагы цунами кырсыгынан кийин уктум. Анда басма сөз жыйынында бийлик өкүлдөрү "аралдагылар эч кандай жабыр тарткан жок" деп кабарлашкан. Индиянын Аба-деңиз күчтөрүнө таандык тик учак менен Түндүк Сентинел аралынын үстүнөн учуп, жергиликтүү тургундардын абалын байкоого алышкан.

Тик учак төмөн көздөй жакындаганда, жаанын жебелери келип тийген. Учкучтун айтымында, ошондо эле жергиликтүүлөр аман-эсен экен деген чечимге келишкен.

Сүрөттүн автордук укугу Survival International
Image caption Түндүк Сентинел аралы

Окумуштуулардын эсебинде, аралдын жашоочуларынын ата-бабалары мындан 60 миң жыл илгери Африкадан жер оодаргандардын биринчи толкуну менен келген.

Бул уруунун эли болжолу Манхэттен аймагындай жерге ээлик кылат. Бирок көп жагдайды биз билбейбиз. Аларды сыртынан гана байкоого алууга мүмкүн.

Глобалдык уюумдар, маселен Лондондо жайгашкан urvival International Андаман аралдарындагы аборигендерди сактап калуу боюнча иш алып барат.

Бул уюмдун директору Стивен Корри соңку окуяны трагедия деп атап, аны алдын алууга болот эле деди.

"Аборигендер "бизди жайыбызга койгула" деген каалоосун бир нече ирет билдирген. Алар өз алдынча болгусу келет экен. Алардын каалоосун дагы сыйлаш керек",-деди ал.

"Британдык колониалдык башкаруу Андаман аралдарындагы аборигендердин тукум-курут болушуна алып келди. Алар эми бир ууч эле калышкан. Ошондуктан аборигендердин бөтөн кишилерден чочулап, коркконун түшүнсө болот".

Андамандык аборигендердин эки уруусу - Жарава жана сентенелчилер негизинен аңчылык кылышат. Сырткы дүйнө менен кандай гана байланыш болбосун, алардын инвекциялык ооруларды жугузуп алуу коркунучу өтө күчтүү. Сентенелчилердин өзгөчө аялуу жери ушул - алар толук изоляцияда болгондуктан дүйнөдө жайылган инфекцияларга айталы, грипп же кызамыкка иммунитети жок. (AbA)

Тектеш темалар