Өзбекстанда диктатура имиджин өзгөртүүдө: туристтерге кызыктуу өлкө боло алабы?

Бул өлкөгө келүүгө Максим экөөбүз ойлонбостон туруп макул болдук. Анткени соңку он жылда Би-би-Си кабарчылары Өзбекстанга караганда, Түндүк Кореяда көбүрөөк репортаж жасады окшойт. Азыр эми бул өлкөдө өзгөрүүлөр болуп жаткандай.

Самарканд, Регистан аянты

"Биз келгенге чейин эле баарына эскертип коюшса керек"

Ташкент аба майданындагы паспорт текшерүүчү жайдан эле бизди ондогон телекамералар тосуп алды.

Жергиликтүү репортерлор оозуңа микрофонун такап: "Өзбекстан массалык туризмдин жаңы багыты боло алабы?",-деп суроо жолдоп жатышты.

Мен суроодон буйтап кеттим. Операторубуз Максим экөөбүз Өзбекстанга расмий чакырылган британ журналисттеринин тобуна кошулуп барганбыз. Өзбекстандын кооз жайларын шашпай көрүүгө, меймандостугун, тарыхын жана маданиятын даңазалаган жайларына барууга алдыда биздин алты күнүбүз бар эле.

Бухарадагы Калян мечитинин мунарасы
Image caption Бухарадагы Калян мечитинин мунарасы

Бул өлкөгө келүүгө Максим экөөбүз ойлонбостон туруп макул болдук. Анткени соңку он жылда Би-би-Си кабарчылары Өзбекстанга караганда, Түндүк Кореяда көбүрөөк репортаж жасады окшойт. Азыр эми бул өлкөдө өзгөрүүлөр болуп жаткандай.

"Ташкентке куш келиңиздер. Кандай суроо болсо да бериңиздер. Бирок, албетте, чагымчыл суроолорду эмес".

Хммм, мен бир аз ашыгып кеткен окшойм? Журналисттер бири-бирин тиктеп калышты...

Мага сылык-сыпаа түшүндүрүшкөндөй, биздин тапшырма - Өзбекстандын туристтик потенциалы тууралуу айтып берүү экен.

Жибек жолу кимге пайдалуу

Бухарадагы сувернирлер

Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин бийликке келген азыркы президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстанды ачык өлкөгө айланткысы келет. Бул тууралуу ал өзүнүн кайрылууларында белгилеп жатат. Ооба, өлкөнүн туристтик өтө чоң потенциалы бар.

Расмий статистикага таянсак, өткөн жылы Өзбекстанга 2,5 миллион турист келген. Бул сандар деле жаман эмес, бирок дээрлик көпчүлүгү мурдакы СССР өлкөлөрүнөн келгендер. Маселен, 2018-жылдын тогуз айында түндүк жана Латын Америка өлкөлөрүнөн келген кишилер болжолу 10 миңге чамалаган. Деген менен бул өткөн жылга салыштырганда 50 пайызга көп экен.

"Алыскы өлкөлөрдөн" туристтердин келишине чет элдик ММКлардын ролу чоң.

Өзбекстан эс алууга коопсуз, ошол эле учурда тарыхый жана экзотикалык өлкө эсепетелет. Lonely Planet аталаган саякаттоого багыт берген уюмдун иликтөөсү боюнча, 2019-жылдагы эс алууга эң мыкты өлкөлөрдүн рейтингинде Өзбекстан экинчи орунда аталды.

Өзбекстандын өкмөтү туризм тармагына олуттуу мамиле кылып жатат. Ылдам жүрө турган поезддерди алып келип, аба каттамдарын кеңейтип, ондогон өлкөлөргө онлайн режимде виза алуу маселесин жеңилдетти. Үч жүзгө чукул жаңы мейманканалар курулууда.

Бул жагы түшүнүктүү, туризмге каражат салуу менен президент Мирзиёев Улуу жибек жолу менен Өзбекстандын тарыхый байланыштарынан чоң пайда тапкысы келет. Ошондой эле "борборазиялык КЭДРдин" образынан арылууну көздөйт.

Медресе, метро жана 400 кг палоо

Би-Би-Си Ташкент метросун тасмага түшүрүүгө уруксат алган биринчи чет элдик ММК болуп калдыңар дешти бизге
Image caption Би-Би-Си Ташкент метросун тасмага түшүрүүгө уруксат алган биринчи чет элдик ММК болуп калдыңар дешти бизге

Ташкент Өзбекстандын негизги туристтик багыты болуп эсептелбегени менен мага ислам менен советтик архитектуранын айкалышы кызык көрүндү. Өзгөчө Чорсу базары жана метро станция.

Ташкент метросун тасмага түшүрүүгө уруксат алган биринчи чет элдик ММК болуп калдыңар дешти бизге. Курандын байыркы кол жазмасынын көчүрмөсү сакталган Хаст-Имам диний комплексин тартып алууга дагы уруксат алдык. Өзбекстанда зыяратчылык туризми тууралуу дагы сөз болуп жатат.

Бирок туристтер бул аймактан Wi-Fi таба алышпайт жана банк карточкаларын колдоно алышпайт. Эң ири акча бирдиги 50 миңдик купюраны салып алып, өзүңүздү убактылуу гана бардар киши сезе аласыз. Анткени бул алты гана доллар.

Үч тонна палоо

Миркомиль Махмудов
Image caption Ашпоз Нуркамил Махмудов 400 килограмм күрүчтөн аш басып жатат

Ташкентке барганыбызда улуттук сыймыгы болгон палоо тууралуу кеңири билүүгө мүмкүн болду. Ашпоз Нуркамил Махмудов "Палоо борборунда" 21 жылдан бери аш басат.

Бүгүн биз майрамга карата жасалган 400 килограмм күрүч басылган ашты ашпоз менен бирге аралаштырып жатабыз. Казандын кеңдиги 2,6 метрдей бар. Нуркамил казанга койдун этин салып, артынан басылган сабизди салды.

"Үйдө палоо деле кылбайбыз, ушул жердеги эле жетет",-деп тамашалай сүйлөдү казандагы этти кызарта кууруп жаткан ашпоз. Эң соңунда чучук жана жумуртка кошуп, палоону кооздоп коюшат.

Палоону даярдаганга төрт саат убакыт кетти. Бирок аны кардарларга бир эле саатта сатып бүтүштү. "Палоо борборго" жергиликтүү тургундардан сырткары Казакстан менен Орусиядан келген туристтер көп.

Бухара

Бухарадагы Калян мечитинин мунарасынан тартылган сүрөт
Image caption Бухарадагы Калян мечитинин мунарасынан тартылган сүрөт

Баш калаа Ташкенттин аба майданына учуп чыкканыбызда коюу туман каптап турду. Көп өтпөй эле "Улуу жибек жолунун жүрөгүнө" келип кондук. Бухаранын бүтүндөй борбордук тарыхый бөлүгү ЮНЕСКОнун дүйнөлүк баалуу мурастар тизмесине кирген. Эмне үчүн экени түшүнүктүү.

"Саякат боюнча багыттамадагы Өзбекстан ушул эле",-деп жиберди кесиптештеримдин бири.

Абдулазиз-хандын медресеси - Бухарадагы тарыхый жана архитектуралык эстелик саналган жүздөгөн диний имараттардын бири.
Image caption Абдулазиз-хандын медресеси - Бухарадагы тарыхый жана архитектуралык эстелик саналган жүздөгөн диний имараттардын бири.
Магоки-Аттари мечити бүтүндөй Борбор Азиядагы эң байыркы мечиттердин бири болушу мүмкүн.
Image caption Магоки-Аттари мечити бүтүндөй Борбор Азиядагы эң байыркы мечиттердин бири болушу мүмкүн.

Бухарада туристтер дагы көптөй сезилди. Биз бул жерде Германиядан, Мексикадан жана Британиядан келген туристтерди кезиктирдик.

Бухаранын борбору ажайып жер экен. Бирок байыркы архитектуралык эстеликтерге жасалган мамиле көңүл түшүрөт.

Магоки-Аттари мечити бүтүндөй Борбор Азиядагы эң байыркы мечиттердин бири болушу мүмкүн. Ислам маданиятындагы сакталып калган сейрек эстеликтердин бири. Анын бир бөлүгүндө зороастризм жана иудей мурастары дагы бар. Азыр эми бул жай килем музейи болуп калган.

Бухара
Бухарада жергиликтүү музыкант Жалол бизге түрдүү аспаптарды ойноп берди.
Image caption Бухарада жергиликтүү музыкант Жалол бизге түрдүү аспаптарды ойноп берди

Магоки-Аттариге жакын жердеги (XVI жана XVIII кылымга таандык) архитектуралык казуулар жүргөн аймакта балдар ойноп жүрөт.

Бухара туристтерди күтүүдө: он жыл мурун 50 мейманкана болсо, азыр алардын саны 150.

Эгерде туристтердин агымы күчөсө, Өзбекстан Кубанын жолу менен бара алабы? Массалык туризм шаарды кандай кылып өзгөртөт?

осмо

Карапайым кишилер кандай жашап жатты экен? Кеңири айтылып жаткан экономикалык реформалар жашоо-турмушуна таасирин тийгизип жатты бекен? Бирок жергиликтүү тургундар бир ооздон эле "баары жакшы" деп жооп беришет. "Баары жакшы боло баштады. Экономика гүлдөп жатат. Биз көптөгөн туристтердин келишин каалайбыз. Бирок мурда деле жаман эмес эле".

Тургундар азыркы дагы, мурунку дагы президентти капа кылгысы келбегендей туюлат экен.

"Ак алтын"

"Карасаң, бош жаткан бир метр дагы жер жок, баарына пахта эгишиптир",-деп Максимге.

Адам укугу жаатында иш алып барган Human Rights Watch уюму ырастагандай, 2017-жылы мамлекеттик мекемелердеги миллионго чукул кишини талаада иштөөгө мажбурлашкан. Сүрөт журналист жана укук коргоочу Тимур Карповго таандык. 2018-жылдын октябры.
Image caption Адам укугу жаатында иш алып барган Human Rights Watch уюму ырастагандай, 2017-жылы мамлекеттик мекемелердеги миллионго чукул кишини талаада иштөөгө мажбурлашкан. Сүрөт журналист жана укук коргоочу Тимур Карповго таандык. 2018-жылдын октябры

Өзбекстандагы талаштуу темалардын бири ушул эмеспи - "ак алтын" жыйноодо мажбурлап эмгекке тартуу.

Биз түшүм жыйноо кызуу жүрүп жаткан учурда бардык. Коштоп жүргөндөрдүн бирине талаада иштеп жаткан кишилерди тартып алуу үчүн токтоп турууну сурандым. Ал сылык гана "токтогонго ыңгайлуу жер издеп жатканын" айтты. Бирок "ыңгайлуу жер" табылган жок.

Азыркы президент коомчулукка кайрылуу жасап, мажбурлап ишке тартууну токтото турганын билдиргени менен, өлкөнүн көп аймактарында мындай практика дале уланып жатат дейт укук коргоочулар.

Адам укугу жаатында иш алып барган Human Rights Watch уюмунун өкүлдөрү 2017-жылы миллионго чукул киши мабурлоо жолу менен пахта талаасында иштегенин белгилейт.

Өзбек бийлиги пахта терүү үчун мажбурлагандарга чара көрүп жатабыз деп ишендирүүдө. Сүрөт журналист жана укук коргоочу Тимур Карповго таандык.
Image caption Өзбек бийлиги пахта терүү үчун мажбурлагандарга чара көрүп жатабыз деп ишендирүүдө. Сүрөт журналист жана укук коргоочу Тимур Карповго таандык

Ташкентке барганда фотожурналист жана укук коргоочу Тимур Карпов менен жолукканга мүмкүн болду. Ал ушул жылдын октябрь айында тарткан сүрөттөрүн көрсөттү. Анда пахта талаасында иштеп жүргөн кишилер, көбүнчө аялдар тартылган. Сүрөттүн автору булар мугалимдер дейт.

Мен бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча комитеттинин жетекчи орун басарынын милдетин аткарып жаткан Улугбек Касимходжаевден сурадым.

"Чара көрүлүп жатат жана президент [Мирзиёев]: "Биринчи кезекте адам укугу" деп айткан".

Касимходжаев мажбурлап ишке тартуу тыйылбай жатканын, бирок мындайга жол бергени үчүн чиновниктер кызматынан алынганын учурлар бар экени айтты.

"Москва бир күндө курулган эмес да,- деди министр орун басары. - Жергиликтүү бийлик ушундай иш ыкмасына көнүп алган. Азыр эми Билим берүү министри мугалимдердин даттанууларын кабыл алуу үчүн атайын сайт ачты".

Улугбек Касимходжаев
Image caption Туризмди өнүктүрүү боюнча комитеттинин жетекчи орун басарынын милдетин аткарып жаткан Улугбек Касимходжаев

Мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы боюнча сурап калдым.

"Мына ушул фактынын өзү, Би-би-си кабарчысы мамлекеттик мекемеде туруп, министрлер кабинетинин мүчөсүнөн интервью алып жатканы - сөз эркиндиги жакшы жагына өзгөрүп жатканынан кабар берет. Эки жыл мурун ушундай болорун элестете да албайт элем".

Журналист жана укук коргоочу Тимур чиновниктин сөз эркиндиги боюнча айткандары күлкү келерлик дейт. Анын айтымында, өзү журналист катары бир нече ирет камакка алынган. Эсебинен дагы жаңылып калды.

Bukhara
Image caption Өзбекстанда 300гө чукул мейманкана курулуп жатат. Бухарада конок үйлөрүнүн саны соңку он жылда эки эсе көбөйдү.

"Мындай болот, бизди бир эки саат кармашат дагы камераларыбызды алып коюшат. Алар биздин ишибизге азыр деле тоскоолду ккылып жатышат. Болгону азыр сабашпайт, ашыкча ызы-чуудан качышат".

Тимурдун айтымында, жергиликтүү тургундар дагы өкмөттүн иш-аракеттерине баа берүүдөн чочулайт. (AbA)

Самарканд, Регистан аянты
Image caption Самарканд, Регистан аянты

***