Аллергия. Андан эмнеге көп кыйналып жатабыз?
- Александра Сантос
- Лондондогу Королдук коллеж

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Соңку убакта дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө балдар аллергиянын ар кандай көп түрлөрүнөн жабыркап жатышат. Кунжут кошулган нан менен арахиске аллергиясы бар эки баланын каза болушу бул маселенин көйгөйүн кайра көтөрдү. Австралияда алты жаштагы кыз августта сүт азыктарына болгон реакциядан көз жумду.
Аллергия айрыкча Батыш өлкөлөрүндө көп болуп жатат. Британияда азыркы учурда тамак-аш аллергиясынан балдардын жети пайызы жабыркайт, Австралияда - тогуз пайыз. Европада аллергиядан чоң кишилердин эки пайызы жабыркайт.
Аллергендин кыпындай бөлүгү да жан кыйнаган реакцияга алып келиши мүмкүн, ошондуктан аллергиктер жана алардын үй-бүлөсү дайыма коркуп жашайт.
Аллергия эмне үчүн мындай кеңири тарап жаткан себебин биз азыр так айта албайбыз, бирок окумуштуулар бул феноменге каршы күрөштүн ыкмаларын издеп жатышат.

Сүрөттүн булагы, FAMILY HANDOUT/PA WIRE
Британдык Наташа Эднан-Лаперуз кунжут кошулган нанды жегенден кийин каза болду деп жатышат.
Аллергия кантип пайда болот?
Аллергия - бул биздин организмдин кээ бир заттарга карата курч реакциясы. Мындай заттар аллерген деп аталат.
Аллергендер аллергиялык реакцияга алып келет. Дене кызарып, кычышып, кээде куску келип, диарея болуп, дем алуу кыйындап же анафилактикалык шок сыяктуу симптомдор пайда болот.
Балдарды аллергия кылган эң белгилүү аллергендер:
- сүт
- жумуртка
- арахис
- жаңгактар (грек жаңгагы, кедр миндалы, пекандар)
- кунжут
- балык
- рак түрлөрү жана моллюскалар
Аллергия эң көп кайда тараган?
Аллергия менен оорулар соңку жыйырма жылда кескин күчөдү, бул өзгөчө өнүккөн өлкөлөрдө көп байкалат. Анын өсүү көрсөткүчү конкреттүү өлкөгө жана анын жашоочуларынын диетасына жараша болот.
Мисалы, Британияда 1995 жана 2016-жылдардын ортосунда аллергияган жабыркагандар беш эсе өсүп кеткен. Лондондогу королдук коллеждин изилдөөсүнө катышкан үч жаштагы бир жарым миң баланын 2,5% арахистен аллергия болору аныкталган.
Аллергиядан эң көп жабыркаган Австралиянын калкы. Бир изилдөөгө караганда, бир жашка чейинки австралиялык балдардын 90% жумурткага аллергия болору, 3% арахиске аллергия экени аныкталган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бул өсүш - биздин аллергияны жакшы изилдеп, диагностика кылып жатканыбыздын эле натыйжасы эмес.
Аллергия жана кээ бир азыктарга сезимдин дүүлүгүп турушу - бул айлана чөйрөнүн өзгөчөлүгү жана батыш жашоо образынан келип чыккан натыйжа.
Биз өнүгүп бара жаткан өлкөлөрдө аллергия сейрек учурай турганын жакшы билебиз. Ошондой эле аллергиялык реакция айылга караганда шаар жеринде көп.
Муну абанын булганышы, диета жана шаар тургундарын курчаган микробдор аз экени менен түшүндүрсө болот. Мунун баары биздин иммундук системага таасир этпей койбойт.
Түпкүлүктүү калкка караганда мигранттар астма менен тамак-аш аллергиясына көп чалдыгат. Бул ар бир жердин өзүнүн жашоо шартынын маанисин дагы бир жолу баса көрсөтөт.
Болжолдуу себептери
Биздин планетанын калкы эмне үчүн аллергиядан жабыркап жатканы жөнүндө суроого так кесе жооп жок. Бирок бир нече илимий теория бар.
Анын бири боюнча өнүккөн өлкөлөрдөгү тазалык күнөөлүү: балдар бактериалдык инфекцияларга сейрек чалдыгат, алардын организминде зыяндуу микробдор менен паразиттер аз.
Биздин организмде паразиттерге каршы ошол эле аллергиялык реакцияларга жооптуу механизмдер күрөшөт. Биздин организмде паразиттер аз болуп калганда, иммундук система организм үчүн коркунуч келтирбеген субстанцияларга реакция жасай баштайт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дагы бир теория боюнча витамин D биздин иммундук системага дүүлүктүргүчтөргө туура реакция иштеп чыкканга жардам берет, демек бизди аллергиядан куткарат. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө адамдар бул витаминди жетиштүү албайт, мунун себеби күн астына көп чыкпагандан дагы болот.
Эгерде адам ымыркай кезинде эле аллергия чакырган тамактар менен азыктанса, анын иммундук системасы бара-бара туура реакция жасап калат.
Мунун себеби, биздин ашказаныбыздагы иммундук системанын компоненттери бактерияларга жана тамак сыяктуу башка субстанцияларга чыдамдуу болот.
Лондондогу Королдук коллеж жүргүзүп жаткан LEAP изилдөөлөрү ушул идеяга негизделген.
Бул изилдөөлөр башынан эле арахис жеп баштаган беш жаштагы баланын буга болгон аллергиясы болжол менен 80% азайганын көрсөттү. АКШда бул изилдөөлөр балдарга арахис берүүдө өкмөттүк сунуштарды кайра карап чыкканга негиз болуп жатат. Бирок Британияда ата-энелерге балага арахис бергенден мурун дарыгер менен кеңешип көрүү сунуш кылынууда.
Адам фактору
Британдык аллергик өспүрүмдөрдүн өлүмү аллергиянын жайылышы олуттуу коомдук көйгөй болуп баратканын ырастап жатат.
Азыркы учурда тамак-аш аллергиясына даба болгон дары жок. Аллергия чакырган азыктарды жебей жашасаңыз гана жаныңыз калат, ошол эле убакта туура эмес нерсени жеп алганда иче турган дары жаныңызда болушу керек.
Аллергияны диагностика кылуу дагы өтө татаал иш. Тамак-аш аллергиясын текшерүүнүн негизги ыкмасы - оорулууга потенциалдуу аллергенди аз-аздан көбөйтүп берип, медициналык байкоо салып, реакцияны текшерип туруу керек.
Бирок бул ыкма балдар үчүн өтө оор жана аллергиялык реакцияны күчөтүп жибериши да мүмкүн. Ал эми иммундук системанын реакциясын ченеп туруу, бала сак-саламат болсо да, туура эмес натыйжаларды бериши мүмкүн.
Королдук колледжде башка бир жакшыраак жолун табышты: кандын анализин алуу арахиске аллергияны текшерүүнүн мурдагыларга караганда жакшы ыкмасы болуп чыкты.
Текшерүүнүн бул түрү балдарда тамак-аш аллергиясынын 90% таап чыкканга мүмкүнчүлүк берүүдө.
Бирок ооруну табуу ийгиликтүү болгон учурда дагы аллергенден кутулуу оңой болбойт, кээде кокустан реакция болуп кетет.
Иммунотерапия (аллергенди аз өлчөмдө колдонуу) аллергендерге сезимталдыкты төмөндөтөт жана байкабай жеп алган учурда андан көп кыйналбайт.

Сүрөттүн булагы, Thinkstock
Жакында бул ыкманы эксперимент түрүндө текшерип көрүштү. Ага катышкан арахиске аллергиясы бар адамдардын 67% бир жылдык терапиядан кийин эки жаңгактын эквивалентин жегенден кыйналбай калышты. Контролдук топто мындайлар 4% эле болгон.
Бирок баары бир алардын баары аллергиктер.
Азыркы учурда тамак-аш аллергиясына каршы күрөшүүнүн башка ыкмалары изилденип жатат.
Жаңы жакшы ыкмалары табылмайынча, аллергия стресске алып келип, балдар менен алардын ата-энелеринин жашоосун азапка сала бермекчи.
Макала жөнүндө
Бул макаланы Би-Би-Синин тапшырмасы боюнча Лондондогу королдук коллеждин педиатрия факультетинин улук лектору, доктор Александра Сантос жазды.