Сегиз жаштагы видеоблогер YouTube аркылуу 22 млн доллар иштеп тапты

YouTube каналы аркылуу оюнчуктарга баяндама жасаган сегиз жаштагы америкалык блогер өткөн жылы 22 млн доллар иштеп тапты.

Сүрөттүн автордук укугу YouTube
Image caption Райандын ата-энеси оюнчуктарга видео баяндаманы дээрлик күн сайын чыгарышат

Forbes эсеби боюнча, Райан жана анын Ryan ToysReview каналы YouTube сайтынын буга чейинки лидери Жейк Полдон 500 миң доллар көп иштеп тапкан.

Үчүнчү орунда Dude Perfect каналы жайгашып, алар бир жылда 20 млн доллар пайда көргөн.

Райандын ата-энеси оюнчуктарга видео баяндаманы дээрлик күн сайын чыгарышат. Айталы, ушундай блогдордун бири үч эле күндө миллионго жакын көрүлүп, кийин 17 млн жетти.

Өткөн жылга салыштырганда, Райандын кирешеси эки эсеге көбөйдү. Анан калса, сегиз гана жашта болгондуктан салык да төлөбөйт, юристтер, агент үчүн деп айылык дагы бербейт.

NBC телеканалынын эмне үчүн сени балдар көп көрөт деген суроосуна: "Анткени мен шайыр жана күлкүлүүмүн",-деп жооп берген Райан.

Райандын ата-энеси каналга катталган 2015-жылдан бери видеолор дээрлик 26 миллиард ирет көрүлгөн. Каналдын катталган кишилер саны - 17,3 млн.

Forbes маалыматына караганда, анын иштеп тапкан каражаттарынын белгилүү өлчөмү (21 млн доллар) ролик учурунда кеткен жарнамалардан түшөт. Калгандары демөөрчүлөрдүн долбоорлору.

Райан азыр кичинекей бала болгондуктан, иштеп тапкан каражаттын 15% банктагы атайын эсепке барып түшүп турат. Аны 18 жашка чыккандан кийин алат.

YouTube каналынан акча иштеп тапкан Райан сыяктуу бир топ бала бар. Өткөн жылы Minecraft оюнчуктарын көрсөткөн Дэниел Миддлтон 16,5 миллион доллар иштеп тапкан. Бул жылы ал төртүнчү орунда. (AbA)

Тектеш темалар