Помпейден табылган жылкынын калдыгы чоң сырды чечеби?

Байыркы Помпей шаары жайгашкан аймактагы археологиялык казуу маалында жылкынын калдыктары табылды. Окумуштуулар бул табылга өтө баалуу экенин айтууда.

Үч ат тең таза кандуу тукумдан аргындашкан жылкылар болгон. Алардын көлөмүнө карап, эр-токумдарындагы темирдин, колонун сапатына карап ушундай тыянак чыгарганга болот

Сүрөттүн булагы, EPA/CESARE ABBATE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Үч ат тең таза кандуу тукумдан аргындашкан жылкылар болгон. Алардын көлөмүнө карап, эр-токумдарындагы темирдин, колонун сапатына карап ушундай тыянак чыгарганга болот

Болжолу жылкыга араба чегилип, жолго камданышкандай дейт изилдөөчүлөр. Кыязы, бул калдык байыркы Помпей шаарындагы б.з.ч. 79-жылы болгон Везувий вулканы атылган учурга туура келет. Жанар тоонун козголушу шаарды жер менен жексен кылган.

Археологдор римдик жогорку даражадагы аскер кол башчынын вилласын казып жатып, жылкынын калдыгын таап алышты.

2018-жылдын мартында археологиялык казуунун биринчи фазасы башталганда жем салган акырлар табылган эле. Ошондо эле жылкынын сөөктөрү чыккан дейт "Помпей" археологиялык паркынын директору Массимо Осанна.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Табылган калдыктарга окумуштуулар жаткан жеринде эле гипс куюп жатышат

"Сырдуу Вилланы" казып жаткан археологдор жүзүмдөн шарап жасаган буюмду жана очок табышкан. Казуунун экинчи фазасы июль айында башталды. Жыйынтыгында аткананы толук ачышты. Жалпысы үч жылкынын сөөгү чыкты. Ошондой эле согушка колдонулган аттардын жыгач жана күмүш чапталган ээр-токумдары табылган.

"Үч ат тең таза кандуу тукумдан аргындашкан жылкылар болгон. Алардын көлөмүнө карап, эр-токумдарындагы темирдин, колонун сапатына карап ушундай тыянак чыгарганга болот",-дейт Осанна.

Массимо Осаннанын айтымында, жылкылар вулкандан кийинки күл сапырылган абадан дем алалбай мүрт кетишкен. Жылкылар Везувия вулканы учурундагы уулуу газдан жана от чачкан ысыктан өлүшү да мүмкүн.

Везувия вулканынан кийинки ысык лава, күл сапырылган түтүн бир мөөнөттөй убакыттын ичинде эле шаарды каптаган. Көптөгөн кишилер жана жаныбарлар дароо эле мүрт кеткен.

Сүрөттүн булагы, EPA

Табылган калдыктарга окумуштуулар жаткан жеринде эле гипс куюп жатышат. XIX кылымдагы мындай технологиянын жардамы аркылуу Помпей тургундары өлүм алдында кандай болгонун элестетүү көрүүгө болот.

Ушундай эле жол менен окумуштуулар табылган жаныбарлардын калдыктарын дагы гипс аркылуу иштеп жатышат. Буга чейин иттин калдыгы табылып, анын тиштери, моюнундагы каргысы дагы жакшы сакталганы аныкталган.

Сүрөттүн булагы, BBC/At Land Productions/Lion TV/Caterina Turroni

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Табылган калдыктарга окумуштуулар жаткан жеринде эле гипс куюп жатышат. XIX кылымдагы мындай технологиянын жардамы аркылуу Помпей тургундары өлүм алдында кандай болгонун элестетүү көрүүгө болот

"Сырдуу Вилладан" табылган эки жылкынын калдыктарына дагы гипс куюшканы тууралуу National Geographic журналы жазып чыккан. Үчүнчү жылкынын калдыгы мародерлор тарабынан бузулуп кеткени белгилүү болду. (AbA)