Түркия Трамптын коркутууларына жооп кайтарды

Fighters from the Kurdish women's protection units in northern Syria Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Сириядагы Күрддөрдүн элдик кошууну өлкөнүн отуз пайызын көзөмөлдөйт

АКШнын президенти Трамп "твиттер" баракчасына Түркия Сириядагы күрд күчтөрүнө каршы аскердик операцияларын баштаса, Анкаранын "экономикасын талкалайм" деп жазган. Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглу Трамптын сөзүн сынга алып, стратегиялык өнөктөштөр кайчылаш пикир жараткан маселелерди коомдук медиа аркылуу талкууга албашы керек деп жооп кайтарды.

Ошондой эле министр Түркия АКШнын коркутууларына карабастан, өз аракеттеринен баш тартпайт деп кошумчалады.

АКШнын лидери Трамп менен Түркиянын президенти Эрдоган дүйшөмбү күнү телефон аркылуу Сириядагы абалды талкуулашканы дагы маалымдалууда. Эки лидер Сириянын түндүгүндө "коопсуз зона" түзүү боюнча сөз кылышты.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Түркия колдогон күчтөр Сириянын түндүгүндө күрд куралчандарга каршы чабуулга даярданып жатат

Президент Трамп Түркиянын тынчсыздануусун эске алып, чогуу иш алып барууну көздөп турганын, бирок өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топко каршы күрөш жүргүзгөн күрддөргө жана оппозиция кыймылына каршы аскердик аракеттер катачылык болот деп айтканы кабарланууда.

Буга чейин АКШ лидери "твиттерге" күрд күчтөрүн дагы чагымчыл кадамдарга барбагыла деп үндөгөн.

Кошмо Штаттарынын аскерлери Сирияда күрд күчтөрү менен бирге өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ менен күрөш жүргүзгөн.

Түркия болсо Сириядагы Күрддөрдүн элдик кошууну (YPG) менен Күрд жумушчулар партиясын (PKK) террордук топ катары санайт. Президент Эрдоган бул топторду колдогону үчүн АКШны сындап келген.

Президент Трамп 19-декабрда аскерлерибиз Сириядан "кайтып келет, алар азыр кайтып келет" деп жар салганы менен январь айында Сириядан аскерлерин чыгаруу боюнча шарттарын айткан.

Вашингтон Сириянын түндүгүндөгү күрд күчтөрүнүн коопсуздугуна Анкарадан кепилдик талап кылып жана өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ өлкөдө толугу менен жок кылынганына ынангандан кийин гана аскерлерин чыгармай болду.

Учурда АКШнын мамлекеттик катчысы бул жана башка маселелерди талкуулоо үчүн Жакынкы Чыгыш мамлекеттерин кыдырып жүрөт.

Сирияда АКШнын канча аскери бар?

Сирияда америкалык эки миңден ашуун жоокер бар экени айтылууда. Бирок бул сан мындан да көп болушу ыктымал.

Алар өлкөнүн түндүк-чыгышынан орун алып, куралдуу оппозиция менен бирге "ИМ" согушкерлерине каршы операцияларды өткөрдү.

АКШнын жөө аскерлери Сирияга 2015-жылы мурдагы президент Обаманын буйругу менен келген. Анда АКШнын атайын күчтөрү кеңешчи катары күрд куралчандарына жардам берген. Күрд күчтөрү өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топко туруштук берип, экстремисттер менен натыйжалуу күрөштү.

Андан бери АКШ аскерлеринин саны көбөйүп, Сириянын түндүк-чыгыш тарабында авиабазалар дагы курулган. (AT)

Тема боюнча башка макалалар