Путин менен Эрдоган Сирия маселесин талкуулайт

Путин менен Эрдоган Сүрөттүн автордук укугу EPA

Түркиянын президенти Эрдоган бүгүн Москвага келип, Орусиянын лидери Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Түркия менен Орусиянын мамилеси соңку жылдары жакшырып жатат. Мамлекеттик Анадолу агенттиги 2018-жылы Эрдоган менен Путин 25 жолу телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, жети жолу бетме-бет жолукканын маалымдады. Бирок эки тарап Сирия маселесинде кайчылаш пикирде.

АКШ Сириядан аскерлерин чыгаруу боюна чечим кабыл алгандан кийин, Анкара менен Москва мунаса таба алабы деген суроо жаралууда.

Буга чейин Трамп менен Эрдоган телефон аркылуу Сириядагы абалды талкуулап, өлкөнүн түндүгүндө "коопсуз зона" түзүү боюнча сөз кылышкан. Анкара америкалык аскерлердин Сириядан чыгып кетүүсү Орусия, Иран менен бирге координацияланышы керек экенин айтууда.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Путин, Эрдоган жана Роухани 2018-жылы апрель айында Сириядагы абал боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн

Москва менен Анкара жакын өнөктөштөргө айланабы?

2015-жылы Түркия Орусиянын аскердик учагын атып түшүргөндөн кийин эки өлкөнүн мамилеси салкындап, кайра жакшы нукка бурулган. Буга Анкаранын Сирия президентине каршылыгын токтотуп, фокусту күрд куралчандарга бурганы да себеп болду.

Москва менен Анкара 2016-жылдан бери Сирия боюнча бир нече аракеттерди ишке ашырды. Алардын бири "Астана сүйлөшүүлөрү" болду. Ага Сириядагы чоң оюнчулардын бири, Иран дагы катышкан.

2018-жылы Орусия, Иран жана Түркия Идлиб провинциясын башка аймактардан келген козголоңчуларды кабыл алган зона катары тааныган. Анкара бул провинциянын коопсуздук боюнча кепили катары чыккан.

Түркиядагы "Хүрриет" басылмасы Эрдоган менен Путиндин сүйлөшүүлөрүнө "дүйнөлүк коом көз салып турганын" жазды. Ал эми өкмөткө байланышы бар саясий талдоочулар "Анкара менен Москва мамилесин бекемдеп, аймактагы көйгөйлөрдү чечүүгө кудурети жетет" деп айтууда.

Анткен менен Орусиянын өзүндө Путин менен Эрдогандын жолугушуусу тууралуу чоң жаңылык деле чыккан жок. Бул өлкөнүн медиа агенттиктери Путиндин Сербияга болгон сапары жана Жапониянын премьер-министри менен жолугушуусу тууралуу жазууда.

Орус талдоочулардын айтымында, Вашингтон Сирияда туруктуу өнөктөш болбогондуктан, Түркия аргасыз Москвага жакындап жатат.

Москвадагы сүйлөшүүлөрдө кайсы маселелер көтөрүлөт?

Негизи эки тарап Анкаранын Сириянын түндүгүндөгү аскердик аракеттерин талкууга алышат. Түркия 30 чакырым коопсуз зонаны түзүү, аймактагы "террордук топтор" менен күрөшүү маселесин көтөрөт.

Ошондой эле Түркиянын аскердик операцияларына Орусиянын аба күчтөрүн тартуу боюнча да сөздөр болот.

Манбиж шаарында Орусиянын аскерлери күрд куралчандар менен бирге күзөткө чыгып жатат деген маалыматка Анкараны кабатыр болгон. Түркия мунун чын-калпын да тактайт.

АКШ өз аскерлерин Сириядан чыгарып кеткенден кийин, Түркия өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топко каршы күрөштү улантабыз деп убада берген. Бирок аны ишке ашыруу үчүн Орусиянын ролу абдан маанилүү экени калетсиз. (AT)

Тектеш темалар