Өзбекстан: Азиядагы эң терең үңкүрдө кайып болгон киши

Мындан жарым кылымдай мурун Өзбекстандын тоо арасындагы алыскы кыштагында кургакчылык болуп, айыл тургуну Мустафакул Зокиров суу издеп чыгып, дайынсыз жоголгон.

Гиссар тоо кыркалары Сүрөттүн автордук укугу Yulia Ustinova
Image caption Гиссар тоо кыркалары

Анын кайып болуп кеткен окуясы кийин чоң ачылыштын себеби болду. Ошондон бери Улуу Жибек жолундагы байыркы шаарлары, мелтиреген талаалары менен таанылган өлкөгө геолог чалгынчылар магниттей эле тартылат.

Бул ачылыш - Азиядагы эң терең үңкүр Бай-Булак эле. Анын тереңдиги 1415 метр. Өзбекстандагы тоолуу аймактар тууралуу көп маалыматтарды билбейбиз. Бай-Булак үңкүрү жайгашкан өлкөнүн түштүгүндөгү Гиссар тоо кыркалары дагы мына ушундай сыры ачылбаган жерлердин бири.

Азиядагы эң терең үңкүр Бай-Булак. Анын тереңдиги 1415 метр Сүрөттүн автордук укугу Yulia Ustinova
Image caption Азиядагы эң терең үңкүр Бай-Булак. Анын тереңдиги 1415 метр

Аймакка баруунун өзү эле оңой эмес. Советтик эски УАЗ унаасы менен эң четки кыштак Дехиболого чейин жети саат жылаңач аскалуу тоо боорундагы татаал жол менен жүрүүгө туура келет.

Жүрөгүң оозуңа кептелген кооптуу жерлерден өтөсүн. Бир тарабың жылаңач аска, булут баскан чокулар, бир тарабың капчыгай. Жан кулактын учунда, айдоочу бир эле жаза басчу болсо, бүткөнүң ошол...

"Бул жол менен кышында дагы, ал эмес түндөсү дагы жүрөм. Ар бир бурулушу, ташы мага тааныш. Ошон үчүн денеңерди бош коюп, эки жакты карап суктанып кете бергиле",-деп мактана сүйлөдү айдоочу жигит.

Советтик эски УАЗ унаасы менен эң четки кыштак Дехиболого чейин жети саат жылаңач аскалуу тоо боорундагы татаал жол менен жүрүүгө туура келет Сүрөттүн автордук укугу Marat Nadjibaev/BBC
Image caption Советтик эски УАЗ унаасы менен эң четки кыштак Дехиболого чейин жети саат жылаңач аскалуу тоо боорундагы татаал жол менен жүрүүгө туура келет

Дехиболо кыштагы деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте жайгашкан. Биздин узак жолубуз ушул айылдан бүтөт. Кышында калың кар түшкөндө кыштак дээрлик сырт дүйнө менен байланышсыз калат экен. Тургундар тиричиликке керектүү нерселердин көбүн өздөрү жасашат. Кийим-кече, дары, унду гана сырттан алып келишпесе, калган керектөөлөр өздөрүнөн чыгат. Балчылык кылып, жашылча-жемиштерди өстүрүп, негизги тиричилиги мал чарбачылыгы менен.

Таштак жерде бирдеме өстүрүштүн өзү жеткен мүшкүл
Image caption Таштак жерде бирдеме өстүрүштүн өзү жеткен мүшкүл

"Жашоо оор, балдарымдын баары кыштактан кетип, кичүүсү гана калган",-дейт 70 жаштагы Норхол эне.

деревенский мальчик

Үйлөр болсо асканы боорлоп салыныптыр. Таштак жерде бирдеме өстүрүштүн өзү жеткен мүшкүл болсо керек. Таштарды тазалап, жашылча эккенге жер даярдаштын өзүнө бир нече жылдар сарпталат.

Сууну болсо жакынкы жердеги булактардан ташып келишет, болбосо жамгырдан алышат. Ошондуктан көпкө чейин кургакчылык болгону өтө кооптуу.

Үйлөр болсо асканы боорлоп салыныптыр
Image caption Үйлөр болсо асканы боорлоп салыныптыр

1971-жылы кургакчылык болуп, булактар соолуп калган. Айылдагы жыгач уста, сегиз баланын атасы Мустафакул Зокиров суу табуу айласын издеп көрөт. Ал булак суулары бийик тоо арасындагы үңкүрдөн агып чыгарын билчү. Ал жерге төрт сааттык жол эле. Уулун ээрчитип, бир нече эшекке чаначтарды артынып, суу издеп жөнөп кеткен. Бай-Булакты көздөй сапар алышкан. Бирок өмүрүнүн акыркы сапарына чыкканын кайдан билсин. Бул окуя дүйнөдөгү чоң географиялык ачылыштын себеби болуп каларын ким ойлоптур.

женщины кишлака
Кыштакка жакын жердеги булак
Image caption Кыштакка жакын жердеги булак

Биз менен жолуккан анын небереси Шахобиддин чоң атасынын окуясы тууралуу айтып берди.

"Эшек менен өспүрүм уулун үңкүрдүн оозуна калтырып, өзү ичкери кирип кетиптир. Уулу түнү менен күтүп, келбеген соң айылдагыларга кабар кылат",-деп айтып берди Шахобиддин.

Шахобиддин
Image caption Шахобиддин чоң атасы менен сыймыктанат

Кыштактагы алдуу-күчтүү жаштар үңкүргө бир нече ирет кирип, Мустафакулду таппай коюшкан. 14 жыл изи да табылган эмес. Кайып болуп кетти деп ойлошту.

1985-жылы кыштакка орус геологдору келип калат. Бул окуяны айылдагылардан угуп, геологдор Мустафакулду издөөгө киришет.

Эки жылдан кийин гана Бай-Булактагы терең үңкүрлөрдүн биринен анын сөөгү табылган. Анын сөөгүнүн жанында чырак жатыптыр.

Сөөктү издеп жүрүп геологдор Азиядагы эң терең үңкүрдү таап алышкан.

Дорога к Бой-Булоку Сүрөттүн автордук укугу Arnauld Malard
Дорога к Бой-Булоку Сүрөттүн автордук укугу Marat Nadjibaev/BBC

Биз дагы үңкүрдү оозуна чейин келдик. Күн 30 градус ысык болуп турганына карбай, үңкүрдөн муздак шамал келип турду.

Үңкүргө киргенде эле булак бар экен. Мустафакул издеп чыккан булак ушул болсо керек. Ошентип 50 жылдан бери бул жайга туристтер келе баштады. Бул жылы орус-француз жана швейцариялык экспедиция иш алып барат.

вход в Бой-Булок

"Биздин негизги максат эки чоң үңкүрдү байланыштырган өтмөктөрдү табуу. Бул дагы өзүнчө узун үңкүр болсо керек деп болжоп турабыз",-деди экспедиция жетекчиси Вадим Логинов.

Эгерде мындай болуп чыкса, анда дүйнөдөгү эң терең үңкүр өзүнчө бир чоң ситема болуп калмакчы. Мындай тапшырманы аткаруу оңой эмес деп кебин улады Вадим Логинов. Изилдөөчүлөр үңкүрдөн көл жана акккан сууну табышкан.

Биз швейцариялык жана француз изилдөөчүлөрүнүн тобу үңкүргө түшүп баратканын көрдүк Сүрөттүн автордук укугу Yann Auffret
Image caption Биз швейцариялык жана француз изилдөөчүлөрүнүн тобу үңкүргө түшүп баратканын көрдүк

"Тажрыйбасы жок киши бул жерден аман калышы кыйын", -деди окумуштуу.

Биз швейцариялык жана француз изилдөөчүлөрүнүн тобу үңкүргө түшүп баратканын көрдүк.

Лагерь международной группы спелеологов Сүрөттүн автордук укугу Yulia Ustinova
спелеологи в пещере Сүрөттүн автордук укугу Yann Auffret

"Мындай терең үңкүрдү дүйнөнүн бир дагы жеринен таппайсыңар",-дейт швейцариялык изилдөөчү Арно Малар.

Спуск в пещеру Сүрөттүн автордук укугу Arnaul Malard

Ошентип изилдөөчүлөр үңкүрлөр ортосундагы өтмөк, байланыштарды издеп жатышат. Кыштак тургундары үчүн геолог чалгынчылар дагы өзүнчө өтмөк сыяктуу. Анткени алар кыштакты бүтүн дүйнө менен байланыштырып жаткандай. (AbA)

Presentational white space

Макаланы даярдоого Бахтияр Имамов дагы көмөк көрсөттү.

Тектеш темалар