Илимий тыянак: "Араб жазы", согуш жана миграциянын себеби

Жер бетиндеги климаттын өзгөрүшү - катаал аба ырайы жана табигый кырсыктар менен гана чектелбейт дейт окумуштуулар.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption БУУнун соңку маалыматына таянсак, 5,6 млн сириялык өлкөдөн качып чыккан

Климаттын өзгөрүшү акыркы жылдардагы көптөгөн жаңжалдардын жана Европаны каптаган массалык миграциянын дагы себептеринин бири.

Мурда мындай пикирлер айрым солчул саясатчылар тарабынан айтылып, либералдык ММКларда жазылып келген эле. Эми болсо мунун формалдуу илимий тыянактары табылды.

Прикладдык системалуу анализ боюнча эл аралык институттун окумуштуулары атайын изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Ага ылайык, жаңжалдардын, массалык миграциянын өсүп жатканы менен климаттык өзгөрүүлөр ортосунда байланыш бар. Жарыяланган изилдөөгө таянсак, климаттык өзгөрүүлөр - 2010-2012-жылдардагы Тунистеги, Ливандагы, Йемендеги жана башка өлкөлөрдөгү элдик толкундоолордун, "араб жазынын" себептеринин бири.

Сириядагы кырдаалды мисал катары келтиришкен. Бул өлкөдө башталган ыңкылап жарандык согушка өсүп жетип, азырга чейин оту өчпөй жатат. Жүз миңдеген кишилер мерт болуп, шаарлар талкаланды.

Бул окуялардын алдында аймакта күн катуу ысыган. Кургачылык болуп, суу тартышытыгы жаралат. Бир нече жыл жакшы түшүм болбой, айыл калкы массалык түрдө шаарга агылган.

Аргасыз шаарлашуунун арты чоң кыйынчылыктарды жаратты. Айталы, шаарда турак-жай жетишпей, жумушсуздук күчөдү. Ага улай эле баалар кымбаттап, калк арасындагы нааразылыктар күчөдү. Арты келип саясий каршылашуудан бүт өлкө согуштун кучагында калып, миллиондогон кишилерге качкынга айланды.

2018-жылдын ноябрына карата БУУнун соңку маалыматына таянсак, 5,6 млн сириялык өлкөдөн качып чыккан. Болжолу 6 млн чамалуусу өлкө ичинде жер которууга аргасыз болду.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Бирок окумуштуулар климаттык өзгөрүүлөр менен массалык миграциянын ортосундагы байланышты кыйыр түрдө деп белгилеп жатышат

Изилдөөдө ушуга окшогон эле кырдаал дал ошол маалда африкалык өлкөлөрдө дагы өнүккөнү көрсөтүлөт.

Бүгүнкү күндө коомчулуктун климаттык өзгөрүүлөр менен миграция ортосундагы эч кандай байланышты көрбөгөнү кабатыр кылат дейт окумуштуулар. Анткен менен экөөнүн ортосундагы байланыш ачык эле көрүнүп турат.

Бул байланышты аныктоо үчүн изилдөөчүлөр комплекстүү ыкманы колдонушкан. Алды менен 2006-2015-жылдар аралыгындагы дүйнөдөгү 157 өлкөдөн башпаанек сурап кайрылгандарды иликтеп чыгышкан. Андан кийин качкындар көп келген өлкөлөрдөгү климаттык абал изилденген. Андан кийин хронологиялык динамикалык моделин түзүшкөн.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
"Сапар": Глобалдык климаттын өзгөрүүсү

Бирок окумуштуулар климаттык өзгөрүүлөр менен массалык миграциянын ортосундагы байланышты кыйыр түрдө деп белгилеп жатышат.

"Климаттык өзгөрүүлөр сөзсүз эле жаңжалга же миграциянын күчөшүнө алып келбейт,-деп түшүндүрөт иликтөө авторлорунун бири, Вена экономика жана бизнес университетинин өкүлү Креспо Куаресма. - Бирок начар мамлекеттик башкаруунун жана демократиянын ортозар деңгээлинин шартында климаттык өзгөрүүлөр дагы чектелүү ресурстар үчүн болгон күрөштү, жаңжалдарды жаратышы мүмкүн". (AbA)

Прикладдык системалуу анализ боюнча эл аралык институт Австрияда жайгашкан. Дүйнө жүзүндөгү алдыңкы окумуштуулардын башын бириктирген, таасирдүү илмий изилдөө борбору саналат.

Институт 1970-жылдары АКШ жана СССР тарабынан негизделип, экология, экономика, социалдык чөйрөдөгү көйгөлөрдү биргелешип изилдөө максаты болгон. Андан бери көптөгөн өлклөр кошулду, анын ичинде Улуу Британия, Германия, Израил, Китай жана Украина бар.

Тектеш темалар