Ленинград блокадаcы: сандар жана саясат

Ленинград блокадаcы - Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхындагы белгилүү окуялардын бири. Бул тууралуу тасмалар тартылып, илимий жана көркөм адабияттар жайнап чыккан. Бирок дээрлик бардык пикирлерде "ленинграддыктардын ачкачылыктан массалык кырылышынан качууга мүмкүн болгон эмес" деп айтылат.

Сүрөттүн автордук укугу TASS

2015-жылы орусиялык жеке менчик "Дождь" телеканалы кишилерди куткаруу үчүн Ленинград багынып берсе болбойт беле деген суроо салды. Бирок "Дождь" деле мурдагы эле айтылып жүргөн пикирлерден оолак кете алган эмес.

Көз карандысыз изилдөөчү Марк Солонин Би-Би-Си менен маегинде совет бийлиги башкача аракеттенгенде курмандыктардын саны алда канча аз болмок деген пикирин билдирди.


Марк Солонин кесиби инженер-конструктор, 1980-жылдан тарта Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу иликтөөлөрдүн автору катары таанылган. Анын эмгектери Москва, Подольск жана Фрайбургдагы архивдерге негизделген. 2016-жылдан тарта Эстонияда жашайт.

Анын китептери Орусияда, Польшада, Эстонияда, Литвада жана башка бир топ өлкөлөрдө басылып чыккан.

Солонин өз иликтөөлөрүндө мурдагы советтик идеологиядан башкача пикирлерди айтып келет. Айталы, 1941-жылы советтик армиянын жеңилип калганын - вермахтын аскер кубатынан эмес, армиядагы массалык дезертирлик жана армиянын ыдырашынан деп эсептейт.

Солониндин эмгектерин айрымдар "илимий эрдик" катары бааласа, "каралоо" деп сынга алгандар дагы көп.

Анын блокада боюнча изилдөөлөрүнө шилтеме кылган окумуштуулардын бири "Орусиянын тарыхы. ХХ кылым" деген эки томдук эмгектин автору Андрей Зубов болгон. 2010-жылы Кремлге жан таркан "Наши" кыймылы "тарыхты бурмалагандардын" тизмесин түзүп, ага Солонинди, Зубовду, ошондой эле диссидент Владимир Буковскийди жана укук коргоочу Валерия Новодворскаяны киргизишкен.


Би-Би-Си: Сиздин божомолуңуз боюнча, эгерде камсыздоо жагын жакшы жолго койгондо, ачкачылыктын алдын алууга болот беле ?

Марк Солонин: Менимче, башында тактап алыш керек, шаарды кимдир бирөө камсыздады беле. Эгерде ошондой болсо качан жана кайсыл учурга чейин? Жоопту табуу татаал деле эмес, буга эч кандай жашыруун архивдер деле керектелбейт, болгону каалоо гана керек. Башынан баштайлы. Коюлган тапшырмалар. "Кызыл Армия аргасыз артка чегинген учурда душманга эч бир киллограмм да нан жана күйүүчү май калтырбасын" деген тапшырманы өлкөнүн жогорку жетекчилиги койгон эмес беле.

1941-жылдын 3-июлундагы Сталиндин сүйлөгөн сөзүн көп жолу мисал келтиришип, белгилүү сөз болуп калган. "Душманга калтырбаш керек..." Сүйлөмгө маани бергиле (жолдош Сталин жөн эле сүйлөй берген эмес).

Сталин нан даярдоо боюнча чоң адис болгон. 1928-жылдагы "нан үчүн күрөшкө" катышкан. Кулакка тартуу боюнча токтолбой эле койсом болот. Ал оккупацияланган аймактагы табылган нерсенин баарын немистер өзүнө ташып кетет деп бекем ишенген.

Эгерде оккупацияланган аймакта калган жайкын тургундар жашап кеткен болсо, анда 41-жылдагы тополоң учурунда Сталиндин буйругу аткарылбай калган үчүн десе болот.

Жардырганга үлгүрбөй калган көпүрөлөр, авиабензин сакталган кампалар калып жатканда "килограмм нан" жөнүндө эмне деп айтуу керек.


Ленинград блокадаcы

  • Ленинград блокадаcы 1941-жылдын 8-сентябрынан башталып, шаар 872 күн камалоодо турган.
  • Бул мезгил аралыгында ар кандай маалыматтар боюнча 400 миңден 1,5 миллионго чейин киши набыт болгон. Алардын аз гана бөлүгү бомба жана артилериялык аткылоодон каза тапса, дээрлик көпчүлүгү ачкачылыктан көз жумган.
  • Камалоону 1943-жылы гана бузушкан. Бирок анын толук алуу үчүн шаар тургундарына дагы бир жыл - 1944-жылдын 27-январына чейин күтүүгө туура келген.
  • 1,5 млн чукул киши "Ленинградды коргогону үчүн" деген медалы менен сыйланган.

Күзгө таяп тартип орной баштады, фронттун айрым участкаларында душмандын чабуулунун мизин кайтарууга жана душманга калтырылган аймактардагы инфраструктураны масштабдуу жок кылууга мүмкүн болгон. Айталы, советтик Карелиянын борбору Петрозаводск шаарын Кызыл Армия калтырып, артка чегингенде шаарды дээрлик талкалап кетишкен.

Ленинградды дагы ушуга даярдашкан: бул тууралуу миллиондогон нуска менен басылган маршал Жуковдун мемуарларынан окуса болот.

Ленинград көчөлөрүндөгү ачкачылыктан өлгөн кишилердин сөөктөрү 1941-жылдын ноябрында пайда боло баштаган. Бул учурда Зоя Космодемьянская жана анын куралдаштары Ставканын № 0428-буйругун аткарып, немис аскер күчтөрүнүн тылына жакын жерлердеги орус кыштактарына өрт коюп же өрттөп салуу аракетин кылып жүрүшкөн.

Жыйынтыгында бийлик, мындайча айтканда "өзүнүкүн" - мамлекеттик резервдин кампаларындагыларды алып чыгып кетүү менен чектелди.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ачкачылыктан 600 миң ленинграддык набыт болгон

Би-Би-Си: Кантип эле блокаданын босогосунда Ленинграддан азык-түлүктөрдү чыгарып кетишсин?

Марк Солонин: Сизди эмне таң калтырып жатат? А эмне Ленинград башка өлкөнүн карамагында беле? Сталиндин буйругунун ага тиешеси болбой коймок беле? 30-августта вермахтын 3-танкалык бөлүгүнүн 20-жөө аскер дивизиясы Москвага барчу темир жолду кесип, Мга станциясын басып алат. 8-сентябрда немистер Шлиссельбургду басып алып, Ленинграддын кургактагы жолдорунун баары бөгөлүп калган.

Фронттогу кырдаалдан улам Ставка Ленинград дагы башка шаарлар - Минск, Смоленск, Рига жана бир аптадан кийин Киевдеги, Харьков, Одесса сыяктуу тагдырга туш болот деп ойлогон. Ошондуктан Ленинграддан чыгарып кетүүгө мүмкүн болгон нерселерди күчөгөн темп менен ташып башташкан.

"Ленинграддан тез аранын ичинде азык-түлүктү чыгарып башташкан. Немистер шаарды камалоого даярдык көрсө, а биз аны тапшырууга даярдык көрдүк. Немистер темир жолду бууп салгандан кийин гана азык-түлүктү эвакуациялоо токтоду",-деп эскерет блокаданы жашаган күбөлөрдүн бири академик Дмитрий Лихачев.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Блокадалык 125 грамм"

Ооба, жарандык кишинин айткандары эч нерсенин далили эмес деп айтса болот. Бирок Ленинград мамлекеттик материалдык резервдер аймактык башкармалыгынын жетекчиси жолдош Горчаковдун докладдык каттарында: согуштун алдында кампаларда жана базаларда 146 миң тонна ун жана дан, 37 миң тонна кумшекер жана 195 млн рублга бааланган "башка азык-түлүк товарлары" сакталганы айтылат.

Сырттан эч нерсе ташылып келбеген күндө дагы, муну менен Ленинград фронтун жана тургундарын үч ай толук камсыз кылса болмок. Ал эми эптеп жан сактоо үчүн киргизилген норма менен эсептегенде, жарым жыл жан сактоого мүмкүн эле.

Жыйынтыгында, 1941-жылдын 26-сентябрында камалоого алынган шаарда 20 миң тонна гана ун бар эле.

Шаардагы азык-түлүк запасынын көбү 1941-жылдын 8-10-сентябрындагы немистердин аба чабуулунан улам жок болгон деп айтылат. Бирок анда 3 миң тонна ун жана 2,5 миң тонна кумшекер жок болгон. Ундун миң тоннасын жана кумшекердин 900 тоннасын кайра тазалап алышкан. Бизге түшүнүктүү болгон себептерден улам, Ленинграддагы азык-түлүктүн ташылып кеткени боюнча согуштан кийин айтылган эмес.

Бирок 1958-жылы жарыяланган "Блокададагы Ленинград" деген документтер жыйнагында, кыязы көз жаздымда калса керек, сентябрдын ортосунда кумшекер өндүрүшү боюнча башкы башкармалыктын Ленинграддагы бөлүмүнө келген көрсөтмөсү чыгып кеткен. Анда бир нече вагон кумшекерди Вологдага чыгарып кетүү тууралуу айтылган. Ошол маалда Ленинград курчоодо турган эле.

Сүрөттүн автордук укугу TASS
Image caption Ачкачылыктан арып азган кишилер сууну дагы чакалап ташып ичкен

Жыйнактын түзүүчүлөрү фронттогу кырдаал канчалык тез өзгөрүп турганын бергиси келген. Биз үчүн мунун мааниси башкада: эгерде камалоо бир нече кун мурун башталып кетпесе, анда чыгарып кетишмек беле?

Би-Би-Си: Сталиндин Ленинграддагы адамдык жоготуулар боюнча маалыматы болгону менен, ал шаардын элине эмес, материалдык байлыкка көңүл бурду беле?

Марк Солонин: 29-августта Ленинграддагы заводдордон жабдыктарды чыгарып кетүү боюнча план бекитилген. Ага ылайык, он күндүн ичинде 12313 вагон чыгышты көздөй кетмек. План бекитилгенден кийин эле жабдыктарга толгон 2200 вагон даяр турган болчу. Бирок эмне себептен бул вагондор Ленинграддан чыгып кетпегени белгисиз болуп калды. 1941-жылы 4-октябрда Сталин Ленинграддын шаардык жетекчилери Андрей Жданов жана Алексей Кузнецов менен радио байланышка чыгып, жабдыктарды чыгарып кетүү боюнча буйрук берген. Завод техникалары Ладога көлү аркылуу чыгарылмак. Иш дароо башталган. Колдо абдан көп кемелер бар эле. Түндүк-батыш дарыя кеме мекемеси, Ленинград областтык, Ладога аскердик флотилиясы, "Ленрыба" кеме мекемеси бар эле. 1941-жылы алардын бирөөсүндө эле миңден ашуун кеме же 420 миң тонна жүк жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар болчу. 1940-жылы бул мекемелер 3,4 млн тонна жүк ташыган. Бирок 1941-жылы август айында көп сандагы кемелер азайып, жок боло баштады. Алардын көбү "Ленинграддын тургундарын батышты көздөй эвакуациялоо" үчүн колдонулган деп айтылат. Бирок эмнеге алар кайтып келген жок? Бул саясаттан улам Ленинградда 116 эле кеме калган. 1941-жылы 30-августта Ленинградга жүзгө чукул кеме жөнөтүү боюнча чечим чыккан. Бирок ал кагаз бетинде эле калган.

Сүрөттүн автордук укугу TASS

Би-Би-Си: Канча кишиге азык-түлүк жеткирүү керек эле?

Марк Солонин: Согушка чейин Ленинграддын калкы 3,19 миллион киши болчу. Согуштун алдында 150 миңдей эркек армияга чакырылган. Темир жол байланышы үзүлө электе шаардан 220 миң жаш бала, 164 миң жумушчу жана 105 миң башка тургундар эвакуацияланган. Бирок Ленинградка жакын аймактарды немистер басып алганда, Псков жана Новгород областтарынан 148 миң киши шаарга качып киргени расмий булактарда айтылат.

Ленинградда так канча киши калганын нанга берилген талондордун саны менен аныктаса болот. Ал учурда 2,544 миллион тургунга талон берилген. Ал эми аскерлердин саны 350 миңге жеткен. Демек, шаарда болжолуу 2,9 миллион же үч миллионго жакын тургун блокадада калган.

Би-Би-Си: Канча азык-түлүк керек эле?

Марк Солонин: Ошол доордогу орустардын тамактануу маданиятын эске алганда (нан, сүт, каша, картөшкө, эт жана балык), күнүнө бир же бир жарым килограмм азык-түлүк керектелчү. Бирок адам аман калуу үчүн организмге күнүнө 800 грамм нан жетиштүү. Согуш учурунда жумушчуларга дал ушундай көлөмдөгү нан талон аркылуу таратылган. Демек, тургундарга сапаттуу нан жеткирүү үчүн күнүнө 1,5 миң тонна ун керек эле. Кемелер күнүнө 300-400 тонна жүк жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу. 10-12 кеме жетиштүү азык-түлүк, ок-дары жана мунай жеткире алмак.

Би-Би-Си: Жеткирилген ун туура бөлүштүрүлдү беле?

Марк Солонин: "Блокададагы Ленинград" жыйнагында шаарга болжолдуу 45 миң тонна же күнүнө 800 тонна ун жана дан жеткирилгени жазылган. Андан тышкары аскерлерге күнүнө 510 тонна ун жеткирилген, анын ичинен 170 тонна жоокерлерге, 310 тонна тургундарга таратылганы жазылган.

20-ноябрдан тарта ленинграддардыктарга күнүнө "125 грамм" ун таратылганы маалым. Бул маалымат шаарга 180 тонна ун жеткирилди дегенди билдирет. Бул жерде жашоочулардын көбүнө 250 грамм ун талон менен таратылганын белгилей кетиш керек. Бирок анда дагы статистика дал келбей жатат.

Демек, Ленинградга жеткирилген ундун көлөмү кыйла аз болгон же жүздөгөн тонна ун белгисиз жерге кетип жаткан.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ушундай унаалар "өмүр жолунда" иштешкен

Би-Би-Си: Анын кесепетинен улам ачарчылык каптады...

Марк Солонин: Декабрь айында 53 миң киши каза тапты, январда 102 миң, февралда 108 миң тургун набыт болду. 19-декабрдан 1-мартка чейин 261 миң кишинин сөөгү жана 9207 көзү тирүү, бирок кан-сөөлү жок, алсыраган киши көчөлөрдө табылган. Кышында "этин колдонуу үчүн киши өлтүрүү" фактысы боюнча 886 киши камакка алынган.

22-ноябрда "өмүр жолу" же Ладога көлү тоңгон учурда муз аркылуу Ленинградга жүк келе баштаган. Тогуз күндүн ичинде 800 тонна жүк жеткирилген. Бирок Жаңы жылга чейин "өмүр жолуна" да жакшы көңүл бурулган эмес. 29-декабрда гана Ленфронттун аскердик кеңеши "өмүр жолу абдан маанилүү" деген тыянак чыгаргандан соң, Андрей Жданов атайын кайрылуу жасап, тез арада жүк ташыган унаалар жана мунай табылган. Кааласа бул көйгөйдү оңой эле чечип коюшмак.

1942-жылы 22-январда гана Ленинграддан бардык тургундарды чыгарып кетүү чечими кабыл алынган. Ага чейин Ладога көлү тоңгондо 36 миң киши шаардан чыгып кетүүгө жетишкен. 22-январдан 15-апрелге чейин (муз эригенге чейин) Ленинграддан 554 миң киши эвакуацияланган. Демек, "Блокаданын 900 күнү" - пропагандалык ураан. Ленинграддын жашоочуларын 900 күн эмес, ачарчылык каптаган 90 күн эле кырып салды: ноябрь, декабрь менен январь.

Үч айдан кийин да ленинграддыктар кырыла берди. Март айында 99 миң, апрелде 80 миң, майда 53 миң, июнда 34 миң, июлда 18 миң жана августта 9 миң киши каза тапты. Алардын көбү Ленинграддан чыгып кеткенден кийин өлгөн. Себеби алиментардык дистрофия оор илдет. Ашказан, бөйрөктөр иштебей калып, организм ууланат.

Би-Би-Си: Эмнеге орчундуу делген үч айга көңүл бурулбай калган? Сталин "тартипке" өзгөчө көңүл бурчу эмес беле?

Марк Солонин: 1945-жылы 24-майда Кремлдин Георгиев залында 25 тост көтөрүлгөн. Анын биринде дагы согушта каза болгондор эскерилген эмес. Сиздин сурооңузга жооп ушул. Карапайым элди сактап калуу Сталиндин негизги максаттарына кирген эмес. Согуш учурунда калкты аман алып калуудан башка маанилүү маселелер чыкты. Нацисттик күчтөр сентябрдын аягында Ленинград, андан ары Москваны көздөй танк дивизияларын жана авиациясын жөнөткөн. Бул кадамды анализдеп туруп, чечим кабыл алуу керек эле. Күчтөрдү, техниканы Ленинграддан чыгарып кетпестен, тескерисинче транспорттук агымдын баарын шаарга буруш керек эле. Бирок мындай чечимдер Сталиндин гана буйругу менен кабыл алынган. 1941-жылы Сталин Ленинградды ойлогон эмес. Ал эми көйгөйдү түшүнгөндө, камоодо калган эле миңдеген тонна азык-түлүк асмандан түшө калган эмес, анын баарын өлкөнүн борбордук райондорунан ташып жеткирүү керек болчу. (AbA\AT)

Редакциядан: Би-Би-Синин орус кызматына чыккан макаланы айрым кыскартуулар менен сунушталды. Макала Ленинград блокаддасы тууралуу альтернативалуу көз карашты чагылдырат. Өткөн согуштун окуяларына сый-урмат кылбай коюу максатыбыз жок. Макалада айтылгандар редакциянын көз карашын чагылдырбайт.

Тектеш темалар