Доклад: Ууруларга ыңгайлуу болгон популярдуу жаңы автоунаалар

Керектөөчүлөрдүн укугун коргогон британдык Which? уюму соңку докладында жүздөгөн популярдуу автоунаа үлгүлөрүнүн кемчиликтерин айтып чыкты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption aguar i-Pace тесттен ишенимдүү өткөн

Айрым унаалар уурулардын "ачкычы жок айдап качуусуна" мүмкүндүк берип коет дейт уюмдун адистери. Бул чиптин жардамы менен жүргөн унаалар.

Уюм түшүндүргөндөй, мындай маселе популярдуу болгон Ford Fiesta, Volkswagen Golf, Nissan Qashqai жана Ford Focus үлгүлөрүндө бар.

Уурулар автоунаанын электорондук коргонуу системасын бузуу үчүн көп учурда ноутбук жана компьютердин айрым үлгүлөрүн колдонушат.

Ошол эле учурда британдык "Автоунаа өндүрүүчүлөр жана автодилерлер" (SMTT) уюму жаңы унаалардын коопсуздук чаралары мурда болуп көрбөгөндөй бекем корголгонун белгиледи.

Which? уюму "Немис автоунаа клубунун" (ADAC) маалыматтарына таянып, анализ жүргүзгөн. ADAC ачкычы жок чиптин жардамы менен от алган ар кандай үлгүдөгү 237 автоунааны тесттен өткөрүп, үч үлгүдөн башкасын ачып алганга болот деп тыянак чыгарат.

2018-жылы өндүрүштөн чыккан Discovery, Range Roverа жана Jaguar i-Pace тесттен ишенимдүү өткөн. Демек бул унааларды уурдай качууга мүмкүн эмес.

"Бир нече жылдан бери уурулар ачкычы жок от алган унааларды айдай качып жүрөт. Бирок өндүрүшчүлөр ушундай эле үлгүдөгү унаалардын кайра эле жаңысын чыгарат. Уурулардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтип гана жатышат",-деп билдирет Which? уюму.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Барган сайын унааларды технологиянын жардамы менен ыңгайлуу кылып жасап жатышат

Which? Magazine журналынын редактору Харри Роуз авто өндүрүшчүлөр бул маселеге олуттуу мамиле кылышы керек деп эсептейт.

Барган сайын унааларды технологиянын жардамы менен ыңгайлуу кылып жасап жатышат. Маселен, унаанын ээси ачкычы жакын жерде болсо, балким чөнтөктөн ачкычты чыгарып олтурбай эле колу менен унаасына тийип же колун жаңсап эле ачып алса болот.

Бирок унааны айдап качкан уурулар бул системаны атайын жабдыктардын жардамы менен оңой эле алдап кетип, ачып алган учурлары көп.

1990-жылга салыштырганда Улуу Британияда жана Европада унаа уурдап качуу кескин азайган эле. Бирок акыркы жылдары кайра күчөдү. Адистер буга унаанын ачкычы жок от алган системасын күнөөлөп жатышат.

SMTT жетекчиси Майк Хоуз авто өндүрүш тармагы бул маселеге өтө олуттуу карап жатканын айтты:

"Кылмышкерлер унааны айдап качуу үчүн ар дайым жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издешет. Бул күрөш узактан келе жатат. Ошондуктан өндүрүшчүлөр коргоо системасын жакшыртуу үчүн миллиарддаган каражаттарды сарпташат",-дейт ал. (AbA)