Австралияда унитазга жашынган жылан аялды чагып алды

Австралиянын 59 жаштагы жараны Хелен Ричардсты унитазга кирип алган питон чагып алды.

Сүрөттүн автордук укугу JASMINE ZELENY

Бул окуяны Хелен Ричардс жергиликтүү журналисттерге айтып берип жатып, "өтө катуу соккуну сезгенде тура качканын", жыланды алып чыгуу үчүн атайын адистерди чакырышканын билдирген.

Жарым метрдей питонду унитаздан сууруп чыгуу үчүн жылан кармаган Жасмин Зелени ысымдуу профессионал адис чакырылган экен. Ал жылан ысык аптаптан качып суу издеген учурда даратканга кирип аларын айтып берген.

Зелени питондун зыяны деле жок дейт. Ричардстын жараты коркунучтуу деле эмес.

"Тилекке каршы жылан кайра чыга албай калган. Унитазга Хелен олтурганда жылан коркуп кеткен",-деди адис.

Питондун бул түрү Австралиянын чыгыш жээктеринде кеңири жолугат. Бул жыландар уулуу эмес, бирок кишини чакканда сөзсүз селеймеге каршы прививка алышы керек.

Сүрөттүн автордук укугу JASMINE ZELENY
Image caption Питон ысыктан качып, суу издеп жүрүп даратканага кирип кетиши мүмкүн

Австралияда эки аптадан бери ысык аптап өкүм сүрүп, буга чейинки рекорддун баарын артка калтырды. Абанын температурасы Цельсия боюнча 47 градуска жетти.

Ысыктан жапайы жаныбарлардын бир нече түрү жабыркады. Жапайы аттардын, жарганат жана айрым балыктардын массалык кырылганы тууралуу маалыматтар бар.(AbA)

Тектеш темалар