Дүйнө калкы 10 млрд болгондо, кантип жан сактайбыз? Ресурстар жетиштүү болобу?

Окумуштуулар тобу калктын саламаттыгын бекемдеп, ошондой эле 10 млрд кишини камсыздай турган диетаны иштеп чыкканын айтууда.

продкутовый рынок Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Тамактануунун жаңы системасына керектелген азыктарды өндүрүүдө биздин планетага чоң зыян келбейт деп ынандырат изилдөөчүлөр.

Окумуштуулардын алдына оор тапшырма коюлган - алдыдагы ондогон жылдарда жарык дүйнөгө келе турган планетанын миллиардаган жаңы жашоочуларын кантип багабыз деген суроого жооп табуу керек эле.

Ар кайсыл өлкөдөн чогулган изилдөөчүлөр мунун үстүнөн баш катырышты. Анан бүткүл Жер планетасындагы адамзат үчүн тамак-аштын жаңы системасын сунуштап жатышат.

Мындай диета эт жана сүт азыктарын такыр эле чийип салбайт. Бирок биз күн сайын дасторконубуздан көрүп жүргөн тамак-аштан кескин айырмалуу.

Жымсалдабай түз эле айтканда, биз такыр эле жебеген же кээде эле даам сызып койгон азыктарды көп жешке туура келет.

Эмне өзгөрүү болот?

Эгерде күн сайын эт жеген болсоңуз, анда мындан баш тартууга туура келет. Окумуштуулар тарабынан сунушталган диета боюнча, көп эле дегенде аптасына же айына бир кесим эт гана жей алабыз.

Ошондой эле балык жана тоок эти кошулган тамактарды көбүрөөк жегенге сунуштар берилет. Белоктун белгилүү өлчөмүн өсүмдүк азыктарынан алабыз.

Окумуштуулар жаңгак жана буурчак азыктарына (төө буурчак, нокот ж.б.) артыкчылык берүүгө кеңешин айтат. Булар сиздин күндө жеген тамактарыңызга сөзсүз кошулуп турушу керек.

Мындан сырткары окумуштуулар крахмалы көп азыктарга дагы көңүл бурушкан. Айталы, картөшкө сыяктуу, ошондой эле тропикалык өсүмдүктөр.

Ошондо биз эмне жейбиз?

продукты

Күн сайын керектелүүчү азыктардын тизмеси:

1. Жаңгак - күнүнө 50 грамм

2. Төө буурчак, нокот, жасмык жана башка буурчак азыктары - күнүнө 75 грамм

3. Балык - күнүнө 28 грамм

4. Жумуртка - күнүнө 13 грамм,

5. Эт - күнүнө 14 грамм кызыл эт жана 29 грамм тоок эти,

6. Углеводдор - күнүнө 232 грамм кара нан жана күрүч, крахмалдуу жашылча-жемиштерден 50 грамм.

7. Сүт азыктары - күн сайын 250 грамм .

8. Жашылча (300 гр) жана мөмө-жемиштер (200 гр)

9. Ошондой эле диетага күнүнө 31 грамм кумшекер жана 50 грамм өсүмдүк майы кирген.

Өтө даамсыз тамак болобу?

тамак Сүрөттүн автордук укугу Molly Katzen
Image caption Сунушталган жаңы ыкма менен даярдалган тамактын тогуз түрү

Гарвард университетинин профессору Уолтер Вилет фермада туулуп өскөн. Бала кезден эле үч маал тамакка эт кошуп, жеп көнгөн элек дейт. Бирок жаңы тамактануу системасына бат эле көндүм деп, башкаларды жооткотууда.

Мындай ченем менен тамак жасап жегенде, ушул эле азыктарды миң түрдүү кылып өзгөртүп жасаса болорун, кеп чектөөлөрдө эмес, пайдалуу азыкта экенин белгилейт окумуштуу. Аны түрлөп жасап, тамшанып жесе деле болот.

Реалдуу жашоодо муну колдонууга мүмкүнбү?

Мындай планды ишке ашыруудагы эң чоң тоскоолдук - дүйнөнүн булуң-бурчунда жашагандардын баары ушундай диетаны бирдей кармануусу керектигинде. Бул өтө чоң мүшкүл эмеспи.

Европа жана Түндүк Америка тургундары этти колдонуудан кескин баш тартууга тийиш. Ал эми Чыгыш Азия жашоочулары мурда көп колдонгон балык азыктарын азайтуусу зарыл. Африкалыктар болсо крахмалдуу жашылчаларды колдонгонду кыскартышы керек.

"Тарыхта адамзат мындай масштабдуу жана тез ылдамдык менен тамактануу маданиятын өзгөртүүгө аракет кылган бир дагы учур болгон эмес",- дейт изилдөөчү Лайн Гордон.

"Бул фантазиябы же жокпу айтуу кыйын. Эгерде бул фантазия болгон күндө деле жаман эмес... Азыркы дүйнөдө дал ошол мыкты каражаттарды кыялдана турган учур",-дейт ал.

Этти көп колдонгон өлкөлөрдө этке салык салынышы калкты ушундай адаттардан арылтуунун бир ыкмасы деп болжойт окумуштуулар.

Муну ким ойлоп тапты?

Тамактануунун жаңы системасын түрдүү өлкөдөн келген 37 окумуштуу иштеп чыкты. Алар EAT-Lancet комиссиясынын курамына кирип, арасында айыл чарба адистери, экологдор, климаттык өзгөрүүлөрдү иликтеп жүргөн адистер, врач-диетологдор жана башкалар бар.

Изилдөөчүлөр мунун үстүндө эки жыл иштешкен. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы Lancet журналына жарыяланды.

Эмне үчүн бул диета 10 млрд кишиге эсептелген?

Биздин планетанын калкы 2011-жылы 7 млрд кишиге жеткен. Азыр эми болжолу 7,7 миллиарддын тегерегинде.

Окумуштуулардын божомолу боюнча 2050-жылга барып, Жер шарынын калкы 10 млрд кишиге жетип, дагы өсүү үстүндө болот.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул диета жыл сайын планетадагы 11 млн кишинин өмүрүн сактап калмакчы.

Кеп туура эмес жана чала тамактануу айынан пайда болгон рак, жүрөк, кан-тамыр ооруларынан келген өлүмдү кыскартуу тууралуу жүрүүдө. Азыр бул илдеттер өнүккөн өлкөлөрдөгү өлүм-житимдин негизги себептеринин бири.


Айыл чарбасынын планетага тийгизген зыяны

Мэтта Макграта, экология боюнча Би-Би-Си баяндамачысы

Азыркы учурда парник газдарынын абага бүркүлүшүнүн төрттөн бири айыл чарбасына туура келет. Бул электрди өндүрүү, жылытуу, поезд, учак, унаалардан чыккан парник газдары менен барабар эле зыян алып келүү дегендик.

Айлана-чөйрөгө тамак-аш өндүрүшү канчалык таасирин тийгизип жатканын анализдегенде, орточо алганда, абага бүркүлгөн парник газдарынын 14,5-18% пайызы эт жана сүт азыктарын өндүрүүдөн чыгат.

Айыл чарба өндүрүшү атмосферага бүркүлгөн метан жана оксид, азоттун белгилүү бир бөлүгү үчүн жооптуу. Айыл чарбасы аммиактын абага чачылышынын дагы негизги булагы болуп эсептелет.

Ошондой эле айыл чарбасы жана тамак-аш өндүрүшү таза сууну эң көп керектеген тармак. Дүйнөдө колдонулган таза суунун 70 пайызы алардын керектөөсүнө кетет.

Presentational grey line

Тамактануунун жаңы системасы планетаны сактап кала алабы?

Изилдөөчүлөрдүн алдындагы негизги тапшырма - тамактануунун жаңы системасын табуу менен 10 млрд кишини азыктандырып, андан сырткары:

- климаттын өзгөрүшүнө таасир эткен парник газдарынын абага тарашын азайтуу;

- тукум курут болуп бараткан жаныбарлардын жана жок болуу коркунучундагы өсүмдүктөрдүн сакталышына таасир этүү;

- суу ресурстарын сактоо.

Бирок бул маселени чечүүгө жалгыз эле тамактануунун жаңы системасын ойлоп табуу жетиштүү эмес. (AbA)

*